Kloop.kgнин редакциясы бишкектик 13 сүрөтчүгө кайрылып, өзүлөрү жактырган эмгектери менен бөлүшүп, алар тууралуу кыскача айтып берүүлөрүн өтүнгөн.

Сүрөтчүлөргө өзүлөрү сыймыктанган жана жакшы деп эсептеген эмгектери менен бөлүшүү тапшырмасы коюлган. Жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

Ян Аксеновunnamed1

«Менин акыркы эмгектеримдин бири. Мени сүрөт тартууга эмне шыктандырганын айтуу кыйын, ал кездеги менин ички абалым болсо керек. «Каляка» тартканымда бир нерсеге окшоп калды, анан ага ылайыктуу түр берүү чечимине келгем деп айта алам.

Мар Амандыков

unnamed-2

«Менин колум бошобогондуктан чыгармачылыкка таптакыр убактым аз. Ошондуктан менин сүрөттөрүмдүн көбү кыска скетч (эскиздер, сомоломолор) түрүндө.

Бул сүрөт өтө эриктирме дарстын жүрүшүндө тартылган. Мен сүрөт тартыш үчүн атайылап эле алысыраак отуруп алгам. Бул эмгегимди аяктаганга чейин көп жолу өчүрүп, көп жерин өзгөрткөм. Жыйынтыгында силер көрүп тургандай түргө келди.

Бул сүрөттү эмгектеримдин эң мыктыларынын бири деп айта албайм, бирок жакшы көргөн эмгектеримдин бири экенин так билем. Сүрөттөрүмө аталыштарды ойлоп таба албайм, анткени ал эмгектеримди ар бир адам ар башкача, өзүнүн дүйнө таанымына жараша кабылдайт эмеспи. Олуттуу нерселерди, мисалы, портреттерди, пейзаж, реализмдерди тарта албайм. Мен азыр үйрөнүүнүн үстүндөмүн, баары алдыда деген үмүттөмүн».

Нурдин Арзыматов

10822151_1399813170310259_1812149795_n

«Бул мен 8 жыл мурун жасаган иллюстрация. Ал толугу менен вектордуу, Adobe Illustratorдо жасалган. Азыр анын аткарылышындагы кемчиликтерди көрүп жатсам да ал мага өтө баалуу. Бул эмгегим мен иллюстрация жасоо менен эч кандай пайда көрүүнү ойлобой, жөн гана өзүм каалаган нерсе менен алектенип жүргөн кезде жаралган.

Эч кандай мөөнөт менен акча тууралуу ойлобостон иллюстрация жасаган чындыгында эле сонун. Азыр болсо ар бир эмгекти баштоонун алдында дедлайн коюуга туура келет».

Кристина Глазунова

10609609_492060547597638_4549030819374447849_n

«Мен башкаларына караганда өзгөчө сыймыктана турган сүрөтүмдүн жоктугун түшүндүм. Ажалдуу күнөөлөргө арналган «seven devils» аттуу акыркы сүрөттөрүмдүн сериясы менен сыймыктанам. Анын тарыхы менен жана ал эмгекти аягына чейин чыгаргандыгым менен сыймыктанам.

Мага жакшы адамдар дем беришти. Канчалык деңгээлде окшошту билбейм, бирок мен бүлгүнгө алып баруучу ойлор бизди аябастан өзүнө тартып алып жаткандыгын, руханий бирдиктүүлүктү жоготуу менен кантип майда бөлүктөргө бөлүнүп кетүүгө даяр экендигибизди көрсөткүм келген.

Кайсыл бир мезгилде андай сезимдерге өзүмдүн берилип кетпегендигим жана бул ишти таштап салбагандыгым үчүн жашоомдо пайда болгон жаңы бир адамга – Жеңишбек Назаралиевге карызмын. Аны менен болгон кыска маек менин идеяларымдын туура экендигине ынандырды.

Мен бул образдар силер көрүп тургандай болгонго чейин ал тема боюнча көптөгөн адабияттарды окудум. Бул эмгегимди аткаруу менен мен руханий жактан байыдым деп ойлойм жана ал көрүүчүлөрдүн кимдир бирөөсүн ойлонууга мажбур кылды деп үмүттөнөм».

