Эң престиждүү сүрөт сынактарынын бири болгон World Press Photo 2014 сынагынын жеңүүчүлөрүнүн көргөзмөсү Бишкекте 10-январда ачылды. Kloop.kgнин редакциясы алардын эмгектеринин бир катарын жарылайт.

World Press Photo сынагында 2014-жылы мыкты деп табылган журналисттердин сүрөттөрүн Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде 22-январга чейин көрүүгө болот.

World Press Photo фотосүрөтчүлөрдүн арасындагы эң престиждүү сынактардын бири болуп эсептелет. 2014-жылы калыстар тобунун мүчөлөрү 124 өлкөдөн топтолгон 103 миңден ашык сүрөттү көрүп чыгышкан — алардын ичинен дүйнө жүзү боюнча жыйынтыктоочу көргөзмөлөр үчүн 140 сүрөт тандалып алынган.

Кыргызстанга алынып келингенге чейин экспозиция дүйнөнүн 45 өлкөсүндө жана 105 галереяда коюлган. Борбордук Азияда World Press Photo экинчи жолу өтүп жатат.

Сүрөттөрдүн түп нускалары World Press Photo 2014 сайтына жарыяланган

YEAR_0

«Учурдагы көйгөйлөр» категорясында I орун, Джон Стенмайер (John Stanmeyer, АКШ)

«Сигнал». Джибутинин жанындагы (Чыгыш Африка) Аден булуңунун жээгиндеги африкалык мигранттар. Түнкүсүн алар туугандары менен байланышуу үчүн коңшу Сомали мамлекетинен кымбат эмес мобилдик сигналды кармоого аракет кылып жатышат.

PS1

«Постановкалуу портреттер» категориясында I орун,

Брент Стиртон (Brent Stirton, Түштүк Африка Республикасы)

«Индиялык сокур альбинос-балдар». Сүрөт Батыш Бенгалдагы Вивеканан миссиясынын интернатында тартылган. Бул сокурлар үчүн Индиядагы анча көп эмес мектептердин бири.

SN1_1

«Кызуу жаңылыктар» категориясында I орун,

Филипп Лопез (Philippe Lopez, Франция)

«Тайфундан кийин аман калгандар». Толос шаарындагы (Лейт чыгыш аралы) «Хайян» тайфунунан аман калгандарын диний процессиясы.

SN3_0

«Кызуу жаңылыктар» категориясында III  орун,

Таслима Ахтер (Taslima Akhter, Бангладеш)

«Акыркы кучакташуу».  5 фабрика жайгашкан «Рана Плаза» имараты кулап түшкөндүн эртеси кырсыктын курмандыктары урандылардын арасында жатышат.

Кырсыктан кийин 800дөн ашык дене туугандары тарабынан визуалдуу түрдө же документтери боюнча, же жеке буюмдары боюнча таанылган. Каза болгон башка адамдардын туугандарына ДНК үлгүлөрүн берүүгө туура келген, бирок кырсыктан бир ай өткөндөн кийин да алар үй-бүлө мүчөлөрүн аныктай алышкан эмес. Рана Плазанын урап түшүшү тарыхтагы эң начар индустриалдык кырсык болуп эсептелет.

PO1_1 (1)

«Сырттан тартылган портреттер» категориясында I орун,

Маркус Шрайбер (Markus Schreiber, Германия)

«Мандела менен коштошуу»

Аял Преториядагы Биримдик имаратында түштүк америкалык мурунку президент Нэльсон Мандела менен коштошуу иш-чарасынын үчүнчү жана акыркы күнүндө көңүлү калып, жүзүн буруп кетүүдө, 13-декабрь. Нельсон Мандела 5-декабрда 95 жашында, көпкө созулган оорудан улам көз жумган. Мурунку лидерге урмат көрсөтүү үчүн 100 минден ашык киши тизилген.

SNS3-AK

«Кызуу жаңылыктар» категорясында III орун,

Рауль Талукдер (Rahul Talukder, Бангладеш)

«Рана Плазанын» урашы

25-апрлель, 2013-жыл. Савар, Бангладеш.

