Катуу кар жаап жаткан дем алыш күнү бекемделбеген, кооптуу сандагы курулуш материалдарын жүктөгөн жүк унаасы  Бишкектин борбору аркылуу өткөн.

Kloop.kgнин редактору Азамат Өмүралиев тарабынан тартылган видеодо КамАЗ жүк унаасы катар-катар кылып 2-2,5 метр бийикте тизилген, бекемделбеген бир топ кыш жүктөгөн бойдон Панфилов жана Медеров көчөлөрү аркылуу кетип бара жатканы көрүнүп турат.

Жүк унаасы шаардын борбору аркылуу дем алыш күнү, катуу кар жаап жаткан 7-декабрда өткөн.

Кыргызстандын жол кыймылынын эрежесинин 21.3 пунктуна ылайык, транспорт каражатынын айдоочусу жүк ташуу маалында жүктүн кулап кетпеши үчүн анын бекем жайгашканын жана абалын көзөмөлдөөгө милдеттүү.