Кыргызстан мусулмандарынын Мухаммед пайгамбарга карата тартылган карикатураларга каршы акциясы Максим Горький атындагы Бишкектеги сейил бакта өттү. Жалпысынан митингке 250гө чукул киши чогулган. Акциянын уюштуруучуларынын бири болуп парламент депутаты Турсунбай Бакир уулу эсептелинет.

Митингдин толук видео-трансляциясы:

Акция 20-январда Бишкектеги Горький атындагы сейил багында өттү. Акциянын өтүшүнө Париждеги сатиралык «Шарли Эбдо» журналына кол салынгандан кийин басылма тараптан Мухаммед пайгамбарга карата тартылган карикатуралардын чыгарылгандыгы себеп болду.

Skrinshot-20.01.2015-121059

Митинг болуп жаткан жерде жүргөн Kloop.kgнин кабарчысы Хлоя Гейненин айтымында, анда 250гө жакын киши чогулган. Акциянын катышуучулары колдоруна «Биз пайгамбарларыбызга карата карикатуралардын тартылышына каршыбыз» жана «Мен пайгамбарымды сүйөм» деген жазуулары бар плакаттарды кармап алышкан.

Дин таануучу жана саясий серепчи Кадыр Маликов «Шарли Эбдонун» пайгамбарга карата тартылган карикатуралары «чагымчыл» мүнөзгө ээ экенин билдирди.

«Журнал биздин сезимдерибизди кемсинтүү үчүн чагымчыл аракеттерди жасады. Биз үчүн пайгамбар кол тийгис, ыйык болуп эсептелет. Биз пайгамбарды коргошубуз керек. […] Дүйнө боюнча Мухаммед пайгамбарды коргоо акциялары өтүп жатат […] Биз ислам баалуулуктарын гана эмес, жалпы адамзаттык баалуулуктарды коргоп жатабыз», — деп билдирди ал.

Skrinshot-20.01.2015-130503

Анда сөз сүйлөгөндөрдүн бири Батышта тартылган тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салууну сунуштады — анын айтымында, алар «мусулмандардын сезимдерин кемсинтип жатышат».

Видео: Кадыр Маликовдун Kloop.kgге берген маеги:

Митингдин катышучуларынын алдында сөз сүйлөгөн Али Касымов Али Касымов Kloop.kgге берген маегинде «Шарли Эбдонун» редакциясына кол салууну айыптай тургандыгын, бирок аны менен катар алардын публикацияларын «чагымчыл аракет» деп атады.

«Мындай кабыл алуу керек — ыйыктардын ыйыгына сөз тийгизгендерди айыптоо керек, жек көрүү керек. Бирок аларды өлтүрүүгө барбоо керек», — деп билдирди ал.

Акциянын жүрүшүндө парламент депутаты Турсунбай Бакир улуу «Шарли Эбдо» журналыгын өлтүрүлгөн кызматкерлери «эч качан баатыр болбогондуктарын», а «адамдык абийирден төмөн» болгондуктарын айтты.

Skrinshot-20.01.2015-125852

«Биз ата-бабаларыбыз калтырган жол менен кетишибиз керек деп эсептейм. Бир жыныстуулардын үй-бүлө куруулары болбосун […] Бизге ислам баалуулуктары керек. Бизге эркек менен эркек, аял менен аялдын баш кошуусу кереги жок», — деп билдирди ал.

Бакир уулунун сүйлөгөнүнөн үзүндү жана Kloop.kgге берген маеги:

Бакир уулу президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жүргүзүп жаткандай саясат жүргүзөт деген үмүттө.

«Кадыров пайгамбар үчүн өз жанын бере тургандыгын айтты. Мейли мени, менин досумду кемсинтишсин, бирок менин пайгамбарымды эмес. Христиандар баалуулуктарын кемсинтүүлөргө көнүп калышкан, ошондуктан аларды коргошубуз керек. Мына пайгамбар тууралуу тасма тартышты эле ким биринчи каза болду. АКШнын Ливиядагы элчиси өлтүрүлдү. Сөз эркиндиги бар, бирок андан ашык кетпеш керек», — деп билдирди ал.