16-декабрь күнү эртең менен сом расмий түрдө рублден кымбат болуп калды. Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан бекитилген курска ылайык, эми бир сом бир рубль бир тыйын турат.

Орусиянын Борбордук банкынын жаңы курсу боюнча, бир сомду бир рубль бир тыйынга сатып алууга болот.

Болжол менен Кыргызстандын Улуттук банкынын курсу да ушундай эле. Кыргыз валютасы Орусия валютасынан 1999-жылдан бери биринчи жолу кымбат болуп калды.

Кыргыз сомунун рублге карата алмаштыруу курсунун Google Finance сервисиндеги 18-ноябрдан 16-декабрга чейинки  графиги:

Skrinshot-16.12.2014-102438

«Ведомости» гезитинин билдирүүсү боюнча, Москва биржасындагы соодалашуунун жүрүшүндө 15-декабрь күнү кечинде АКШ доллары менен евро тарыхый максимумду жаңыртып, рубль өз наркынан 9 пайызга төмөндөгөн — мындай төмөндөө 1999-жылдан бери боло элек болчу.

Америкалык валютанын курсу орус валютасына карата бир доллар үчүн 64 рублдин деңгээлинде болуп, бир евронун баасы 78 рубль 80 тыйынга жеткен.

Кыргызстандын Улуттук банкынын курсу боюнча, бир долларды 57 сом 60 тыйынга, а еврону — 71 сом 60 тыйынга сатып алууга болот.

«РБК Quote» сервисинин 2014-жыл үчүн чыгарган жыйынтыгына ылайык, рубль «дүйнөнүн эң начар валютасы» рейтингинде экинчи орун алган — ал жыл башынан бери өз наркынан 39 пайыз жоготкон.

Рейтингде кыргыз сому жыл башынан бери өз наркынан 15 пайыз жоготуп, тогузунчу орунга жайгаштырылган.

Рублдин кунун төмөндөшүнүн себептери

Орусиялык жана чет элдик эксперттер рублдин кунунун түшүшүн Украинадагы саясий каатчылыктан улам АКШ менен Европа биримдиги тарабынан киргизилген санкциялар жана мунайга болгон дүйнөлүк баанын төмөндөшү менен байланыштырып жатышат.

2014-жылдын мартынан тарта киргизилип баштаган АКШ менен Европа биримдигинин санкциялары орусиялык мунай-газ корпорациялары, банк жана экономика системаларына багытталган.

2014-жылдын июнунан бери мунайга болгон дүйнөлүк баалар дээрлик эки эсеге — 1 баррели 114 АКШ долларынан 61 долларга чейин арзандаган.

Андан сырткары Орусиянын Борбордук банкы рублдин кунунун төмөндөшүнүн дагы бир нече себептерин атады: өлкөнүн калкы чогулткан акчасын активдүү түрдө доллар менен еврого алмаштырууда, экспорттук товарларга (алюминий, никель) болгон баанын төмөндөшү, ошондой эле чет элдик насыя мекемелериндеги карыздарынан төлөп кутулуу зарылчылыгы.

Мигранттардын кирешелери азайууда

«Азаттык» радиосу рублдин кунунун түшүшү Орусиядагы кыргыз мигранттарынын кирешелерин 30-40 пайызга чейин азайткандыгын жазган.

Радионун маалыматы боюнча, эгер буга чейин мигранттар орточо эсеп менен 25-30 миң рубль (эски курс боюнча 900-1000 доллар) таап, Кыргызстанга 400-500 доллардан жөнөтүп турушкан болсо, эми ал сумма дээрлик эки эсеге чейин азайган.

«Тактап айтканда, азыр Орусиядагы кыргызстандыктар рубль менен эсептегенде ошондой эле суммадагы акчаны алышат, бирок аны долларга айлантканда мурункуга караганда кыйла эле аз болуп калууда, ошондуктан алар мекенине жөнөтүп жаткан сумма 200-300 долларды түзүүдө», — деп жазган «Азаттык» «Замандаш» ассоциациясынын Орусиядагы өкүлү Руслан Эшимовдун айткандарын.

Декабрдын башында «Рейтерс» маалымат агенттиги Кыргызстан менен Тажикстандан барган эмгек мигранттары акырындап кайрадан үйлөрүнө кайтып келе баштагандыктарын жазган.