Кыргызстандын журналисттеринен турган топ чындыгында Украинанын чыгышында эмне болуп жаткандыгын өз көздөрү менен көрүү үчүн өлкөнүн аталган аймагына сапарга жөнөгөн.

Баяндоо Бектур Искендердин атынан жүрөт

Биз Донецк облусундагы Пантелеймоновка кыштагынын жанындагы дөбөдө турабыз. Ал айыл — Донецк элдик республикасынын көзөмөлүндө, бирок «украиналык» аймак менен болгон чектин дал өзүндө жайгашкан.

Дөбөнүн эң бийик жеринен Авдеевка шаарчасындагы заводдун мору көрүнүп турат — анда Украинанын сары-көк түстөгү желеги желбирейт.

«Бул райондогу убактылуу жарашуу бир дагы жолу бузула элек», — деп билдирди медициналык кызматтын «Восток» бөлүмүнүн колуна курал кармап бизди коштоп жүргөн башчысы Сергей Зенинченко.

«Биз жөнөкөй эле аскербиз да, согуштун болушун баарынан да аз каалайбыз. Тигил тараптагы аскер кызматкерлери да согушту каалашпайт, алар да тажашты. Кайсыл бир маселе боюнча сүйлөшүү керек болгон кээ бир учурларда биз блок-посттордо жолугушабыз», — деп улантат ал.

Анын сөздөрүндө дөбөнүн төмөн жагында турган украиналык аскерлерге болгон жек көрүү сезилбейт. Кооптонуу бар — Зенинченко чынында алардын артында «улутчулдук» батальондор бар болушу мүмкүн деп коркууда.

donbass_0669

Блок-посттордун аркы тарабындагы украин аскерлери да корккон абалда.

Алардын бири биздин топтун журналисттеринин паспортторун дароо бербегендигибиз үчүн кыжыры келип, кызуу кандуулук менен: «Чыгабыз, дубалга, багажды ачабыз!», деп кыйкырды.

Анан башчысы келип аны: «Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен сылыгыраак бол», деп тынчтандырды.

Үстүртөн текшерүү аяктагандан кийин биздин эч кандай коркунуч туудурбай тургандыгыз түшүнүктүү болуп, алар бизден кечирим сурап башташты.

«Кечирип койгула, абалдын кандай экенин өзүңөр деле көрүп жатасыңар да», — деди украин аскерлеринин бири.

Ukrainskij-blokpost

Мында тосмонун аркы тарабындагыдай эле — чарчаган жана уйкулары камбаган кишилер турушат. Алар Донецк элдик республикасынын күчтөрүнүн, «диверсиялык» топтордун, орусиялык атайын даярдыктагы аскерлердин чабуулдарынан кооптонушууда, анын үстүнө мында суук жана катуу шамал болуп турат.

Украин конфликти эки тараптын бири-бири тууралуу болуп көрбөгөндөй көп санда айтылган уламыштары менен мифтерин жараткан. Эки тараптагы адамдар тең бир эле маала ал мифтердин курмандыктары болуп, аларга абдан ишенген жактоочуларына айланышкан.

Алар бир өлкөдө, а мүмкүн бир облуста жарык дүйнөгө келишкендир. Бүгүнкү күндө болсо алар душманы ким экендигин жакшы түшүнбөстөн эле бири-бирине каршы согуштук аракеттерге барып жатышат.

Ошондуктан биз Донецкке болгон сапарыбыз тууралуу айдуудан мурун бүгүнкү күндө Украинада кандай мифтердин бар экендигин тактап алалы.

Донецк мифи: Киевде жалаң фашизм менен оң секторчулар

Донецктеги эң жеткиликтүү телеканалдар — орусиялык каналдар, андан сырткары жакында эле негизделген «Донецк биринчиси» телеканалы бар. Алардын контенти «фашизмди» карманган «киевдик хунта» тууралуу билдирүүлөргө толгон.

Донецктин жашоочуларынын көбү Украина бийлигине этникалык жана сүйлөгөн тилине карап баарын басмырлаган, тарыхты «бурмалаган» ультра-оңчулдар келишкенине чындап ишенишет.

Бул андай эмес.

Киевде орус тили украин тилине караганда көбүрөөк угулушу мүмкүн. Оң сектор анчалык деле таасирдүү эмес (ушул жылы болгон шайлоолордун бардыгынын жыйынтыктарын карап көрсөңүздөр), ал эми орус журналисттери тарабынан укмуштуудай айтылып жаткан «Оң сектор» уюму Киевде дээрлик байкалбайт деле.

