Шейшемби күнү, 16-декабрда, Орусия рублинин курсу болуп көрбөгөндөй төмөндөөсүн улантты. Бишкек убактысы боюнча 18:00гө карата евронун курсу 100 рублге чейин жетти.

Рубль эки күн катары менен арзандоосун улантууда.

Дүйнөлүк валюталар тууралуу маалыматтарды тараткан XE.com ири сайты сомго карата рублдин төмөндөгөндүгүн билдирүүдө — бир рубль үчүн 75 тыйын сунуштап жатышат. XE.comго ылайык, бир сом үчүн 1,25 рубль алууга болот.

Skrinshot-16.12.2014-184742

18:00гө карата орус валютасы рекорддук чекке чейин төмөндөп, 1 евро үчүн 100 рубль жана 1 АКШ доллары үчүн 80 рублге чейин төмөндөдү.

«Медуза» жаңылыктар топтомунун билдирүүлөрү боюнча, бир жыл ичинде рубль эки эсеге арзандаган.

Андан бери рубль өз позициясын бекемдегени менен доллар үчүн 70-74, евро үчүн 88-94 көрсөткүчүндө кармалып турган.

Ал ортодо «Профиль» коомдук-саясий журналы билдиргендей, Орусиянын «Сбербанк» ири банкы калкка насыя берүүсүн убактылуу токтоткондугун билдирди.

Рубль эки күндөн бери 10 пайыздан көбүрөөк төмөндөөсүн улантууда. 15-декабрь күнкү Москва биржасындагы соодалашуулардын жыйынтыгы бир доллар үчүн 64 жана бир евро үчүн 78 рубль көрсөткүчү менен аяктаган.

15-декабрдан 16-декабрга караган түнү Орусиянын Борбордук банкы насыя чендерин 10,5 пайыздан 17 пайызга чейин жогорулаткан, бирок улуттук валютанын кунун түшүрүүгө ал дагы жардам бере алган жок.

Насыя чени деген эмне? — «Медузанын» түшүндүрмөсү:

«Бул Борбордук банк тарабынан коммерциялык банктарга насыянын канча пайыздан бериле тургандыгынын көрсөткүчү. Төмөнкү насыя ченинде жана рублдин тез алсызданышы шартында банктарда утуштуу стратегия болот: алар Борбордук банктан акча алып, аларды валюталарга алмаштыруу менен рублдин арзандашынын эсебинен насыя ченин жаба турган киреше ала алышат.  Жогорку насыя чендери мындай операцияларды тобокелдүү кылат. Аны менен катар мындай жогорку пайыздар менен коммерциялык банктар Борбордук банктан акча алгылары келбеши мүмкүн, ошондуктан калкка жаңы насыяларды бербей калышат. Өз кезегинде ал өлкөдөгү экономикалык активдүүлүккө терс таасирин тийгизет: элдер аз сатып алышып, жаңы бизнес-долбоорлорго акча салбай калышат».

Рублдин арзандашы

Рубль 2014-жылдын башынан тарта арзандап баштаган. Бирок жазында орус валютасы кунун төмөндөтүүсүн токтоткон болчу.

Мунайга болгон баалар бир баррели үчүн 90 долларга чейин төмөндөгөн сентябрь айында рубль кайрадан төмөн көздөй түшө баштаган.

Орусиялык жана чет элдик эксперттер рублдин кунунун түшүшүн АКШ менен Европа биримдиги тарабынан киргизилген санкциялар, мунайга болгон дүйнөлүк баанын төмөндөшү жана башка себептер менен байланыштырып жатышат.

2014-жылдын мартынан тарта киргизилип баштаган АКШ менен Европа биримдигинин санкциялары орусиялык мунай-газ корпорациялары, банк жана экономика системаларына багытталган.

2014-жылдын июнунан бери мунайдын баасы дээрлик эки эсеге — бир баррели үчүн 114 АКШ долларынан 63 долларга чейин төмөндөгөн.

Андан сырткары Орусиянын Борбордук банкы рублдин кунунун төмөндөшүнүн дагы бир нече себептерин атады: өлкөнүн калкы чогулткан акчасын активдүү түрдө доллар менен еврого алмаштырууда, экспорттук товарларга (алюминий, никель) болгон баанын төмөндөшү, ошондой эле чет элдик насыя мекемелериндеги карыздарынан төлөп кутулуу зарылчылыгы.

Сүрөттүн автору: Илья Варламов.