Адамдар Рана Плаза ураган күндүн эртеси анын айланасына топтолуп жатышат.

24-апрелде Бангладештин борбору Даккадан алыс эмес жайгашкан Саварада 8 кабаттуу имарат урап түшүп, 1100дөн ашык киши каза болгон. 5 тигүү фабрикасы жайгашкан «Рана Плаза» алгач кеңселер менен дүкөндөргө ылайыкташтырылган алты кабаттуу имарат катары пландалган. Кийин анын үстүнө дагы эки кабат кошулган, имараттын урашына кошумча салмак жана тигүү фабрикасындагы оор жабдуулардын титирөөсү да себеп болгон. Күн мурун, «Рана Плаза» дубалдары менен тирөөчтөрүндө пайда болгон жаракаларга байланыштуу бир канча убакытка жабылган, бирок фабрикалардын жумушчулары имараттын урашына бир нече саат калганда кайрадан чакырылышкан. Куткаруу иштери 3 аптага  чейин созулган. Рана Плазанын жумушчулары популярдуу батыш бренддери үчүн кийим тигишкен. Кырсык Бангладеште 16 млрд. евролук тигүү индустриясында эмгектенгендердин кооптуу шарттарына көңүл бурдуртту. Бирок анда иштегендердин көпчүлүгүнүн эмгек акылары айына 30 еврону гана түзөт. Рана Плаза урагандан кийин дүйнөдөгү эң ири чекене түйүндөрдүн Женевадагы жыйынына фабрикаларды пайдаланган бренддердин кээ бирлери гана катышышты. Алардын төртөөсү каза болгондор жана алардын үй-бүлөлөрү үчун компенсациялык корго каражат бөлүштү.

GNS2-AL

«Кызуу жаңылыктар» категориясында II орун,

Уильям Дэниэлс (William Daniels, АКШ).

«Борбордук Африка Республикасындагы башаламандык».

20 жаштагы Септа-Эбель Сангомалеттин тууганы аны жоктоп ыйлап жатат. Куралдуу мусулман тобунун мүчөлөрү уктап жаткан кишини мууздап кетишкен. Анын денеси үйүнүн сыртында табылган.

Мартта көтөрүшчүлөрдүн Селека деген тобу катары белгилүү болгон мусулмандар альянсы Борбордук Африка Республикасында бийликти басып алышкан. Кийинчерээк Селека жоюлган, бирок алардын кээ бир топтору өлкөнүн көпчүлүгүн түзгөн жарандык христиандарга кол салууларын улантышкан. Өз коомчулуктарын коргоо үчүн Анти-балака христиандык милициясы катары белгилүү болгон коргоо отряддары түзүлгөн. Жүздөгөн адамдар өлтүрүлүп, Борбордук Африка Республикасында зомбулук күчөгөндүктөн 400 миңге чукул киши качууга аргасыз болушкан. Жарандык калкты коргоо жана ыктыярчылар отряддарын куралдандыруу үчүн Франция өлкөгө 1600 аскер жөнөткөн.

SNS2-AL_2

«Кызуу жаңылыктар» категориясында II  орун,

Тайлер Хикс (Tyler Hicks, АКШ)

«Вэстгейт соода борборундагы адам өлтүрүү», 21-сентябрь, 2013-жыл. Найроби, Кения.

Вэстгейт соода борборуна чабуул жасалган маалда аял эки баласы менен жашынып жатат. Жыйынтыгында, алар жаракат алышкан эмес.

21-сентябрда бет кап кийгин куралдуу адамдар Найробидеги «Вестгейт» соода борборун көздөй ок чыгарышкан. Престиждүү соода борбору чет элдик кызматкерлер менен Кениянын элитасынын арасында популярдуу болгон. Төрт күнгө созулган камалоо маалында кеминде 60 киши каза болуп, 200гө чукулу түрдүү жаракаттарды алышкан. Кол салуунун башкы төрт күнөөкөрү өлтүрүлгөн, дагы башка адамдар кийин кылмыштын катышуучулары катары бааланышкан. Согушкерлердин төртөөсү тең сомалилик болушкан. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти сомалилик жихадисттик «Аль-Шабаб» тобу өзүнө алып, бул Кения бийлигине аскерлерин Сомалиден чыгарып кетүүсү үчүн эскертүү болгондугун билдиришкен.

