Кыргызстан жыл сайын чыгарылуучу Коррупцияны кабылдоо индексинде былтыркы позициясын жакшыртып, 175 өлкөнүн ичинен 136 орунга ээ болду. Бул 2013-жылдагыга караганда 16 позицияга жогору.

Коррупцияны кабылдоо индекси 3-декабрда эл аралык «Транспэрэнси Интернэшнл» уюму тарабынан жарыяланды.

Ал индексте Кыргызстан 27 упайга ээ болуп, 170 өлкөнүн ичинен 136-орунга жайгаштырылган — бул өлкөнүн кеминде акыркы эки жылдан бери биринчи жолу позициясын жогорулатышы.

Өлкө тарабынан алынчу упайлар 0дөн 100гө чейин эсептелинет, 0 мамлекеттик сектордогу коррупциянын жогорку деңгээлин, а 100 — эң төмөнкү дэңгээлде экенин түшүндүрөт.

Отчетто Кыргызстандын индекстеги рейтингинин жогорулашына эмнелердин таасир эткендиги жазылган эмес.

Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстан 126-орунга жайгаштырылган Казакстандан кийинки экинчи орунда. Коррупцияны кабылдоо индексине ылайык, аймакта Түркмөнстан эң коррупциялашкан өлкө болуп эсептелет, ал рейтингде 169-орунга жайгаштырылган.

Кыргызстан өзүнүн Евразиялык экономикалык биримдик жана Бажы биримдиги боюнча келечектеги өнөктөшү менен бир катарга жайгаштырылган. Индекске ылайык, аталган интеграциялык биримдикте анчалык коррупциялашпаган өлкө болуп Армения эсептелинет. Ал 94-орунга жайгаштырылган.

Дүйнөлүк масштабда алгачкы үч орунду Дания, Жаңы Зеландия жана Финляндия өлкөлөрү ээлеп, эң акыркы эки орунга Түндүк Корея менен Сомали өлкөлөрү жайгаштырылган.

Коррупцияны кабылдоо индексин түзүүдө 13 изилдөөнүн маалыматтары, 175 өлкөнүн эксперттеринин баалары жана ишкерлердин пикирлери эске алынган.

«Өлкөнүн эң башкы душманы»

Кыргызстандын башчысы Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү боюнча, коррупцияга каршы күрөшүү — анын президенттигинин приоритеттүү максаттарынын бири.

Кыргыз телеканалдарына берген акыркы интервьюсунда ал коррупция — бул «өлкөнүн башкы душманы» экенин жана аны менен күрөшпөсө мамлекеттин жок болуп кетүүсү мүмкүн экенин билдирген.

«Ушул жылдардын ичинде эл коррупцияга каршы күрөшсүз мамлекеттин жок боло тургандыгын түшүндү деп ойлойм, анын үстүнө менде алдыда дагы үч жылым бар», — деп билдирген ал кыргыз телеканалдары аркылуу 1-декабрда көрсөтүлгөн маегинин жүрүшүндө.

Анын айтымында, Коргоо кеңешинин алдында министрликтер менен мамлекеттик башка мекемелердеги коррупциялык схемаларды иликтеген атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Мурунку дипломаттык кызматкер, учурдагы оппозиционер Адил Турдукулов акыркы 9 жылдын ичинде Кыргызстандын бийлигин рейтингдеги позициясын жакшыртуу үчүн көп нерселерди жасай алды деп эсептейт.

Ал мисал катары 2005-жылы 130-орунда болуп, учурда 50-орунду ээлеп турган Грузияны келтирди.

«Мамлекеттик кызматтардагы иштерде эң төмөнкү чыдамдуулуктагы саясатты, күчтүү саясий эркти, жаңы кадрларды, жаңы технологияларды талап кылган өз учурунда жасалган кардиналдуу реформалардын аркасы менен Грузия далилденбеген коррупциялык айлампаны жеңип чыга алды», — деп жазган ал Facebook социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасына.CPI2014_Regions_Eastern-Europe-Central-Asi_Russian_embargoed-3-Dec