Бул биздин Донецкке болгон сапарыбыз тууралуу макалаларыбыздын пландалбаган бөлүгү. Биз муну макаланын экинчи бөлүгүндө жайгаштырылган сүрөт Украина менен Орусияда вирустуу болуп калгандан кийин чыгаруудабыз.

Сериянын башка бөлүктөрү:

I бөлүк: Азыркы Украинанын уламыштары менен мифтери

II бөлүк: Донецк элдик республикасынын лидерлеринин биринин кыргыз журналисттерине берген мега-интервьюсу

Бектур Искендердин Украинага болгон 2014-жылдын жазындагы сапары:

I бөлүк: Киев

II бөлүк: Донецк

III бөлүк: Днепропетровск

IV бөлүк: Одесса

V бөлүк: Одессадагы шайлоолордон кийинки митингдер

VI бөлүк: Львов

2014-жылдын кышындагы сапары:

I бөлүк

II бөлүк

III бөлүк

Бонустук бөлүк

Баяндоо Бектур Искендердин атынан жүрөт

Өткөн жылдын ноябрында Кыргызстандын журналисттеринен турган биздин делегация Донецкке барганда бизде учурда жергиликтүү жикчилдер ээлеп турган облустук администрациянын имаратынын ичинен интервью алуу мүмкүнчүлүгү болгон.

Донецк элдик республикасынын башчысынын орун басары Александр Караман менен болчу интервьюну күтүп жатып даараткананын эшигиндеги «бул имаратта аялдарга чылым чегүүгө болбойт» жана «чылым чеккен аял гей төрөп калуусу мүмкүн» деген жазууну байкап калганбыз.

Биз ал жазууну сүрөткө тартып, аны сериябыздын экинчи бөлүгүндө колдонуп, ошол бойдон ал тууралуу унутуп калганбыз.

Күтүүсүздөн 2-январда ал сүрөт украин интернет мейкиндигинде жарыяланып, тарай баштады. Ал сүрөттү биздин материалыбыздан алгачкылардан болуп кимдин алгандыгын так билбейбиз, бирок ал өтө кеңири жайылып кетти — журналист Алексей Мацуканын «Фейсбуктагы» баракчасында эле аны 600дөн ашык киши жактырып, аны менен 200дөн ашык колдонуучу бөлүшкөн.

3-январда ал сүрөттү Орусиянын эң популярдуу блоггерлеринин бири Рустем Адагамов «Твиттер» микроблогундагы эккаунтуна жайгаштырган. Анан сүрөт орус интернет мейкиндигинде вирустук жашоосун баштаган.

Бир катар украиналык ЖМКлар дароо эле «Донецк элдик республикасында аялдарга чылым чегүүгө тыюу салынды» деген заголовкадагы материалдарды жарыялап жиберишкен.

Бирок андай эмес. Андай жазуунун илинип турганы менен Донецк облустук администрациясынын имаратында иштеген аялдар ошондой  эле масштабдарда, ал эмес эшигинде жазуу илинген ошол эле даараткананын ичинде чылым чегүүлөрүн улантып жатышат.

Ал жазуу Донецк элдик республикасынан спецификалык тамаша болгон деп ойлойм. Албетте, ал Донецк элдик республикасынын администрациясынын канчалык гомофобдуу экенин ашыкча жолу тастыктаган өтө начар тамаша.

Сериянын башка бөлүктөрү:

I бөлүк: Азыркы Украинанын уламыштары менен мифтери

II бөлүк: Донецк элдик республикасынын лидерлеринин биринин кыргыз журналисттерине берген мега-интервьюсу

Бектур Искендердин Украинага болгон 2014-жылдын жазындагы сапары:

I бөлүк: Киев

II бөлүк: Донецк

III бөлүк: Днепропетровск

IV бөлүк: Одесса

V бөлүк: Одессадагы шайлоолордон кийинки митингдер

VI бөлүк: Львов

2014-жылдын кышындагы сапары:

I бөлүк

II бөлүк

III бөлүк

Бонустук бөлүк