Жогорку Кеңеш вице-премьер Эльвира Сариеванын Билим берүү министрлигинин башчысы кызматына талапкерлигин колдоду. Мурунку билим берүү министри Канат Садыков 12-декабрда кызматтан бошотулган.

Кыргызстандын парламенти жаңы билим берүү министрин бекитти — пленардык жыйынга катышкан 79 депутаттын 74ү социалдык маселелер боюнча вице-премьер Эльвира Сариеванын талапкерлиги үчүн добуш беришти.

Буга чейин Сариеванын талапкерлигин парламенттин билим берүү боюнча жана адам укуктары боюнча эки профилдик комитети колдогон.

Парламенттеги КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков Сариеванын министр болуп дайындалышын ачык эле колдоп, өз позициясын вице-премьердин «жакшы потенциалы, акылдуулугу жана жаш курагы» менен түшүндүргөн.

«Мен айымдарды жакшы көрөм, анткени алар эркектерге салыштырмалуу алдына коюлган милдеттерди чечүүгө жоопкерчиликтүүрөөк мамиле кылышат, элпек, тартиптүү болушат. Сариева өзүн жакшы менеджер катары көрсөтө алды, ал акылдуу жана сабаттуу, ошондой эле –  ал жаш. Биз саясатта жаштарды көтөрүшүбүз керек», — деп билдирген парламентарий vb.kg порталына берген маегинде.

Социал-демократтар фракциясы Сариеваны 12-декабрда отставкага кеткен билим берүү министри Канат Садыковдун ордуна сунуштаган.

Билим берүү министрлигинин жетекчилигинин алмашышы абитуриенттердин Кыргыз-Орус Салвян университетинин медициналык факультетине «мыйзамсыз» кабыл алынгандыгынын, парламентарийлер тарабынан сындардын айтылышынын жана Kloop.kgнин китептерди басып чыгаруудагы мүмкүн болгон алдамчылыктар тууралуу иликтөөсүнүн фонуда орун алган.

27-ноябрда Башкы прокуратура өкмөт башчысына кайрылгандыгын билдирген — анда башкы көзөмөлдөө органы билим берүү министри Канат Садыковдун ээлеген кызматына татыктуулугу тууралуу маселени карап чыгуусун өтүнгөн. Ал кайрылуудан кийин Садыков кызматынан алынган. Бирок анын отставкасы менен ызы-чуулардын түз байланышы тууралуу эч ким айта элек.

Сариева социалдык маселелер боюнча вице-премьер кызматын 2014-жылдын апрелинен бери аркалап келет. 2012-жылдан бери ал КСДП партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Сариева медиа-уюмдардагы иштери менен белгилүү. Ал «Интерньюс-Кыргызстанды» жетектеп, эки жыл бою КТРКнын байкоочу кеңешинин жана «ЖМКларды колдоо борборунун» башчысы болгон.