Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылды «Улуттук экономиканы чыңдоо» жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Анын алкагында, чек арага жакын жайгашкан райондордун, өлкө ичиндеги өнөр жайдын жана Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр менен экономикалык байланыштарды бекемдөө каралган.

Буга чейин экономика министри Темир Сариев экономиканын өнүгүү темпинин 2015-жылы төмөндөй тургандыгын божомолдогон.

Алмазбек Атамбаев жарлыкка 2014-жылдын 31-декабрында кол койду — документке ылайык, өлкөдөгү коомдук-саясий чыңалуу «төмөндөп», андай шартта кыргызстандыктар үчүн «экономикалык мүнөздөгү кызыкчылыктар алдыңкы орунга чыгат».

Жарлыкка ылайык, экономикалык мүнөздөгү кызыкчылыктарга жумуш орундарын түзүү, өнөр жай жана энергетикалык тармактардын өнүгүшү, ошондой эле элдин жашоосун жакшыртуу кирет.

«Кыргызстандын экономикасында басымдуу болгон реэкспорттук модель дүйнөлүк экономикадагы объективдүү тенденцияларга жана региондогу интеграциялык процесстерге каршы келип калды. Бул чабал жана көз каранды кыргыз экономикасын жигердүү өнүгүп жаткан экономикага айлантуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылууда», — деп жазылган президенттин жарлыгында.

Аны менен катар президент Кыргызстандын экономикасында өндүрүш, кен казуу тармактарына чет элдик инвестицияларды тартуу «курч көйгөй» бойдон калып жаткандыгын мойнуна алды.

Ошондой эле жарлыкта мамлекет менен бизнестин ортосундагы өз ара байланышты «ачык-айкын жана түшүнүктүү кылып түзүү» боюнча да көгөйлөр бар экени айтылган.

Документке ылайык, президент Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кириши «чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат», бирок ал үчүн өлкө «айрым сыноолордон өтүүсү керек болот».

«Кыргыз Республикасы ушул ири интеграциялык долбоорго катышканда экономикасын чыңдап, кыргыз товарларын жана тейлөө кызматтарын атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Ушуга удаа эле улуттук кызыкчылыктарды активдүү билдирип, өнүккөн эгемендүү мамлекет катары калыптанууга тийиш», — деп жазылган өлкө башчысынын жарлыгында.

Атамбаев өкмөткө агроөнөр жай тармагын, энергетиканы, кен казууну, транспортту жана коммуникацияларды, туризмди жана тейлөө кызматтарынын чөйрөсүн приоритеттүү өнүктүрүү, өнөр жайда бюджет түзүүчү ири долбоорлорду жүзөгө ашырууга ыкылас коюусун сунуштады.

Кыргызстан Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктеринде

Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 23-декабрында Кыргызстандын Орусия, Белоруссия, Казакстан жана Армения өлкөлөрүнөн турган Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерине кирүүсү боюнча келишимге кол койгон.

Ал өлкө 2015-жылдын майына чейин интеграциялык биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло тургандыгын убадалаган.

Өлкө башчысы Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүүдө кыргызстандыктар инфляция жана азык-түлүккө болгон баалардын көтөрүлүүсүнө кабылышы мүмкүндүгүн бир нече жолу мойнуна алган.

Бирок, анын айтымында, өлкөнүн экономикасын интеграциялык биримдикке даярдоо үчүн Орусия 500 млн. долларлык уставдык капиталы бар кыргыз-орус өнүгүү корун түзгөн. «Тазабек» маалымат агенттиги ал сумманын 100 млн. доллары Кыргызстанга келгендигин билдирүүдө.

Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашуу боюнча, кор агрардык, тигүүчүлүк, текстилдик жана иштеп чыгаруучу өнөр жайлардын өзүн өзү актоосу үчүн каражат бөлөт.

Экономика министри Темир Сариев 30-декабрдагы маалымат жыйынында анын мекемеси экономиканын өнүгүү темптеринин 2015-жылы төмөндөөсүн күтүп жаткандыгын билдирген.

«Биз экономиканы 4 пайызга жогорулатуу милдетин койдук, бирок кургакчылык менен бир катар ишканалардын ишке киргизилбешине байланыштуу өсүү азыраак болушу мүмкүн», — деп жазган «Тазабек» Сариевдин айткандарын.

Сариевдин маалыматы боюнча, Кыргызстандын экономикасынын 2014-жылдагы өсүшү 3,5 пайызды түзгөн.

Алмазбек Атамбаев Бажы биримдигине кирүү тууралуу. «Россия 24» телеканалына берген маеги: