Пресс-релиз: «Жихадчы-балдар» жөнүндөгү видео Kloop.kgге таандык эмес

Kloop.kgнин редакциясы «Ислам мамлекетинин» лагеринде машыгып жаткан казак балдары тууралуу видео-материалды Kloop.kgге таандык деп жазган 24.kg маалымат агенттиги менен «Белый парус» интернет-порталынын маалыматтарын четке кагат.

24.kg агенттигинин «Кыргызстандын ИИМи «Клооптун» «Ислам мамлекетинин» лагеринде машыгып жаткан балдар тууралуу материалын Башкы прокуратурага жөнөттү» деген темасы (http://ky.kloop.kg/2014/11/26/kloop-kgnin-zhihadchy-baldar-zh-n-nd-g-materialy-prokuraturaga-zh-n-t-ld/) — чындыкты көрсөтпөйт.

Kloop.kgнин материалындагы 75 секундга созулган видео (http://ky.kloop.kg/2014/11/24/islam-mamleketinin-videosu-kazakstandan-bargan-baldar-kapyrlardy-lt-r-turgandyktaryn-bildirish-d/)  британиялык «Дэйли Мэйл» гезтинин редакциясы тарабынан монтаждалган, Kloop.kgнин редакциясы тарабынан жасалган эмес жана эч өзгөртүлгөн эмес. Видеонун түп нускасы «Ислам мамлекетинин» мүчөлөрү тарабынан тартылган — ал 15 мүнөткө чейин созулат.

Видео сайтка иллюстрациялык максатта жана материалды коштогон башкы маалыматтын ырастамасы катары гана «Дэйли Мэйл» порталынан алынып жайгаштырылган.

Kloop.kgнин редакциясы кесиптештерди билдирүүлөрүндө тагыраак болуп, «Ислам мамлекетинин» мүчөлөрү тарабынан тартылган видеого Kloop.kgни автор катары көрсөтпөөгө чакырат.

Редакция Казакстандын бийлигинин өлкө аймагында Kloop.kgни тосмолоо жөнүндөгү чечимине капаланып, (http://ky.kloop.kg/2014/11/26/kazakstan-zhihadchy-baldar-zh-n-nd-g-materialdan-kijin-kloop-kgni-tosmolodu/) кыргыз бийлигин коңшу өлкөнүн басымына көнүп бербестен, тескерисинче, балдардын терроризмге тартылып жаткандыгы көйгөйүн көтөрүп чыгып, коомчулукка билдирип жаткан өз журналисттерин коргоого чакырат.

Дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө террористтик деп табылган «Ислам мамлекети» уюмунун кылмыштуу аракеттерин чагылдырууга тыюу салуу тескерисинче, экстремисттерге көмөктөшүү болуп калат. Андай болгондо Кыргызстандын жарандары мүмкүн болчу коркунучтар тууралуу маалыматсыз калып, өз үй-бүлөлөрүнүн радикалдашпоосу үчүн алдын ала чараларды көрө албай калышмак.

Kloop.kg редакциянын материалдарын прокуратурага жөнөткөн ИИМдин аракеттерине нааразы. Өзгөчө Kloop.kg Кыргызстандын жарандарын «Ислам мамлекети» тарабынан согуштук аракеттер жүрүп жаткан өлкөлөргө кетирбөө боюнча укук коргоо органдарынын иштерин кенен чагылдыргандан кийин (ttp://ky.kloop.kg/2014/11/19/otchet-globalduu-terrorizm-kyrgyzstanga-deerlik-taasirin-tijgizbej-ele/).

Редакция иштин жакшы жакка чечилишине үмүттөнөт жана портал «терроризмди пропагандалап жатат» деп шектенип калышы мүмкүн болгон Кыргызстандын Ички иштер министри тараптан кечирим суроо болот деп күтүүдө.