Биринчи май райондук прокуратурасы Орус драмалык театрынын директору Александр Кулинскийге карата 300 миң сомдон ашык каражаттын жок кылынышы фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Кулинскийдин өзү кылмыш ишинин козголушу боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартууда.

Биринчи май райондук прокуратурасы Орус драмалык театрынын кызматкерлеринин жамааттык билдирүүсү боюнча театрдын документтерин текшергенден кийин Кулинскийге каршы кылмыш ишин козгоду.

Театрдын директору юрист менен башкы бухгалтердин кызматтары үчүн акы төлөп берүүгө мамлекеттик бюджеттен 340 миң сом короткон деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын пресс-релизине ылайык, Кулинский маданият министрлиги тараптан бухгалтердин айлык маянасы жети миң сом деп бекитилгенине карабастан башкы бухгалтер менен айына 34 миң сомдон акы төлөп берүү боюнча эмгек келишимин түзгөн.

Дагы бир факты боюнча, юрист менен кошумча юридикалык жардам тууралуу айына 40-50 миң сомдон айлык төлөп берүү боюнча эмгек келишими түзүлгөн. Мындай жол менен өткөн жылдын ноябрынан быйылкы жылдын июнуна чейин аларга 340 миң сомго чукул каражат төлөнүп берилген.

Бишкек шаардык прокуратурасынын Тергөө бөлүмү ишти «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча тергөөдө.

Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драмалык театрынын жетекчилиги мекемеде текшерүү жүргүзүлгөндүгүн ырастаганы менен каржы алдамчылыктары болгондугу фактысын четке кагууда.

Жетекчилик тараптан таркатылган пресс-релизде кылмыш ишинин козголгондугу боюнча Кулинскийдин дарегине эч кандай билдирүү келбегендиги белгиленген.

«Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө текшерүүчү органдарда театр тарабынан төлөнгөн белгилүү бир төлөмдөрдүн тууралыгына байланышкан суроолор болгон. Көрсөтүлгөн сумманын уурдалгандыгы тууралуу маселе таптакыр көтөрүлгөн эмес», — деп жазылган документте.

Орус драмтеатры текшерүүчү органдарга айылык маяналар боюнча бардык документтерди көрсөткөндүктөрүн жана эч кандай мыйзам бузуулардын аныкталбагандыгын билдирүүдө.