15-декабрь күнү жол чырак кызыл күйүп турганына карабастан каршы тилке менен бара жаткан «Ниссан Примера» унаасы Бишкектин түштүгүндө жөө адамды сүзүп кеткен.

Мамлекеттик N7400B номурлуу «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унаа Тынчтык проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жөө адамды сүзүп кеткен.

Унаа Ахунбаев көчөсүндө каршы тилке менен батышты көздөй бара жаткан. Ал сүзүлгөн учурда жол чырак кызыл күйүп турган.

Видеонун автору, Youtube сервисинин Дмитрий Давыдов аттуу колдонуучусунун айтымында, окуя 15-декабрь күнү түштөн кийин болгон.

«Кыргыз Республикасынын кезектеги эң «акылдуу» айдоочусу каршы тилке менен катуу ылдамдыкта барып, аягында жөө адамды сүздү. Тынчтык-Ахунбаев кесилиши», — деп жазган колдонуучу.