Beeline компаниясы Android операциялык системасында иштеген жеке өндүрүштөгү жаңы смартфонун сатыкка чыгарды.

Кыргызстандын телекоммуникациялык рыногунун лидери болгон Beeline компаниясы Beeline Smart смартфонун коомчулукка тааныштырды.

Бул Beelineдин өз смартфондорун алга илгерилетүүдөгү алгачкы тажрыйбасы эмес, бирок бул жолкусунда компания даяр кураштырмаларды пайдаланбастан, девайсты толугу менен нөлдөн баштоо чечимине келген. Тетиктери Кытайда өндүрүлгөн, телефон бузулуп кала турган болсо колдоо борборунан жаңысы берилет. Кепилдиги — 1 жыл.

Beeline Smart — бул Android операциялык системасында иштеген 3G-смартфон. Ал 1,3 ГГц эки ядролук процессору жана 4 дюймдук сенсор дисплей, ошондой эле 3,2 мегапикселдүү камерага ээ. Андан сырткары Wi-Fi, Bluetooth 4.0 жана GPS-кабылдагыч бар, бирок ал Beeline операторунун сим-карталары менен гана иштейт.

Смартфондун Кыргызстан рыногундагы артыкчылыгы — 3490 сомду түзгөн жеткиликтүү баасы. Андан сырткары Beeline Smartты сатып алууда оператор белек катары айына 250 мегабайттан 6 айга 1.5 Гб интернет трафик кошуп берет.

Beeline Smart үстүбүздөгү жылдын 15-декабрынан тарта сатыла баштады.

Автор: Арсен Бусурманов