Башкы прокуратура премьер-министр Жоомарт Оторбаевден билим берүү министри Канат Садыковдун ээлеген кызмат ордуна татыктуулугу жөнүндөгү маселени карап чыгуусун өтүндү. Бул абитуриенттер жогорку окуу жайга «мыйзамсыз» кабыл алынгандан кийин болууда.

27-ноябрда Башкы прокуратура өкмөт башчысына жолдогон кайрылуусу тууралуу билдирди — анда башкы көзөмөлдөө органы билим берүү министри Канат Садыковдун ээлеген кызматына татыктуулугу жөнүндөгү маселени карап чыгуусун өтүнгөн.

Бул 2013-жылдын сентябрында 24 абитуриенттин Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине «мыйзамсыз» кабыл алынгандыгы маалым болгондон кийин орун алууда.

«Токтом Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри К.Садыковдун, Кыргыз-Орус Славян университетинин рекору В.Нифадьевдин ээлеген кызматтарына татыктуулугу жөнүндөгү маселени карап чыгуу үчүн премьер-министрге жөнөтүлдү», — деп жазылган билдирүүдө.

Башкы прокуратура студенттер билим берүү министринин буйругу жана Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Владимир Нифадьевдин чечими менен кабыл алынышкандыгын билдирүүдө. Бирок тергөөнүн маалыматы боюнча, абитуриенттер төмөнкү балл алышып, «кабыл алынуу укугуна ээ эмес болгон».

«[…] тестирлөө боюнча алардын жалпы баллы белгиленген чектен төмөн болгон — абитуриентке сынакка катышуу укугун берүүчү мүмкүн болгон максималдуу баллдын 40 пайызын түзгөн», — деп билдирди көзөмөлдөө органы.

Башкы прокуратура студенттердин кабыл алынышы фактысын «мыйзамсыз» деп атоодо.

«Жогоруда белгиленген фактылар абитуриенттердин Кыргыз-Орус Славян университетине кабыл алынгандыгынын  мыйзамсыздыгын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри К.Садыков менен аталган окуу жайдын ректору В.Нифадьев тарабынан өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарбай, Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын одоно бузгандыктарын көрсөтүп турат», — деп билдирди көзөмөлдөөчү орган.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматындагылар Башкы прокуратуранын Канат Садыковго карата айткан айыптоолору боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты — басма сөз кызматтын билдирүүсү боюнча, бул боюнча министр иш сапардан келгенден кийин түшүндүрмө берет.

«Бул боюнча биз түшүндүрмө бербейбиз. Министр азыр Азербайжандын Баку шаарында. Ал келгенде баарын өзү айтып берет», — деп билдиришти Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан.

«Окууга өткөрүү үчүн 14 миң доллар»

Буга чейин, 25-ноябрда Башкы прокуратура депутат Каныбек Осмоналиевге каршы кылмыш ишин козгогон — тергөөнүн маалыматтары боюнча, ал абитуриенттерди Кыргыз-Орус Славян университетине өткөрүүнү сунуштап, Билим берүү министрлигине кат жөнөткөн.

Тергөө анын абитуриенттерди окуу жайга кабыл алуу өтүнүчүн «мыйзамсыз» деп атоодо — Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал Кыргыз-Орус Славян университетинин медицина факультетине 24 абитуриентти өткөрүү үчүн 14 миң доллар алган.

Кылмыш иши Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «пара алуу» беренелеринин негизинде козголгон.

Kloop.kgнин кабарчысы Осмоналиев менен байланышты, бирок ал бош эмес экендигин айтып, эч кандай түшүндүрмө бере алган жок.

Депутаттын өзү маалымат каражаттарына берген буга чейинки маектеринде сунуштама кат жөнөткөндүгүн четке какпастыгын, бирок кылмыш ишинин дал ага каршы козголгондугуна таң калып жаткандыгын билдирген.

Осмоналиевдин айтымында, абитуриенттерди окуу жайга кабыл алуу тууралуу акыркы чечимди Билим берүү министрлиги менен Кыргыз-Орус Славян университети кабыл алган.

Автор: Беназир Ибраимова