«Форбс» журналы Ольга Видишеваны 2014-жылдын мыкты жаш ишкерлеринин рейтингине киргизди. Кийимдер менен аксессуарларды саткан Shoptiques онлайн-дүкөнүнүн негиздөөчүсү Видишева жашоосунун алгачкы 15 жылын Кыргызстанда өткөргөн.

Бул видеодо орусча субтитрлер бар. Эгер алар көрүнбөсө Ютубдун плеериндеги СС баскычын басыңыздар.

Маектин кыргыз тилиндеги тексттик версиясы:

Баяндоо Бектур Искендердин атынан жүрөт.

Биз Оля экөөбүз бир класста эки жыл окуганбыз. 2001-жылы ал Орусияга көчүп кеткен, ошондон бери биз сегиз жыл бою көрүшкөн эмеспиз.

2009-жылы Оля Гарвард университетинин Бизнес мектебинде окуп жатканда жолукканбыз. Кечки тамактануу маалында аны менен жакынкы келечекке болгон пландарыбыз тууралуу маектешкенбиз. Дал ошондо мен анын азыркы Shoptiques сервисинин анчалык даяр эмес версиясы тууралуу биринчи жолу уккам.

Мектепте окуп жүргөн кезде биз келечекке болгон олуттуу профессионалдуу пландар тууралуу сүйлөшүүдөн өтө эле алыс болчубуз, бирок Олянын жалгыз бир сапаты бала кезинен бери сакталып калгандай — ал өзүнүн укмуштуудай кыялданууларын ишке ашыруунун алдында коркуу сезиминин жоктугу.

2009-жылга карата Оляда Нью-Йорктогу банк системасында иштөө тажрыйбасы бар болгон — а бул болсо жаман эмес акча иштеп табуу жана ар түрдүү шаарлар менен өлкөлөргө жумушчу сапарларда болуу. Бирок ал чыныгы каалаган нерсеси менен алектенүү үчүн мунун бардыгын тапшап салуудан корккон жок.

Өзүнүн кызыгуусунун өзгөчө комбинациясын — мода менен технологияларды — ал эч кандай көйгөйсүз эле 2012-жылы негизделген Shoptiques менен айкалыштыра алган. Анын сервиси Америка, Улуу Британия жана Франциянын 1000ге жакын бутиктеринин товарларын саткан ийгиликтүү кийимдер жана аксессуарлар онлайн-дүкөнүнө айланган.

Кийинки жолу биз 2014-жылдын күзүндө, Kloop.kgнин журналисттеринин командасы америкалык стартаптар тууралуу материалдардын сериясын тартуу үчүн барганда жолуктук.

Оляны жаңы — максатка умтулган жана өз күчүнөн күмөн санабаган бизнес-леди — амплуада көрүү мен үчүн жагымдуу, күтүлбөгөн белек болду. Нью-Йорктун бардык негизги принциптерине ылайык, Оля дароо эле маек курууга канча убактысы бар экенин айтты. Анын ансыз деле аз убактысын албоо үчүн биз маегибизди телефон менен сүйлөшкөн кызматкерлердин көп экендигинен улам бал челекти элестеткен Shoptiquesтин кеңсесинде эле жаздырып алдык.

БЕКТУР ИСКЕНДЕР: Бизге өзүңүздүн укмуштуудай окуяңызды айтып берсеңиз. Кантип башталды эле?

OЛЬГА ВИДИШЕВА: Бардыгы тең Парижде бут кийим сатып алууман башталган. Ал кезде мен Нью-Йоркто «Голдман Сакста» иштеп, көп саякат кылчумун.

Мен ар бир сапарымда кийим же бут кийим сатып алуу үчүн көчөлөрдү аралап, кандайдыр бир уникалдуу бутиктерди издеп тапчумун.

Ал жолкусунда мен Парижден аябагандай сонун туфли алып, Нью-Йоркко келгем. Анда мен банк секторунда иштечүмүн, анан күндөрдүн биринде түнкү саат экиде дагы бир нече ошондой туфли сатып алуу үчүн интернеттен ошол Париждеги дүкөндү издеп баштадым.

Мен ал дүкөндү таппай койдум! Ал интернетке чыгарылбаптыр. Анда аялзаты кыялданган көптөгөн кооз товарлар бар болчу, бирок алар интернетке чыгарылган эмес. Ошондуктан мен Америкада отуруп алып, анда эч нерсе сатып ала алган жокмун.

