Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов жеке акча алмаштыруу жайлары сомдун айланасындагы чайкоочулук аракеттеринен улам жабылуулары мүмкүндүгүн билдирди.

Абдыгулов журналисттер менен болгон 18-декабрдагы жолугушуусунда кечээ АКШ долларына карата «сомду алсыздандыруу максатында басым» башталгандыгын билдирди — акыркы эки күндүн ичинде сомдун америкалык валютага карата болгон курсу жеке акча алымаштыруу жайларында 57,6 сомдон 60 сомго чейин төмөндөп кеткен.

Абдыкуловдун айтымында, бул жеке акча алмаштыруу жайлары валюталардын бааларындагы айырмачылык боюнча чайкоочулукка баргандыктарына байланыштуу — акча алмаштыруу жайлары долларды 57,8 сомго сатып алышып, 60тан сатышкан.

Улуттук банк мемелекеттик «Айыл банк» жана «РСК банктары» аркылуу накталай формада 2 млн АКШ долларын саткандан кийин «чайкоочулук аракеттерди» аныктаган.

«Ал накталай акчанын бардыгы тең кыска убакыттын ичинде эле акча таап баштаган акча алмаштыруу жайлары тарабынан 3-4 сааттын ичинде эле жок кылынган — өзүңөр деле 57,8 менен 60тын [доллар үчүн сом] айырмасын эсептеп көрсөңөр», — деди Абдыгулов.

Улуттук банктын башчысы «чайкоочулук чабуулдардан» улам каржы регулятору «түзүмдүк чараларды кабыл алууга мажбур» болоорун айтты — ал түзүмдүк чаралар катары келечекте жеке акча алмашытруу жайларын жоюуну түшүнөт.

«Балким биздин өлкөдө акча алмаштыруу жайлары жок болуп, коммерциялык банктардын акча алмаштыруу өкүлчүлүктөрү гана калат. Бул тармакты тартипке келтирүү керек. Эгер акча алмаштыруу жайлары пайда көрүү үчүн улуттук валютанын туруктуулугуна таасир этүүгө аракет кылышса, ага Улуттук банк да, өкмөт да, парламент да жол бербеши керек», — деп билдирди ал.

Абдыгулов азырынча Улуттук банкта акча алмаштыруу жайларын жабуу ниети жок экенин, «эгер чайкоочулук аракеттер улана турган болсо» мыйзамдуу демилге менен чыга тургандыгын белгиледи. Ал тиешелүү мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп баштагандыктарын кошумчалады.

«Мен рыноктук эмес чаралардын тарапташы эмесмин. Мен рынок иштеши керек деп эсептейм. Биздин өлкөдө 10 миңге чукул акча алмаштыруу жайлары бар — бул 10 миң жумушчу орун. Бирок алардын үй-бүлөлөрүнүн гана эмес, жалпы өлкөнүн жыргалчылыгы алардын аракеттерине көз каранды экендигин түшүнүшпөсө, анда административдик чараларга барууга туура келет», — деди ал.

Kloop.kgнин кабарчылары сүйлөшүп көрүүгө аракет кылган жеке акча алмаштыруу жайларынын ээлери Улуттук Банктын башчысынын билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатышат.

Рублдин кунунун түшүшү жана сомду колдоо

Акча алмаштыруу жайларында сом апта башында орус валютасынын куну кыйла түшүп кеткенден кийин арзандады.

Бирок Абдыгулов орус валютасынын кунунун түшүшү сомго түз таасирин тийгизбестигин айтты. Акыркы бир нече күндөн бери сом рублден кымбатыраак болуп калган.

«Учурдан пайдаланып Кыргыз Республикасы менен Орусия ынак соода мамилелери боюнча байланышта болгону менен Орусиядагы алмаштыруу курстарынын Кыргызстандагы алмаштыруу курстарына түздөн-түз таасири жок экенин белгилеп кетким келүүдө», — деди ал.

Абдыгулов Улуттук банк сомдун курсун кыска мөөнөткө кармап тура алаарын айтып ишендирди. Аны менен катар ал орто жана узак мөөнөттүү перспективада Кыргызстан экономикасында түзүмдүк өзгөртүүлөрдү жасашы керектигин кошумчалады.

«Валюталардын туруктуу курсу үчүн чет элдик валютанын үзгүлтүксүз агымы керек. Буга байланыштуу Улуттук банк экспортко багытталган ишканаларды колдоо демилгеси менен чыкты», — деди ал.

«РосБизнесКонсалтинг» агенттигинин маалымат боюнча, жыл башынан бери кыргыз сому 15 пайызга арзандаган. Улуттук банк сомду колдоо үчүн 2014-жылы 460 млн. доллардан ашык каражат короткондугун билдирүүдө.