Бирок Киевдин борборунда ноябрь айы толугу менен мына мындай сүрөттөр, жазуулар турду — булар Украинанын нацисттик Германиянын … күчтөрүнөн бошотулгандыгынын 70 жылдыгына арналган.

Posvyashhennye-70-letiyu-osvobozhdeniya-Ukrainy-ot-sil-natsistskoj-Germanii-billbordy-segodnya-mozhno-vstretit-v-samom-tsentre-Kieva2

Аталган датага араналган бардык иш-чараларды Киев шаардык радасы уюштурган. Ооба-ооба, мына ушундай жат угулган көрүнүш.

Киев мифи: Донецкте жалаң бандиттер менен талоончулар

Таң калычтуу, бирок акыркы айларда Донецкте дал бандиттер менен талоончулар аз болуп калды. Аны май айына салыштырсам болот — Донецкте башаламандык менен бийликсиздик күч алып турган май айындагы сапарымда чынында эле көчөлөрдө кандайдыр бир көзөмөлдүн жоктугунан пайдаланышкан көптөгөн адекватсыз адамдар каалаганын кылып жүрүшкөн.

Donetsk

Бүгүн абал бир аз башкача. Ооба, Донецкте сөз эркиндиги, адам укуктарынын сакталышы сезилбейт (мисалы, бирдиктүү Украина үчүн деп чыгып жаткан диний коомчулуктар өзгөчө куугунтуктарга кабылып жатышат).

Бирок Донецк элдик республикасынын өкүлдөрү Донецкти көчө башаламандыктарынан арылтууга чындап эле аракет кылып жатышат жана мен бул алардын колунан келүүдө деп айта алам.

Эгер май айында мен унаадан ашыкча жолу таптакыр чыкпоого жана беттерин чүпүрөктөр менен жаап, колдоруна балка көтөрүп жүргөн топ адамдардын (ооба, күндүз эле шаардын борборунда жүргөндөр болгон) көздөрүнө көрүнбөөгө аракет кылган болсом, бул күндөрү биз шаарга көнүп калгандан кийин көчөгө чыгып, Донецкти өз алдынча кыдырып да көрдүк.

Vid-na-Donetsk-s-verhnego-etazha-byvshej-obladministratsii1

Азыр шаарга коменданттык саат киргизилген — саат 22:00дөн кийин көчөлөргө чыгуу сунушталбайт. Коменданттык саат башталганга жарым саат калган маалда биздин кабарчылар менен абдан бир көрсөтмөлүү окуя болду.

Ээн Донецкте биз «Богемия» деп аталган дүкөнчөнү кездештирдик, анда бизди камырабаган көрүнүштөгү, биздин ар кошкон тобубузга таптакыр көңүл буруп койбогон сатуучу тосуп алды.

Биздин «Түн ичинде иштегенден коркпойсузбу?» деген сурообузга сатуучу «Эмнеден коркмок элем? Шоколад үчүн кимдин атуу беренесине туш болгусу келсин?», деп жооп берип, кроссворд толтуруусун улантты.

Киевдиктер үчүн дагы бир жаңылык — бул Донецкте орусияга ыктаган адекваттуу интеллигенциянын бар экендиги. Биз Донецк элдик республикасынын ишинин ыкмаларын да, Киевдеги бийликти да жактырбаган адамдарды жолуктурдук. Алар Украинанын биримдигин, ошол эле маалда чыгыш аймактары экономикалык жактан көз карандысыз болуп, Орусия менен тыгызыраак кызматташкыдай федерализацияны каалашат.

Ал адамдар — тилекке каршы, мен алардын аты-жөндөрүн айта албайм — сапардын алкагында мен жолуктурган адамдардын эң адекваттууларынан болушту.

Донецк мифи: Украинанын батышында оруча сүйлөөгө мүмкүн эмес, антсең токмоктоп коюшат

Мен быйыл Львовдо үч жолу болдум жана эч кандай көйгөйсүз эле дайыма орусча сүйлөп жүрдүм. Мүмкүн мен оруска окшобогондугумандыр?

Бирок сентябрь жана ноябрь айларында барганымда менин жолум болду — анда мен убактымды жергиликтүү Украин католиктик университетиндеги тренингдериме келишкен студенттердин компаниясында өткөрдүм. Студенттер өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келишкен, Луганск, Донецк облустарынан жана Крымдан келгендер болгон.

lviv_0333

«Түштүк-чыгыштан» келген студенттердин кээ бирлери украин тилинде сүйлөй алышчу эмес. Бул аларга тоскоолдук кылган жок жана эч кандай көйгөй жараткан жок.

Ал эми Крымдан келген этникалык орус студент кыз менен биз «бандеровчулардын» «Крыивка» деген белгилүү ресторанында болуп, ал жактан аман-эсен чыкканбыз.

Киев мифи: Украинанын чыгышында украин тилинде сүйлөөгө мүмкүн эмес, антсең токмоктоп коюшат

Бизде «Восток» батальонунун мурунку башчысы, учурда Донецк элдик республикасынын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жетекчиси болуп иштеп жаткан Александр Ходаковскийден интервью алганга чейин убактыбыз бар болчу.

Айдоочулар бизге бир жерден ысык кофе ичип, жылынып алууну сунушташты — эшикте абанын температурасы минус беш болчу. Биз унаага отуруп алып «Львівской майстерне шоколаду» … жайына келдик.

donbass_0670

Ооба, бул франшиза. Бирок бул львовдук франшиза. Донецкте шаарды аткылоолор күчөгөндө «Майстерня» бир айга жабылган. Бирок болжол менен октябрдын аягында ал кайрадан ачылган.

Анын ичи бүт украинче экен. Бизге келген официант кыз да украин тилинде сүйлөдү — бул жайдын түйүндөрүндө ушундай сүйлөө керек.

Жолдун бир тарабында — Донецк элдик республикасынын элдик кеңешине шайлоодогу билборддор. Экинчи тарабында — Львов шоколад мастерскою
Жолдун бир тарабында — Донецк элдик республикасынын элдик кеңешине шайлоодогу билборддор. Экинчи тарабында — Львов шоколад мастерскою

Донецкте украин тилинде сүйлөө Киевде орусча сүйлөгөнгө караганда тобокелдүүрөөк деп айтууга болбойт. Мында киевдиктер элестетип жаткандай анчалык деле коркунучтуу эмес.

Донецк мифи: Биз өз күчүбүз менен өзүбүз гана согушуп жатабыз, Орусия бизге жөн гана гумжардам жана волонтёрлор менен жардам берүүдө

Алгач Орусия менен Донецк элдик республикасынын украин кагылышууларына чыгыштагы коңшусунун катышып жаткандыгын четке каккандыктары кызык.

Бирок айды этек менен калкалай албайт эмессиңби — Донецкте журналисттердин саны ушунчалык көп дейсиз, алардан кофликтке Орусиянын катышып жаткандыгын жашыра албайсың.

Ошондуктан кайсыл бир учурдан тарта риторика өзгөрүп, кеп «волонтёрлор» жөнүндө болуп калды. Волонтёрлордун бири бизге берген маегинде Казан шаарынан келгендигин, жайында Орусиянын Ростов шаарынын жанында окуудан өтүп, андан соң Донецк элдик республикасынын көзөмөлүндөгү аймакка жөнөтүлгөндүгүн камерага айтып берди.

Жазында Донецкте Чеченстан менен Осетиядан барган «волонтёрлордун» батальону тууралуу алгачкы маалыматтар пайда болгондо ал дагы миф сыяктуу сезилген. Бирок бүгүн ал таптакыр жашырылбай эле.

«Восток» батальонунун базаларынын биринде мына мындай сүрөт менен желек илинип турат:

Alaniya

Батыш журналисттери менен кызыл-ак-сары (Осетиянын желегиндеги түстөр) тигиштери бар форма кийген куралчан адамдар чогула турган «Рамада» мейманканасындагы лаундж-бардын биринчи кабатында осетин тили англис тилине караганда аз угулбайт.

Мына бул көрүнүштү сүрөткө өзүм тарттым:

Osetinskie-soldaty-vozle-otelya

Алардын бирине «Айфонун» мейманканын вай-файына туташтырууга жардам бердим.

Бирок осетин волонтёрлору төрт жылдыздуу «Рамададагы» лаундж-барга акчаны каяктан алышкан?

Биз өз көзүбүз менен номурлары жок аскердик жүк ташуу унааларын көрдүк. Европа коопсуздук кызматташтык уюму менен «Рейтердин» журналисттери көргөн Орусиянын чегинен чыгып келе жаткан жүк унааларынын дал өзүндөй.

Gruzovik-bez-nomerov-v-okrestnostyah-Donetska

Кайсыл бир күнү кечинде жогоруда айтылган «Рамадада» тамактануу үчүн төмөн түшүп келе жатып колдоруна автоматтарды кармашкан атайын даярдыктагы аскерлерди жолуктурдук — алар эч кандай белги коюлбаган форма кийип алышып, биринчи кабатка толуп кетишиптир. Бирөөсү тепкичте, экинчиси залдын борборунда болсо дагы бири даараткананын жанына жайгашкан.