Эртеси мен аларга телефон чалып, бир нече туфли жөнөтө аласыңарбы деп сурадым. А алар болсо: «Эмне деп жатасыз? Бизде Америкага жеткирип берүү кызматы жок», дешти.

Мен үчүн бул таң калычтуу болду, түшүнүп атасыңарбы… Эшикте жыйырма биринчи кылым го!

Мен иштешкен чоң компаниялардын көпчүлүгү онлайн-стратегияга, интернетте аракет этүү пландарына ээ болчу.

Ошол эле маалда дүйнө жүзү боюнча каалаган товарын сатып, бирок аларды кардарларына кантип жеткирүү керектигин билбеген дүкөндөр канча.

Ошондуктан мен Гарвард бизнес мектебине тапшырганымда, экинчи курсту толугу менен кийим саткан адамдар менен сүйлөшүп өткөрдүм. Мен баарынан: «Силер эмнеге интернетте жоксуңар?», деп сурадым.

Анан акыры мен аларга бул жактан жардам берсе кандай болот деген чечимге келдим?

БЕКТУР: Бул ишти үч шаардан баштагансың да, бирок сенин өнөктөштүк дүкөндөрүң бүтүндөй Америкага тарагандай?

ОЛЬГА: Ооба, бүгүн биз Американын бардык 50 штатында, ошондой эле Лондон менен Парижде иштейбиз. Андан сырткары Австралия же Канада сыяктуу башка жактарга товар жеткирүүлөрдү уюштуруп жатабыз.

БЕКТУР: Мындан ары да кеңейүү пландарыңар барбы?

ОЛЬГА: Албетте! Эмдиги жылы биз башка европалык шаарларга кеңейүүнү пландап жатабыз. Биз ал жактарга товарларды жеткирип гана койбостон, ал жактардан өз товарларын биз аркылуу сата турган жаңы өнөктөштөрдү табууну да каалайбыз. Бүгүнкү күндө бизге көптөгөн кардарларыбыз жазып, кызыкдар экендиктерин билдирип жатышат, мисалы, Италиядан.  Адамдардын көбү Миланда соода кылууну каалашат, андыктан биз ошол шаарлардагы дүкөндөр менен кызматташууну каалайбыз.

Көпчүлүк үчүн Бали сыяктуу туристтик аймактар кызык, мүмкүн биз дагы ошол рынокко барабыз. Ошондуктан, ооба, биздин 2015-жылга карата башкы максатыбыз — андан ары эл аралык мейкиндикке чыгып, кеңейүү.

Бектур Искендер менен Ольга Видишева, Нью-Йорк, 2014-жыл
Бектур Искендер менен Ольга Видишева, Нью-Йорк, 2014-жыл

БЕКТУР: Силерде мода менен технологиялык стартаптын кызыктуу айкалышы болуп калыптыр. Бүгүнкү күндө мода индустриясы канчалык деңгээлде онлайн-кубулуштар менен жакшы байланышта деп ойлойсуң?

ОЛЬГА: Анча жакшы эмес. Сенин мисалы, NSV сыяктуу бренд менен канчалык деңгээлде жакшы тааныш экениңди билбейм. Алар Нью-Йорк мода жумалыгына байма-бай катышып турушат. Алар менен Карли Клосс же Коко Роша сыяктуу моделдер дайыма иштешишет. Бул дүйнө жүзүндө чындап атагы чыккан бренд. Алардын Соходо бутиги бар, бирок аларда электрондук коммерция таптакыр жок!

Ошондуктан биз аларга чыгып, өнөктөш болуп калдык. Биз үчүн бул чоң жеңиш, бирок мындан алар дагы эбегейсиз пайда алышат, анткени чынын айтканда, алардын ордуна бардык онлайн-сатуулар менен Shoptiques алектенет.

Мода индустриясы интернет-технолгиялардан абдан эле артта калууда. Биз өзүбүздү көбүнчө онлайн-маркет катары көрөбүз.

Биз өзүбүздү технология катары көрөбүз, анткени эмнени сатууну тандоо укугун биз дүкөндөрдүн өзүлөрүнө калтырабыз. Биз кардарлары абдан көп болгон укмуштуудай бир дүкөн табабыз да аларга: «Бизге эң жакшы товарларыңарды жибергиле», дейбиз. Алар эмнени саткылары келсе ошону тандашат, биз аларды сатуу үчүн технология менен камсыз кылабыз.

