«Ислам мамлекетинин» видеосундагы «жихадчы-балдар» Сирияга «негизинен үй-бүлөлөрү менен» кетишкен, деп билдирди Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Андрей Кравченко.

Казакстандык Tengrinews маалымат агенттиги өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Андрей Кравченкого шилтеме жасоо менен «Ислам мамлекети» уюмунун видеосундагы балдардын ким экендиги аныкталгандыгын билдирүүдө.

«Ал видео тууралуу айтсам, анда кимдердин тартылгандыгы тууралуу бизде жетиштүү маалыматтар бар. […] Биз үчүн бул өтө маанилүү», — деп жазган Tengrinews Кравченконун айткандарын.

«Ислам мамлекетинин» лагеринде даярдыктан өтүп жаткан балдар, анын ичинде Казакстандан барган балдар тууралуу видеонун үзүндүсү 22-ноябрда британиялык Daily Mail гезитинин сайтына жарыяланган. Анда балдардын курал-жарак менен колдонууну үйрөнүп, аскердик даярдыктан өтүп жаткандыктары көрсөтүлгөн.

«Ислам мамлекети» — дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө террористтик деп табылган уюм.

Казакстандын башкы прокурорунун орун басары балдардын аты-жөндөрүн атаган эмес, бирок «негизинен ал жакка үй-бүлөлөрү менен кеткендиктерин» айткан. Tengrinews белгилегендей, Казакстандын бийлиги «балдарды мекенине кайтаруу боюнча иштерди жүргүзөт».

Казакстандын бийлиги «жихадчы-балдар» жөнүндөгү видеону балдардын даярдыктан өтүп жаткандыктары тууралуу Kloop.kg тарабынан 24-ноябрда жарыяланган материалдан кийин тосмологон. Ал материал Daily Mail гезитинин сайтындагы видео менен иллюстрацияланган.

Ошол эле күнү Казакстандын Байланыш жана маалымат министрлигинин алдындагы Компьютердик инциденттерге аракет этүү кызматы Kloop.kgге видеону сайттан өчүрүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн.

Редакция алардын өтүнүчтөрүн канааттандыруудан баш тартып, анын себептерин «Ислам мамлекети» уюмунун кылмыштуу аракеттерин чагылдырууга тыюу салуу» тескерисинче, экстремизмге көмөктөшүү болуп кала тургандыгы менен түшүндүргөн.

Казакстан 25-ноябрда өз аймагында Kloop.kgни тосмологон. Декабрдын башында Казакстандын бийлиги ал видеону өз сайттарына жайгаштырган Daily Mail гезитинин сайты менен Lenta.ru жаңылыктар сайтын тосмологон.

Кыргызстандагы тосмолоо

25-ноябрда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги видеонун жарыяланышы боюнча материалдарды Башкы прокуратурага жөнөткөндүгү жана сайттан видеону өчүрүү өтүнүчү менен редакцияга кайрылуусу жазылган пресс-релиз тараткан.

Эки аптадан кийин, 10-декабрда, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Мамлекеттик байланыш агенттиги аркылуу өлкөнүн интернет таркатуучуларынан Kloop.kgдеги видеого чектөө киргизүүнү талап кылган.

Юристтердин айтымдарында, сайтты тосмолоо тууралуу талап «мыйзамсыз» болгон, анткени кайсыл бир материалга чектөө киргизүү боюнча чечим сот тарабынан гана кабыл алынышы керек.

Анда интернет таркатуучулар аларда материалдагы видеону гана өзүнчө тосмолой турган жабдуунун жоктугун, ошондуктан ал баракчаны же сайтты толугу менен тосмолоого аргасыз боло тургандыктарын билдиришкен.

Мамлекеттик байланыш агенттиги сайтты тосмолоо тууралуу жазма буйругун 16-декабрда чакырып алган. Мекеме мындай кадамын Башкы прокуратура видонун экстремисттик деп табылгандыгы тууралуу соттун чечмин жөнөтпөгөндүгү менен түшүндүргөн.