Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү темир жол куруу маселелерин талкуулоо үчүн Кытайга барганы жатат.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан. Автору: Элеонора Бейшенбек кызы.

Президент Алмазбек Атамбаев 6-январда “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаевди кабыл алып, “Кыргызстан-Кытай” темир жолун куруу иштерин илгерилетүүнү тапшырды. Буга чейин Кыргызстан темир жол боюнча Кытай жактырган варианттан кескин айырмаланган өзүнүн долбоорун сунуштаган эле.

Кытайдан Кыргызстанды аралап өтчү темир жолдун курулушун каржылоо маселеси чечилбей жатат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаевдин“Азаттыкка” билдиришинче, жакында Кытайга атайын топ барат жана анда расмий Бишкек ыңгайлуу деп тапкан долбоордун варианттары сунушталат:

- Варианттар көп. Анын ичинен бизге пайдалуу болгон жагын караштырабыз. Көп сүйлөшүүлөрдү, анын ичинде Орусия, Казакстан, Кытай, айтор бардык тарап менен сүйлөшүү жүргүзүү керек. Бир нече варианты бар. Бул жерде каржы маселесин да караштырышыбыз керек. Каражат кайдан келет, кандай шартта берилет, баарын иликтеп чыгыш керек. Концессия жолу да каралып жатат, биргелешкен ишкана түзүү деген да бар.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу 20 жылга жакын убакыттан бери эле сөз болуп, бирок орток пикир табылбай келүүдө.

Алмазбек Атамбаев «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаев менен

2002-жылы Кытай жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген жана анда 95 көпүрө, жалпы узундугу 50дөй чакырымга чамалаган 48 туннел салынышы керек болчу.

2012-жылы Кыргызстан темир жол боюнча өзүнүн долбоорун даярдаган. Ага ылайык, жол Торугарттан Ат-Башыга түшүп, андан Ак-Талааны аралап өтүп, Тогуз-Тородон Сузакка жетип, анан Өзбекстанга өтмөк. Кыргыз тараптын варианты боюнча жол узарып, 380 чакырым болмок. Бирок тоолорду тешүү, көпүрө куруу кыйла азайгандыктан курулуш баасы арзан болот деп ишендирип келишкен эле.

Буга чейин жолдун курулушун каржылоо маселеси чоң талкуу жараткан болчу. Кытай тарап жол үчүн кен байлыктарын сураганы айтылган.

Кыргыз бийлиги болсо жол куруунун эки ыкмасын сунуштаган болчу. Анын бири концессия, экинчиси биргелешкен ишкана куруу эле. Кыргызстан Кытай тарап концессияга көнгөнүн, тактап айтканда, жолду кайсы бир чет өлкөлүк жеке компаниянын каражатына куруп, ал өзүн актагандан кийин кыргыз тарапка өткөрүп берүү ыкмасына макул болгону айтылган.

Антсе да темир жолду курулушун сынга алгандар да бар. Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү, депутат Нарынбек Молдобаевдин баамында, жол Кытайга гана пайдалуу:

- Кытайдан чыккан темир жол Кыргызстан аркылуу Иранга чейин кетет деп жатат. Бул темир жолдун Кыргызстанга пайдасы деле жок. Каттам болуш үчүн бир нерселерди өндүрүп, аны сатууга чыгарып, өзүбүз бирдемелерди сатып алышы керек. Азыр болсо өзүңөр билгендей, өнөр жайыбыз өнүгүп, продукция өндүрүп жаткан деле жерибиз жок. Темир жол курууга ашыкча акчабыз болсо да бир жөн эле. Каражатты Кытайдан карызга алып, жолду болсо Кытайдын жумушчулары курганы жатат. Кытай өзүнүн товарларын сатканга, Ирандын чоң базарына чыкканга эле кызыгууда. 

Темир жолдун болжолдуу баасы эки миллиард доллар деп бааланган. Бийликтер жол 2018-жылга чейин куруп бүтөт деп убада кылып келишкен эле.