БЕКТУР: Сен «Y Combinator» инвестициялык долбооруна катышкансың. Сервистин пайда болушунда ал кандай роль ойноду? Деги эле идеянын пайда болушу менен долбоорду ишке ашыруунун ортосунда эмнелерди башыңан өткөрүүгө туура келди?

ОЛЬГА: Алгач, менде идея кардардын перспективасы менен калыптанды. Бирок кийинчерээк, Гарварддын Бизнес мектебинин экинчи курсунда окуп жатканымда болжол менен төмөндөгүдөй болгон бизнес-план жазгам: «Мына, чоң рынок бар. Мен ага кандайдыр бир жаңы нерсе алып келе аламбы? Анан да эмне себептен аны буга чейин эч ким алып келген эмес?»

Менде мындан чыныгы бизнес-үлгү чыгабы жокпу деген чоң кооптонуу болгон. Идея сонун угулат: интернет аркылуу Бали, Париж же Лос-Анжелестеги дүкөндөрдө соода кылса болот. Бирок бул идеядан акча жасаса болобу? Аны мультимиллиарддык долбоорго айлантууга болобу?

Гарвардды аяктагандан кийин ушул идеяларды негиз кылуу менен сайттын алгачкы бета-версиясын түздүм да бир эле мезгилде «Y Combinator» долбооруна катышуу үчүн билдирме жөнөттүм.

Ал долбоор менин бизнесимде негизги ролду ойноду. Мүмкүн мен ал идеямды ишке ашырмактырмын, бирок кыйла эле кичинекей масштабда болуп калмак. Анан мен «Y Combinator» өз катарына кабыл алган жогорку технология тармагынан эмес болгон алгачкы ойлоп табуучу болуп калдым, андыктан менин стартап тармагында пайда болушум бир аз кыжы-кужуларды пайда кылды.

Бирок, эң башкысы мен технологиялар тармагында тааныштар түйүнүн кеңейттим, анткени мен таптакыр башка дүйнөдөн, бизнес дүйнөсүнөн болчумун да.

Жыйынтыгында, «Y Combinator» мага бул сервисти өзүм каалагандай куруп берген команда табууга жардам берди. Менде идея бар болгону менен мага технология тармагында аткаруучулар керек болчу. Менде эң сонун тарбиячылар болгон.

Мен алар менен азыркыга чейин сүйлөшүп турам, баса, алар мага өз кеңештери менен жардам берип да турушат.

Видишеваны «Форбстун» рейтингине тандап алган калыстар тобунун арасында белгилүү модельер Томми Хилфигер да болгон.
Видишеваны «Форбстун» рейтингине тандап алган калыстар тобунун арасында белгилүү модельер Томми Хилфигер да болгон.

БЕКТУР: А идеяны ишке ашыруу үчүн алгачкы акчаларды кантип таптың?

ОЛЬГА: Мен өзүмдүн чогулткан акчаларыман баштагам, алар менен мен бета-версиясын түзүп, Индонезиядан инженерлерди жалдагам. Алгач, мага кийим саткан 25 дүкөн кошулган. Анда сайт жок болчу, ошондуктан алар менин идеяма ишенүүлөрү гана керек болчу.

«Y Combinator» долбооруна катышып жаткан маалда биз маалымат каражаттарында эң мыкты чагылдырылдык, анан күтүүсүздөн эле биздин алгачкы кардарларыбыз болгусу келген 12 миң кишиден турган кезек күтүү пайда болду.

Менин командам сайтты жакшыртканча мен «Y Combinatorдо» окуп, инвестициялык фонддордон алгачкы акча салууларды чогулта алдым: «Грэйлог», «Бенчмарк», «Эс-ви Эйнджел» жана «Андрисен Хоровитц» компаниялары акча салышты. Бизде каражат жагынан да, кеңеш жагынан да көмөктөшкөн эң сонун өнөктөштөрүбүз пайда болду. Алар азыркыга чейин эле масштабыбызды кеңейтүүгө жардам берип келишет.

Ошондуктан биздин жолубуз болду десем болот, биз бизнестин кыйла эле баштапкы баскычында индустриябызга буга чейин «Этси», «ОпенТэйбл» жана eBay сыяктуу сервистерге акча салган ири инвесторлорду тарта алдык.

БЕКТУР: Акцияларды фондулук рынокко жайгаштырууну пландап жатасыңарбы?

