Мамлекеттик байланыш агенттиги «жихадчы-балдар» жөнүндөгү видеону тосмолоо боюнча Кыргызстандын интернет таркатуучуларына жөнөткөн жазма буйругун чакырып алды. Видео Kloop.kg сайтына жарыяланып, бир катар интернет таркатуучулар тарабынан порталдын толугу менен тосмолонушуна себеп болгон.

Мекемеден жазма буйруктун чакырылып алынгандыгын ырасташты, бирок анын себептери боюнча түшүндүрмө беришкен жок. Мамлекеттик байланыш агенттигинин мамлекеттик көзөмөл боюнча бөлүмүнүн Мадина аттуу кызматкери 17-декабрь күнү эртең менен кайрадан чалуубузду өтүндү.

Мамлекеттик байланыш агенттиги видеону тосмолоо боюнча жазма буйругун Кыргызстандын интернет таркатуучуларына 10-декабрда жөнөткөн. Анда интернет таркатуучулар Kloop.kgнин материалындагы ал видеону тосмолоолору керектиги тууралуу жазылган.

Андан бери жазма буйрукту «Мегаком» жана «Билайн» мобилдик операторлору, ошондой эле колдонуучулардын билдирүүлөрү боюнча, 12-декабрдан 15-декабрга чейин «Кыргызтелеком» ири интернет таркатуучу компаниясы тосмологон.

12-декабрда «Кыргызтелекомдун» техникалык камсыздоо бөлүмүнүн оператору Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде сайт интернет таркатуучу тарабынан «сурамдарга жооп бербей жаткандыгын» (жеткиликсиз болуп жатканын) билдирген. Оператор 16-декабрь күнү кайрадан телефон чалып, «Kloop.kg прокуратуранын жазма буйругу менен тосмолонгондугун» айткан.

Бирок кийинчерээк «Кыргызтелекомдун» башкы директору Алмаз Кадыркулов Kloop.kgге берген маегинде алар сайтты толугу менен тосмолобогондуктарын айткан.

«Жагдай мындай: жума күнү бизге Мамлекеттик байланыш агенттигинен Башкы прокуратуранын корутундусу боюнча силердин материал кайсыл бир мүнөзгө ээ экендиги тууралуу сурам келди. Анан ал материалды тосмолообузду өтүнүштү. Бирок биз Байланыш агенттигине материалды өзүнчө тосмолоого жабдууларыбызды жок экенин, а сайтты гана толугу менен тосмолой ала тургандыгыбызды билдиргенбиз. Эгер алар сайтты толугу менен тосмолообуз керектиги боюнча резолюция бере турган болушса, ошондо гана силерди тосмолой алабыз. А силер азыр тосмолонгон жоксуңар», — деген ал.

«Мыйзамсыз» жазма буйрук

Балдардын «Ислам мамлекети» уюмунун лагеринде даярдыктан өтүп жаткандыктары жөнүндөгү материал 2014-жылдын 24-ноябрында Kloop.kg сайтына жарыяланган. Материалдын тексти британиялык Daily Mail гезитинин сайтынан алынган видео менен коштолгон.

Ошол эле күнү Казакстандын бийлиги видеону сайттан өчүрүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн.

Kloop Mediaнын негиздөөчүлөрү менен Kloop.kgнин редакциясы алардын өтүнүчтөрүн канааттандыруудан баш тартышып, анын себептерин дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө террористтик деп табылган «Ислам мамлекети» уюмунун кылмыштуу аракеттерин чагылдырууга тыюу салуу» тескерисинче, экстремизмге көмөктөшүү болуп кала тургандыгы менен түшүндүрүшкөн.

«Андай болгондо Кыргызстандын жарандары мүмкүн болчу коркунучтар тууралуу маалыматсыз калып, өз үй-бүлөлөрүнүн радикалдашпоосу үчүн алдын ала чараларды көрө албай калышмак», — деп жазылган жаңылыктар порталынын пресс-релизинде.

Эртеси Казакстан өз аймагында Kloop.kgни тосмологон.

Ошол эле күнү Кыргызстандын ИИМи видеорепортаждын жарыяланышы боюнча материалдарды Башкы прокуратурага жөнөткөндүгү жазылган пресс-релиз тараткан. Ошондой эле мекеме ал билдирүүсү менен редакциядан видеону өчүрүүсүн өтүнгөн.

Эки аптадан кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Мамлекеттик байланыш агенттиги Kloop.kgдеги «жихадчы-балдар» жөнүндөнү видеону тосмолоону талап кылышкан.

Анда медиа-укук тармагы боюнча эксперт Бегайым Усенова тосмолоо тууралуу жазма буйруктун «мыйзамсыз» экенин билдирген. Айтымында, кайсыл бир ресурска чектөө киргизүү тууралуу чечим сот тарабынан гана кабыл алынышы керек.

Kloop.kgнин кабарчылары тарабынан сурамжыланган интернет таркатуучу компаниялар видеорепортажды материалдын ичинде өзүнчө тосмолоого мүмкүн эмес экенин, ошондуктан алар репортаж жарыяланган баракчаны толугу менен жабууга мажбур боло тургандыктарын билдиришкен.

Бирок алардын айтымдарында, интернет таркатуучу компаниялардын бардыгында эле өзүнчө бир баракчаны тосмолоочу жабдуулар жок болгондуктан, «сайтты толугу менен тосмолоого туура келет».