Ала-Арча дарыясы суунун деңгээлинин жогорулап, муздардын топтолуп калышынан улам 17-декабрда нугунан чыкты.

Ала-Арча дарыясынын Малдыбаев жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бөлүгү муз жана акыр-чикирлер менен тосулуп калып, дарыя 17-декабрь күнү түштөн кийин нугунан чыккан.

Муниципалдык «Жашылдандыруу» ишканасынын жумушчулары суу каптоонун кесепеттерин жоюу боюнча иштерди улантып жатышат.

«Жашылдандыруу ишканасы бир экскаварор, эки борт жана он киши чыгарды. Кесепеттери тууралуу кийинчерээк белгилүү болот», — деп билдиришти Kloop.kgге Бишкек мэриясынан.