ОЛЬГА: Албетте, ооба. Биздин максат — мультимиллиарддык бизнес түзүү. Өткөн жылы «Этси» онлайн-дүкөнү миллиарддаган долларларды иштеп тапты жана адамдардын уникалдуу нерселерди жакшы көрө тургандыгы фактысы бизди абдан шыктандырды. Ооба, биз акцияларды жайгаштырууну каалайбыз.

РИНАТ ТУХВАТШИН: Силер миллиарддаган доллар өлчөмүндөгү жүгүртүмгө канчалык жакындадыңар?

OЛЬГА: Билесиңерби, сен андан эч качан алыс эмессиң. Сен дайыма андан бир гана кадам алыстыктасың.

БЕКТУР: Бирок акцияларды жайгаштыруу менен эң башында компанияга акча жумшаган адамдар менен бийликти бөлүшүүгө туура келет эмеспи. Буга канчалык деңгээлде даярсың?

ОЛЬГА: Бизде эң жакшы инвесторлор болгон, мен алардын өз сыйакыларын алышын каалайм. Анан да мен компаниянын ар бир кызматкери ийгиликте болуп, биздин бизнесте акча иштеп тапса дейм. Эгер биз акцияларды жайгаштырсак, ал бардыгыбыз үчүн тең эң бактылуу күн болот.

РИНАТ: А силерде ишиңер ордунан чыкпай калган учурлар болду беле?

ОЛЬГА: Албетте, күн сайын болот! Мен мында биз тестирлөөдөн өткөргөн, бирок биз ойлогондой болбой калган операциялык жаңы ыкмалар тууралуу айткым келүүдө. Биз аларды иштин ордунан чыкпай калышы катары эмес, а сабак катары карайбыз.

Мисалы, биз кайсыл бир учурда дүкөндөр өз товарларын өзүлөрү сүрөткө тарта алышат деген чечимге келгенбиз. Анан иштин ошондой ыкмасына өтүүнү чечтик, бирок дүкөндөрдүн көпчүлүгү өз товарларын жакшы кылып тарта албастыгын тез эле түшүндүк.

Биз мындан тез эле сабак алып, иштин ыкмасын өзгөрттүк. Ошондон бери биздин сайт аркылуу сатылган товардын бардыгын өзүбүз тартып калдык.

Бирок эгер сен стартапта каталарды кылбасаң, анда эч нерсеге үйрөнбөйсүң. Эгер сен иштөө ыкмасын өзгөртпөсөң, анда сен ордуңда эле калып, кимдир бирөө сенин рыноктогу ордуңду ээлеп калат.

БЕКТУР: Атаандаштык тууралуу сөз кылып калгандан кийин сурап коюш керек. Рынокто силердин өзүнчө бир уникалдуу позицияңар бар, бирок кандайдыр бир атаандаштар пайда болуп жатабы? Алар кимдер?

ОЛЬГА: Бир четинен биздин атаандаштар көп. Эгер Shoptiques сервисин пайдаланбасаң сен жылаңач калбайсың, ошондуктан биз кийим саткан башкалардан дайыма бир кадам алдыда болушубуз керек.

Биз дайыма «Этси» сервиси кандай иштей тургандыгына көз салып турабыз деп ойлойм — алар колдонуучулардын өзүлөрүнүн колунан жаралган уникалдуу нерселерди сатышат. Биз түздөн-түз атаандаш эмеспиз, бирок биз аларга өтө эле окшошуп кетебиз. Ошондуктан мен дайыма алардын эмне ойлоп таап жаткандыктарын байкап турам.

Бирок чынында бул тармакта биздин түздөн-түз атаандашыбыз жок, андыктан биздин бир аз жолубуз болду десек болот.

Кийим сатуу — оор бизнес. Кимдир бирөө сүрөткө тартуудан, башкалары операциялык маселелерден коркушат. А биз анын баары менен алектенгенди жакшы көрөбүз. Бүгүнкү күндө биз менен миңге жакын дүкөн иштейт жана алардын ар бири менен эксклюзивдүү келишимдер түзүлгөн. Андыктан биз келечектеги атаандаштарыбыздан кыйла эле алдыга озуп кеттик, бул тармакта бизди кубалап жетүү жаңы оюнчулар үчүн кыйын болот.

БЕКТУР: Силер азыр кирешелүүсүңөрбү?