Бир канча убакыттан кийин мейманканага ошондой эле белги салынбаган форма кийген жана колдоруна чемодандарды кармаган адамдардан турган топ кирди. Алар лифтти көздөй барышып, анан «Рамаданын» чеги жок имаратына сиңип жок болушту.

Анан да алар украин говорусуз сүйлөп жатышты.

Киев мифи: Биздин армия баатырлардан турат, эч качан балдарды өлтүрүшпөйт, мектептерге ок атышпайт

Азыркы тапта калк украин армиясын болуп көрбөгөндөй жакшы көрөт жана ал элден аябагандай чоң жардам алып турат.

Украиндиктер алардын сүйүктүү аскерлери кандайдыр бир өтө жаман нерселерди кылуулары мүмкүндүгүнө ишенгилери келишпейт. Турак райондору менен мектептерге ок атуу темасын айланып өтүшөт, же андай аракеттерди «жикчилдер чагымчылдык кылышкандыгы» менен түшүндүрүшөт.

Ооба, Донецк элдик республикасынын өкүлдөрүнүн чынында эле калк жашаган кварталдарда согуштук позициялары бар, алар аны жашырышпайт дагы (бирок алардын масштабдарын бир аз азайтып жаткандыктарына ишенем).

Бирок бул факт украин армиясы тарабынан Донецк облусунун Степановка айылындагы мектептин талкаланышын эч актай албайт деп ойлойм:

Unichtozhennaya-ukrainskoj-armiej-shkola-v-sele-Stepanovka-Donetskoj-oblasti

Эки жактын бири-бириникине окшогон мифи: Биздин маалымат каражаттарыбыз эң чынчыл жана адилеттүү, а карама каршы тараптыгы — жалаң пропаганда

Учурда орусиялык да, украиналык да маалымат каражаттары бирдей деңгээлде начар иштеп жатышат. Эки тарап тең пропагандист болуп калышты.

Болгон айырмасы Орусиялык маалымат каражаттарынын пропагандасы борборлоштурулган жана бийлик тарабынан башкарылат. Украин маалымат каражаттарында болсо пропаганданы ар бир басылма өз алдынча башкарат.

Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарын донецктик жикчилдер абдан жакшы көрүшөт. Мен Донецк элдик республикасынын бир аз ичип алган өкүлү мейманканада «Россия» телеканалынын журналистин көрүп калып: «Вася, кел бери, сени кучактап коеюн!», деп бүт кабатты жаңырта кыйкырганын көрдүм.

Андан соң ал журналисттин жанына отуруп, маектешине «Россиянын» журналисттеринин кандай баатыр, эр жүрөк экендиктерин айтып берип жаткандыгына күбө болдум. Орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттары Донецк элдик республикасынын башкаруу түзүмү менен дээрлик биригип, анын алдындагы өзүнчө эле бир оруэллиандык чындык министрлиги болуп калышкан сыяктуу.

Украин маалымат каражаттарынын абалы башка. Алардын көпчүлүгүндө өз кабарчыларын Донецк элдик республикасынын көзөмөлүндөгү аймактарга жиберүүгө мүмкүнчүктөрү жок, ошондуктан аларда фактылардын чындыгын тактоодо өтө чоң көйгөйлөрү бар. Аны менен катар алар контексттен өзүнчө бир фактыларды бөлүп алып, аларды он эсеге чейин апыртып жиберүүнү абдан жакшы көрүшөт.

Назарбаев Евробиримдикке жакындоо тууралуу билдирүү жасаса — украин маалымат каражаттары аны «Назарбаевдин Бажы биримдигинен чыккысы келүүдө» деп кошуп беришет.

Ошондуктан «Громадске ТВнын» эл аралык укуктарды орусияга ыктаган күчтөр гана бузуп жаткандыгын мойнуна алгысы келбегендиги үчүн эфиринен Human Rights Watchтун өкүлү Татьяна Локшинаны өчүрүп салышы:

Russia Todayдин кызматкери Грэм Филлипс Славянсктын жашоочуларынан үйлөрүн дал «киев хунтасы» аткылагандыгын айттыра албай жатканындай эле уяттуу:

Көрүп жатканыңардай, тараптардын бири-бири жөнүндөгү уламыштары менен мифтери толтура. Материалдын кийинки бөлүктөрүндө биз Донецкте эмне көргөндүгүбүз тууралуу кенен айтып беребиз.

Уландысы бар...

Сүрөт: Бектур Искендер
Редактор: Хлоя Гейне