Мурунку кеңсе жумушчусу Мария Рубцова өтө сейрек кездешчү чыгармачылык иш менен алектенет - ал кичи-үйлөрдү же румбоксторду жасайт. Алар өзгөчө көрүнүштө болушуп, кичине чырактын кызматын аткарышат. Ал бул иш менен кызы куурчактар үчүн кичинекей үй жасап берүүсүн өтүнгөндөн кийин алектенип баштаган.

Румбокс – бул аткарылган масштабдагы үч өлчөмдүү миниатюраларды көрсөтүүчү кутуча-үкөктөр. Аталышынын өзү room — бөлмө жана box кутуча деген англис тилинен келип чыккан, «кутучадагы бөлмө» деп которулат.

Мария Рубцова болжол менен мындай кичи үйлөрдү  — румбоксторду жасоо менен бир жылдан бери алектенип келет. Ал бул хоббиге кызы куурчагы үчүн кичинекей үй жасап берүүсүн өтүнгөндөн кийин кызыгып баштаган.

rumboksy-17

«Мен кызымдын куурчагына кичинекей үй жасап бергем. Анан интернеттен кызыктуу кичи-үйлөрдүн сүрөттөрүн көрүп кызыгып калдым да ушул иш менен алектенип баштадым. Алгачкылары сатуу үчүн эмес, өзүм үчүн болчу. Кийин эмгектеримдин сүрөттөрүн дизель-форумга жайгаштырдым, анан адамдар кызыгып баштагандан кийин сатып көрүүнү чечтим», — дейт Мария.

rumboksy-5

Ошондон тарта ал өз колунан жаралган румбоксторду сатып баштаган.

rumboksy-15

Румбокстордун баасы 1500 сомдон 2500 сомго чейин. Аларды даярдоо мөөнөттөрү румбокстун оордугуна жараша болот, орточо эсеп менен бирөөсүн 2 аптада даярдап бүткөрүүгө болот.

rumboksy-4

Учурдагы хоббиге кызыгуусу жаралганга чейин биздин каармандын артында чоң чыгармачылык тажрыйба бар болчу — ал чоподон, пластиктен жана кийизден майда-чүйдө буюмдарды жасачу. Мындай боксторду жасоого дал ошондогу алган тажрыйбасы негизги «курал» болуп берген.

rumboksy-14

Румбоксторду жасоодо Мария түрдүү материалдарды колдонот — полимер чоподон тарта тиш пастасынын капкагына чейин.

rumboksy-17

«Колума эмне тийсе ошону колдоно берем. Эми тааныштарым майда-чүйдө нерселердин бардыгын чогултуп алып келип калышты, алардын арасынан дайыма бир нерселер табылат», — дейт ал.

rumboksy-12

Анын колунан жаралган эң өзгөчө «кичи-буюм» — калемдин эритилген пластмас огунан жасалган чоргомуз.

rumboksy-3

Каарманыбыздын айтымында, ошондой эле ал үйдүн дубалдарын кадимки эле даарат кагазы менен шыбоого мүмкүн экендигин укканда аябай таң калган.

rumboksy-10

«Азырынча муну бизнес деп эсептөөгө болбойт, анткени мындай жол менен жашоого жеткидей акча иштеп табуу азырынча мүмкүн эмес. Бизде азыр бул үчүн акча төлөөгө даяр адамдар көп эмес. А эгер мүмкүнчүлүк болгондо мен ушуну менен гана алектенмекмин», — дейт Мария.

rumboksy-9

Мариянын эки кабаттуу, кичи буюмдары менен, чындыкка жакыныраак көрүнгөн масштабдуураак кичи-үйлөрдү жасоо планы бар. Мисалы, үйдүн ичиндеги шкафтын эшиги ачылгандай кылып.

rumboksy-8

Анын ишке ашыргысы келген дагы бир идеясы — «12 ай» сыяктуу коллекциялык румбоксторду — ар бири жылдын ар бир айына туура келе турган 12 кичи үй жасоо.

rumboksy-111

Бул хобби менен алектенип баштагандан бери Мария 30га жакын румбокс жасаган.

rumboksy-6

«Бул хобби менен өтө кызык болгон үчүн алектенип баштагам. Мен аларды жасагандан ыракат алам. Анан да аларга карап, кызыккан кишилердин да бар экенин билем. Мен алардын кубанып, аларга жагып жатканын көрөм», — дейт Мария.

rumboksy-13

rumboksy-1

rumboksy-16

Автор: Кубан Макешов