ОЛЬГА: Ооба, мүмкүн биз жалгыз кирешелүү стартаптырбыз. Бул биз үчүн ишибиздин эң башында эле маанилүү болчу. Бул деген биз дайыма кирешелүү болобуз дегенди билдирбейт. Кирешелердин өсүшү менен команданы кармап турууга кеткен чыгымдар да көбөйөт, бирок бүгүн биз кирешедебиз.

БЕКТУР: Азырынча интернет-стартаптарды жетектеген кыздар анча деле көп эмес. Бул сага кайсыл жагынан жардам берди да, кайсыл жагынан тоскоолдук кылды? Ойлоп тапкыч кыз катары сага кандай мамиле кылышты?

ОЛЬГА: Чынын айтканда, өзгөчө деле роль ойногон жок. Чынында мен эгер эркек болсом мага кандай мамиле кылышмактыгын биле албайм… Бирок мен бала кезимен эле жынысына эч ким деле көңүл бурбаган чөйрөдө өскөм. А Америкада болсо мен кыздардын Уэлсли-колледжинде окугам. Анда дүйнөнү жакшы жакка өзгөртө ала турган лидер кыздардын муунун өстүрүп чыгарууга көп көңүл бурулат.

Мен «Голдман Сакста» жүргөнүмдө 99 кишиден турган командада жалгыз гана кыз болгом. Бирок мени анда деле аял катары эмес, а көбүнчө бизнес-өнөктөш катары кабыл алышчу.

«Y Combinatorдо» жүргөнүмдө да кыз экендигиме көңүл бурууларды сезген эмесмин. Мүмкүн негизинен программисттердин көбү эркек болгондуктан улам болсо керек, бирок анда кыз програмисттер деле катышышкан. Менин оюмча, анда биринчи кезекте мени сиңирген эмгегим менен ишим үчүн баалашчу. Анан дагы менин акцентим да бир аз жардам берди, анткени мен жайыраак сүйлөп, сөздөрдү тагыраак айтам. Менин кыз экениме караганда, мага ушул факты көбүрөөк жардам берди.

БЕКТУР: А сенин акцентиң кандай?

ОЛЬГА: Менде акцент бар. Мүмкүн силер байкабай жатсаңар керек, бирок менде бар.

БЕКТУР: Нью-Йорктук акцент тууралуу айткың келип атабы?

ОЛЬГА: Жок, жок, оручса акцент.

БЕКТУР: Аны таптакыр байкабай элем.

РИНАТ: А сен эмнеге Нью-Йоркко кайтып келдиң? Сен «Y Combinatorдо» Кремний өрөөнүндө окугансың да. Бизнести эмнеге дал Нью-Йоркто ачтың?

ОЛЬГА: Нью-Йоркту жакшы көрөм, мен мында аз эмес убакыт жашагам. Анан да Нью-Йоркто табууга мүмкүн болгон таланттардын калибри башка жерлердин баарында эле жеткиликтүү эмес. Биз жөн гана технологиялык компания эмеспиз да. Бизге моделдер, фотосүрөтчүлөр, сатуучулар, менеджерлер керек. А бул кесиптердин мыкты өкүлдөрү негизинен Нью-Йоркто көп болушат.

Ошондой эле мында баары тең эмгекти сүйүшөт. Мында башка эч жерде жок энергия бар жана мен аны абдан жакшы көрөм.

Биз товарларды сатабыз жана физикалык жактан эң белгилүү саркеч журналдарга жакын болууну каалайбыз. Мисалы, «Elle» журналы бизге толугу менен бир бетин арнаган, аны уюштуруу кыйынга турган жок, биз ал журналдын редакциясына такси менен жетип барып, интервью берип келе алабыз. Же сүрөттөргө тартып алуулары үчүн аларды кеңсебизге чакыра алабыз.

Эгер биз Пало-Альтодо болсок, алар жөн гана ал жакка барбай коюшмак. Мүмкүн Сан-Франциского барышмак, бирок Кремний өрөөнүнө эмес.

Аны менен катар биздин өнөктөш дүкөндөрдүн көбү Нью-Йоркто жайгашкан, бул деген шопинг менен моданын борбору да.