Дарья Долгополова

10833641_348413788671829_591534576_n1

«Менин тарткым келген нерсе көпчүлүк тарабынан жамандык дүйнөсүнөн алынгандай кабыл алынат. Ооба, мен андай нерселердин сүйүүчүсүмүн, бирок андан өзгөчө бир кооздукту, жагымдуулукту таба алгандыгым үчүн гана. Алардын бардыгын, формаларды, түрдүү түстөрдү тартуу да өзүнчө эле бир жагымдуулукту тартуулайт. Бул эмгек «Warrior» деген аталышта. Эмнеге экендиги көрүнүп деле турат, ажыдаар — жоокер».

Анастасия Ермолина

unnamed-3

«Жылуу эмгек. Жакшы көргөндөрүмдүн бири. Кичинекей чоң ата менен небереси түнөп алууга ылайыктуу жай издеп жүрүшөт. Аларга жолдон үй-жайсыз, алар менен бирге  жүрүүнү каалаган мышык жолугат. Экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндөгү аңгемелерди эске салды. Сүрөттү тартып жатканда өзүнчө эле бир тарых ойлоп таптым. Өз каармандарымды, жалпы эле тартып жаткан нерселердин бардыгын тең кандайдыр бир окуя, мүнөздөмөлөр менен бөлүп көрсөтүүнү жакшы көрөм. Ал сүрөттүн техникасына, палитраны тандоодо өтө чоң роль ойнойт».

Айканыш Ибраимова

«Дарыяда».
«Дарыяда».

«Мен баарынан да боектор менен дүйнө кыдырып сапарга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу көп кыялданам. Мындай кыялдануулар жакында эле Орусиядагы этюддарда болуп кайтканымдан кийин пайда болду. Мен түрдүү жерлерде пленэрларда болгом: Кыргызстанда Ысык-Көлдө, Боом капчыгайында, ошондой эле Жети-Өгүздө. А чет өлкөдө болсо мен Москва менен Ярославль облусундагы «Дарыяда» (Трубеш дарысы) деген сүрөт тартылган Переславль-Залесской деген кичинекей шаарчада болгом.

Алдыда Якутия, Бутан сыяктуу жерлерди тандоо мүмкүнчүлүгү болот деп үмүттөнөм. Мен Абхазия менен Непалдын тоолорунда бир нече этюд жаратууну каалайм. Анан албетте азыркы учурда мен үчүн эң маанилүү Кыргызстандагы «Сары-Челек» көлүнө барып келүү болсо керек».

Алексей Клименко

Stirakosaur-rodeo-1300

Бул эмгегиме мени кичинекей балдардын тирүү динозаврлар жөнүндөгү фантазиялары шыктандырды. Башка балдар сыяктуу эле кичинекей кезимде мени да ал тарыхка чейинки ажыдаарлар кызыктырчу. Анан мен родеону, бирок динозаврлар менен көрсөткүм келди.

Өзүнүн легендарлуу чабандестери, алардан кем эмес легендарлуу динозаврлары менен альтернативдүү дүйнө. Реализм үчүн мага сүрөттөөгө биздин каармандар тууралуу ойдон чыгарылган фактыларды — рекорддорду, түрдүү сиңирген эмгектерин жана албетте алган жаракаттарын кошууга туура келди.

Аны менен катар биздин чабандес буга чейин да бул динозавр менен кездешкен жана катуу жаракат алган, бирок ошентсе да  Стиракозаврда үч жолу карманып туруу боюнча дүйнөлүк рекордду жараткан.

Бул жолкусунда ал кайрадан чакырыкты кабыл алып, салмагы үч тонна болгон мүйүздүү панголин менен бетме-бет чыгууга бел байлады – чабандестин карьерасынын даңктуу аякташы.

Кандай гана ишти баштабайын мен дайыма андагы сюжетти адамдарга болушунча кененирээк түшүндүрүп берүүгө аракет кылам, мүмкүн ал аларды таң калтыраар.

