Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Коргоо кеңеши жана Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы мыйзамга террористтик сайттарды соттун чечимисиз эле тосмолоо укугун бере турган өзгөртүүлөрдү даярдоодо.

Өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим курамына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Коргоо кеңеши жана Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы кирген Мекемелер аралык координациялык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Даярдалып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстандын бийлиги «террористтик, диний-экстремисттик мазмундагы» сайттарды соттун чечими жок эле тосмолой алышат.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге берген маегинде даярдалып жаткан өзгөртүүлөр Кыргызстандын аймагында террористтик же диний-экстремисттик деп табылган уюмдарга гана тийиштүү боло тургандыгын билдирди.

«Сайттын террористтик же андай эмес экендигин аныктай турган эл аралык норма бар. Ошондуктан эгер экспертиза боюнча ал материалдардын террористтик же диний-экстремисттик мүнөздө экендиги аныктала турган болсо, анда аларды тосмолоо керек», — деди Сулайманов.

Ал «толугу менен террористтик мүнөздөгү маалыматтарды камтыган» сайттарга гана тийиштүү болот — анын айтымында, мыйзам мисалы, андай мүнөздөгү видеолор менен сүрөттөрдү иллюстрация катары пайдаланган жаңылыктар сайттарына тийиштүү болбойт.

УКМКнын басма сөз катчысынын айтымында, учурдагы мыйзамдарга ылайык, прокуратура менен улуттук коопсуздук органдары сайтты экспертизадан өткөрүшөт, а аны тосмолоо боюнча чечимди сот ал экспертизалардын жыйынтыгынын негизинде чыгарат.

Азырынча соттун чечимисиз эле тосмолоо укугун кимге бере тургандыктары чечиле элек. Сулайманов андай укуктарга Башкы прокуратуранын ээ болушу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт.

Кыргызстанда «Аль-Каида», «Талибан кыймылы», «Өзбекстан ислам кыймылы» жана «Хизбут-Тахрир» сыяктуу 13 уюм террористтик жана диний деп табылган.

УКМКнын маалыматы боюнча, Кыргызстанда террористтик деп табылган уюмдардын тизмеси:

  1. «Аль-Каида»;
  2. «Талибан кыймылы»;
  3. «Чыгыш Түркстандын ислам кыймылы»;
  4. «Күрт элдик конгресси» («Конгра-Гель»);
  5. «Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму»;
  6. «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами»;
  7. «Жихад тобу» («Ислам жихадынын союзу»);
  8. «Түркстан ислам партиясы» («Өзбекстан ислам кыймылы»);
  9. «Жайшуль Махди», салафиттик багыттагы такфирист-жихаддык кыймылына кирет;
  10. «Джунд аль Халифат», салафиттик багыттагы такфирист-жихаддык кыймылына кирет;
  11. «Ансаруллох» («Ансару Аллах»), салафиттик багыттагы такфирист-жихаддык кыймылына кирет;
  12. «Ат-Такфир Валь-Хиджра»ув, салафиттик багыттагы такфирист-жихаддык кыймылына кирет;
  13. «Акромия».

Сүрөттө: Пакистандагы «Талибан кыймылы» согуштук тобунун катышуучулары, 2008-жыл.

Сүрөт: «Орто Азия Интернетте»