Жактоочу башкы прокурор Аида Салянова менен 2010-жылдагы революциянын катышуучуларынын каршылаштары 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу ишти «саясий нукка» буруп жаткандыктарын билдирди.

19-декабрда Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш ишинде күбө катары өтүп жаткан Жамансариев анда 2010-жылдагы революциянын катышуучулары менен башкы прокурор Аида Салянованын каршылаштарынын кызыкчылыктары бар экенин билдирди. «Азаттык» радиосунун иликтөөсүнө ылайык, Аида Салянованын тууганы каза болгон кыз менен тааныш болгон.

«Менин оюмча, бул чуулгандуу иштин айланасында 7-апрель окуясынын катышуучуларынын жаман көрсөтүлүшүнө белгилүү бир адамдар кызыкдар. Ошондуктан алар ишти саясий нукка буруп жатышат. Мен алардан азыр кылып жаткандарын токтотууларын өтүнөм. Ар бир адамдын укугу бар. Бирок алар жогору трибунаны колдонуп жатышат, өз кызыкчылыктарына гана карап жатышат. Мен муну Дүйшөбаевадан улам гана каралып жатат деп ойлобойм. Бул белгилүү бир адамдардын кызыкчылыктары», — деди Жамансариев.

Ал Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу ишти иликтеп жаткан тергөөчүнү алмаштыруу өтүнүчү менен парламентке кайрылгандыгын айтты.

«Акыркы бир нече айдан бери ЖМКларда Камила Дүйшөбаеванын кылмыш ишине менин тиешемдин бардыгы тууралуу билдирүүлөр жазылууда. Мен тергөөчүнүн алмаштырылышын өтүндүм, анткени ал мыйзамга карабастан апрель революциясынын катышуучуларынын абройун кетирип, жаман көрсөтүп жатат», — деди ал.

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү — акыркы убактарда Кыргызстанда орун алган эң чуулгандуу иштердин бири. Ал 2014-жылдын 10-мартында белгисиз жагдайда каза болгон.

19 жаштагы кыздын денеси 17-март күнү, болжолдуу түрдө өлтүрүлгөндөн бир апта өткөндөн кийин Бишкектин четиндеги Байтик айылынан алыс эмес жерде табылган.

Анда соттук медициналык экспертиза кыз шарф менен муунтулган деген жыйынтык чыгарган — кыйноолорго же сексуалдык зомбулукка туш болгон эмес.

Камиланын атасы Эшмамбет Дүйшөбаев кызынын өлүмүнө башкы прокурор Аида Салянованын бир күн мурун кызы менен байланышка чыккан тууганы Калый Саляновдун тиешеси бар экендигине ишенет. Туугандарынын пикиринде, ал Дүйшөбаева менен мамилелеш болгон.

«Мага тергөөдөгү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн көргөзүшкөн. Анда кызымдын курбулары, туугандары, тааныштары жана бирге окуган тайпалаштары сыяктуу бир катар адамдар көрсөтмө берген экен. Анан бул иш боюнча көрсөтмө бергендердин арасында башкы прокурор Аида Салянованын аталаш тууганы Калый Салянов менен “Мекен шейиттери” уюмунун жактоочусу болуп жүргөн Осунбек Жамансариев жүрөт. Менимче бул экөө дос болсо керек. Буларды сурагандын себеби, мына ошол Калый дегени менин кызым менен тааныш болгондуктан 9-марттын түнүндө жеткизген экен. Бир кудай билет эми. Мен кызымдын өлүмүнө мына ошол Калый Салянов күнөөлүү деп айта албайм. Бирок тергөөдө башка бир шектүү адамдар боюнча жыйынтык жок», — деген Дүйшөбаев «Азаттык» радиосуна берген маегинде.

Бул иш боюнча 2010-жылдагы революция маалында каза болгондордун кызыкчылыктарын коргоп жүргөн жактоочу Осунбек Жамансариев да күбө катары өткөн.

Тогуз айга созулган тергөө

Камила Дүйшөбаеванын иши 9 айдан бери ачылбай келет.

2014-жылдын апрелинде мурунку ички иштер министри Абдылда Суранчиевдин Камиланы эч ким өлтүргөн эмес, кыз «жеңил жашоо мүнөзүн кечирип келген» деген билдирүүсү коомдук резонансты жараткан.

«Камила Дүйшөбаеванын иши оор, азыр балдар иштеп жатышат. Аны эч ким өлтүргөн эмес, ал батирде жеңил жашоо мүнөзүн кечирип келген. Азыр биз ал байланышта болгон 40тан ашык кишини аныктап жатабыз», — деп билдирген Суранчиев.

Анда экс-министр каза болгон кыздын туугандары, ошондой эле коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган.

ИИМдин азыркы башчысы Мелис Турганбаев 2014-жылдын ноябрында кылмыштын бетин ачууга Малайзиядан мобилдик байланыш боюнча эксперттери келе тургандыгын билдирген.

Алар жергиликтүү тергөө чечмелей албай койгон кыздын мобилдик WhatsApp колдонмосу аркылуу жазышууларынын маанисин ачып берүүгө жардам бериши керек.

Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча 400гө жакын күбө сурак берүүгө жетишкен.