Башында «Шамалдардын Чөлү» деген эмгектердин сериясын тартууну пландаштыргам, алдыда мен кеминде беш үзүндүнү бүтүрүшүм керек».

Кристина Ли

«Менин стихиям — от»
«Менин стихиям — от»

«Чынын айтканда мага дайыма өзүмдүн сүрөттөрүмө ат коюу кыйын сезилчү. Бул жакшы көргөн сүрөттөрүмдүн бири. Мен бул эмгегимде кандайдыр бир маани бар деп ойлобойм, сезим болсо болгондур. Жылуулук менен оттун күчүн кыздын образы аркылуу бергим келген. Мен отту, анын жанында отурганды жакшы көрөм, кээ бирде сааттап жалынды карап отура берем».

Жеңишбек Насыранбеков

unnamed-1

«Бишкекте жашап, Бишкекте иштейм. Башынан эле сүрөт тартам. Архитектуралык университетти аяктагам. Гезиттер, оюндар, китептер, комикстер, мультфильмдер үчүн тарткам. Бул менин жакшы көргөн ишим».

Улан Оморов

10818758_722956547791552_495918118_n-331x400

«Эмгектеримдин арасынан мыктысын же өзгөчөсүн тандап көрсөтө албайм. Алардын ар бири тең мен үчүн бирдей баалуулукта, ар биринин өзүнчө артыкчылыктары бар. Азыр болсо мен «Француженканы» тандап алдым, анткени бул менин башка стилде аткарган эң алгачкы иллюстрациям. Ошондон бери мен дайыма түрдүү стилдерде, багыттарда иштеп көрүүгө аракет кылам.

«Кесипти хоббиге, а хоббини кесипке айланта алган адам бактылуу» — андыктан мен ишенидүү түрдө өзүмдү бактылуумун деп айта алам. Сүрөт тартканды дайыма жакшы көрчүмүн, учурда FreeCards компаниясында жарнамалык открыткалар үчүн иллюстрацияларды тартып, жигердүү эмгектенип жатам.

Эмил Өмүралиев

1471374_584828251589205_2093815700_n

«Бул менин алгачкы эмгектеримдин бири, аталышы жок. Мага ал тартылган кезден бери көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болгон, дагы деле толуктала элек чыгармачылык сүрөткө болгон көз карашымды көрсөтүп тургандай сезилет. Сүрөттүн өзү тууралуу болсо бир гана нерсени айта алам — ал изденүү».

Сергей Хегай

marodeur_by_nodoxi-d5cbzkk1

«Мародёр».

«Эки мышык, мент, кабарчы, анын оператору, бийлеп жаткан үч кыз, десант менен анын мас досу, ит менин анын ээси, почтачы, колу сынган эки киши, оозуна чылым тиштеген кары адам менен анын бузуку жолго түшкөн небереси, сүрөтчү, гитар кармаган мексикалык, саксофончу, Дарт Вейдер, үйлөнүү тою, үч баласы менен ата, териштирүү, чиркөө кызматкери, CEDAдан төртөө, курулуштан төртөө, нааразы болуп жаткан нудист, официант, жаңы диндин абдан ишенген жактоочусу, велосипедчи, мародер, чарчаган клерк, скейтбордчу, эки досту сүрөткө тартып жаткан фотограф, гей, Фрэдди Крюгер, иймек баш таякчан чечкиндүү аял, китепканачы, рок-жылдыз, Альфред Хичкокко окшош адам, бактысыз үй-бүлө жубу, террорист, бир куту консерва үчүн уруш, марихуанизмдин активисти, эмне болуп жаткандыгын көрүү үчүн сабактан качып кеткен мектеп окуучуларынан турган романтикалуу жуп, топтошкон блоггерлер, анархист, жолугушууга кечигип калган Бэнкси кыз, баланы сооротуп жаткан кыз, коркок, официант, уялчаак кыз менен анын аздектеген объектиси, Джейсондун стилиндеги маньяк, телефон көтөргөн якудза… дагы көптөгөн нерселер, адамдар, окуялар…».