GNS1-AL

 

«Кызуу жаңылыктар» категориясында I орун,

Крис Макграт (Chris McGrath, Австралия)

«Тайфун Хайян», 17-ноябрь, 2013-жыл. Лейте, Филиппины.

Лейтенин суу жээгинде жайгашкан Таклобан шаарындагы урандылар.

8-ноябрда Филиппиндин борбордук бөлүгүндөгү Виесйастада тайфун башталган. Бул Филипиндин тарыхындагы эң көп адамдын өмүрүн алып кеткен тайфун болгон. Анын 6200 адамдын өмүрүн алып, төрт миллиондон ашык адамды үй-жайсыз калтыргандыгы айтылган. Баарынан да Лейте жана Самар чыгыш аралдары көбүрөөк азап чегишкен. Штормдук кыймылдар, катуу шамалдар жана нөшөрлөп жааган жамгыр үйлөр менен инфраструктурага болуп көрбөгөндөн зыян алып келген. Масштабдуу кырсыктар жардам көрсөтүү боюнча аракеттерди жайланткан.

world-press-photo-4

«Кызуу жаңылыктар» категориясында I орун,

Джон Тлумаки (John Tlumacki, АКШ)

«Бостон марафонундагы жардыруулар»,15-апрель, 2013-жыл. Бостон, АКШ.

Карлос Аррендондо (солдо) 15-апрелде Бостон марафонунда мара сызыгына жакын жерде жарылган эки бомбадан жаракат алган адамдарга жетүү үчүн Бойлсон көчөсүндөгү тосмолорду аттап кетип бара жатат. Бомбалардын жарылуусунун аралыгы 12 секундду түзгөн, андан улам 3 киши каза болуп, кеминде дагы 264 киши жаракаттарды алышкан. Марафондун жеңүүчүлөрү мара сызыгын бир нече саат мурун кесип өтүшкөн, бирок алардын артында дагы миңдеген катышуучулар менен көчөдө көрүүчүлөр болушкан. 18-апрелде ФБР видеодон эки шектүүнүн кадрлары менен сүрөттөрүн алып чыккан. Кийинчерээк алар чеченстандык бир тууган Джохар жана Тамерлан Царнаевдер экендиги аныкталган. Атайын кызматтагылардын билдирүүлөрү боюнча, алардын ким экендиктери аныкталгандан көп өтпөй бир туугандар полициянын офицерин өлтүрүп, унаа уурдап качышкан. Тамерлан андан кийин полиция менен болгон атышуудан каза болгон, а Джохар бир нече сааттан кийин камакка алынган.

about_big10482102

«Кызуу жаңылыктар» категориясында I орун,

Горан Томашевич (Goran Tomasevic, Сербия)

«Көтөрүшчүлөр көзөмөл-өткөрмө пунктуна чабуул жасап жатышат», 30-январь, 2013-жыл. Дамаск, Сирия.

Сириянын эркин армиясынын эки аскери Эйн Тармада көзөмөл-өткөрмө пунктуна чабуул жасоо үчүн ыңгайлуу позицияларды ээлешкен.

«Сириянын эркин армиясынын» согушкерлери 20-январда Эйн Тарманын четинде жайгашкан мамлекеттик көзөмөл-өткөрмө пунктуна чабуул жасашкан. Дамасктын чети үчүн болгон кармаш эки тарап үчүн тең чоң мааниге ээ болгон. Анда Эйн Тарма көзөмөл-өткөрмө пунктуна 2 саат бою чабуул жасаган согушкерлер снайперлердин бутасына айланышкан. Каза болгон жолдошун коопсуз жайга жеткиришкенден кийин көтөрүлүшчүлөр ракеталык жана танкалык аткылоолор коштогон чабуулга кайтып барышкан.