Өкмөт 2015-жылдын жазынан тарта Кыргызстан чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө кириши үчүн электрондук визаларды бере баштаары тууралуу жазылган токтомду кабыл алды. Визаларды каттоо жана берүү борборлоштурулган түрдө интернет аркылуу жүзөгө ашырылат.

Электрондук визаларды киргизүү тууралуу токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду.

Электрондук визаларды берүү 2015-жылдын жазында башталат.

Электрондук визалар 2013-жылдын июлунда кабыл алынган «Сырткы миграция жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык киргизилүүдө.

Өкмөттүн билдирүүсү боюнча, визаларды каттоо жана берүү борборлоштурулган түрдө интернет аркылуу жүзөгө ашырылат, а жооптуу орган катары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы бекитилген.

«Аталган тутум чет элдик жарандар тарабынан виза алуу процедурасын белгилүү деңгээлде жөнөкөйлөштүрүп, визаларды берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн кыскарышына алып келет. Электрондук визалар тутуму өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууда оңдуу ролду ойнойт», - деп жазылган өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Алгачкы электрондук виза 60 күнгө узартуу мүмкүнчүлүгү менен берилет.

«Сырткы миграция жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр парламент тарабынан 2013-жылы кабыл алынган.

Анда өкмөт электрондук визаларды берүү тартиби иштелип чыгып, бекитилгендигин билдирген.

Визасыз режим

Бул Кыргызстандын чет элдиктердин өлкөгө киришин жеңилдеткен алгачкы кадамы эмес - 2012-жылдын июнунун башында өлкө АКШ, Европа биримдигинин жана Жакынкы Чыгыштагы бир нече өлкөлөр сыяктуу дүйнөнүн 44 өлкөсү менен виза режимин жойгон.

Кыргызстандын бийлиги ал чараларды туризмди өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу зарылчылыгы менен түшүндүрүшкөн.

Бирок ал чечимди баары эле колдой берген эмес - Тышкы иштер министрлиги консулдук жыйымдардын жок болушунан улам өлкө жүздөгөн миллион сом жогото тургандыгын билдирип, бир жыл бою виза режиминин жоюлушуна каршылыгын билдирип келген.

Андан сырткары Кыргызстанга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө бардык өлкөлөрдүн жарандары визасыз келе алышат.