БЕКТУР: Эми сагыныч жагына өтсөк. Кайсыл жерде туулганыңды, балалыгың кайсыл жакта өткөнүн айтып берсең…

ОЛЬГА: Мен Бишкекте — анда ал Фрунзе деп аталчу, — Кыргызстанда туулгам. 15 жашымда Москвага көчүп кеткенбиз. А 17 жашымда АКШга келдим. Ал укмуштуудай сонун сапар болгон. Мен сени менен бир класста окучумун, ал кездер көңүлдүү болчу. Менин оюмча, адам Орусияда, Кыргызстанда же постсоветтик өлкөлөрдүн биринде өсүп чоңойсо — бул аны сөзмө-сөз айтканда жерге түшүрүп, ар бир доллардын баалуулугун түшүнүүгө жардам берет. Биздин команда максаттарга жетүү үчүн абдан ыкылас койгон. Мунун бардыгын көбүнчө ошол маданияттын таасири деп ойлойм.

Мен эң жакшы билим алдым. Менин абдан эле жолум болду: университетти бул жакта, Америкада окудум, бирок орто мектепти Орусияда аяктадым, ошондой эле Кыргызстандагы мектепте окугам.

Ольга Видишева Бишкектеги классташтары менен, 1999-жыл.
Ольга Видишева Бишкектеги классташтары менен, 1999-жыл.

Менин балалык кездеги досторум абдан жакшы. Андай чөйрөдө өсүү өзгөчө болчу, ал сага көз караштардын көп түрдүүлүгүн берет. Сен дүйнөнү билесиң, ар түрдүү адамдарды билесиң.

Анан сен колдо бар нерсени баалайсың. Билесиңерби, азыркыга чейин жайында ысык сууну өчүргөндүктөрү эсимде, бул деген нормалдуу эмес да. Америкада андай жок, анан бул жакта таптакыр байкабаган нерселерди баалап баштайсың.

Кээ бирде мен балалык кездеримди сагынам. Ысык-Көлдү сагынам, анткени бала кезимде жай сайын ал жакка барып көнүп калгам. Кыргызстанга бир эле жолу, 2005-жылы баргам. Ал жакка азыр да абдан баргым келүүдө. Анда канчалаган сонун элестер калды.

БЕКТУР: А Кыргызстанга байланышкан иш пландар барбы?

ОЛЬГА: Чынын айтканда, эгер кеп Shoptiques жөнүндө болуп жатса, анда андай пландар жок. Мүмкүн келечекте жеке өзүм Кыргызстан үчүн бир нерсе кылаттырмын. Бирок Shoptiques үчүн ал өтө эле кичинекей рынок, ал эмес биз дагы деле Италия сыяктуу мода индустриясынын негизги өлкөлөрүнө кулач жая элекпиз да.

Менин оюмча, биз алгач европалык мода борборлорун өздөштүрөбүз, андан кийин гана Азияны багындырууга барабыз. Албетте, Кытайдан баштайбыз. Анан эгер Кытай тарапка кеңейе баштасак, ага Кыргызстанды да кошмокмун, логикалык жактан алганда бул жөнөкөй эле нерсе. Бирок биз азыр Кытайга чейин жете элекпиз.

РИНАТ: Бир нерсеге жетишүүнү каалаган Кыргызстандын жашоочуларына эмне каалайт элең?

ОЛЬГА: Кыргызстанда, Бишкекте жашагандар үчүн менин каалоом — бул алардын күн сайын эмне кылгылары келсе ошого жетишүүлөрү. Анткени эгер сен күн сайын кылып жаткан нерсеңен ыракат алсаң, сенин жыйынтыктарың да жакшыраак болот. Анан сен эмне кааласаң ошону жасай аласың.

Азыр жыйырма биринчи кылым эмеспи, бул кылымда ар бир адамга интернет жеткиликтүү, кайсыл гана компания болбосун Кыргызстандан башталышы мүмкүн. Кийинки Гугл азыр Кыргызстанда башталып жатышы мүмкүн. Азыр жыйырма жыл мурункудай фабрика сатуучунун жанында болушу керек деген сыяктуу географиялык көйгөйлөр жок. Андыктан ар бир адам каалаганына жете алат.

Автор: Бектур Искендер

Операторлор: Ринат Тухватшин жана Нурмухаммед Атамбаев

Монтаж: Хлоя Гейне жана Ибрагим Хасан-Ахунов

Маекти расшифровкалоо: Хамида Малянчинова

«Америкалык стартаптар» сериясы:

I бөлүк: Өсүп-өнүккүсү келбеген компания

II бөлүк: Элдин акчасы менен көтөрүлгөн компания

III бөлүк: Чоң корпорацияларга айланып, көптөн бери стартап болбой калган компаниялар (Google менен Facebookтун кеңселери)

IV бөлүк: «Форбстун» рейтингине кирген кыргызстандык кыз.