Кыргызстандын ички иштер министрлиги (ИИМ) дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө террористтик деп табылган «Ислам мамлекети» уюмунун лагеринде машыгып жатышкан казак «жихадчы-балдар» жөнүндөгү материалды прокуратурага өткөрүп берди.

ИИМ 25-ноябрда өзүнүн сайтына казак балдарынын «Ислам мамлекетинин» лагеринде машыгып жаткандыктары жөнүндөгү материал прокуратура органдарына өткөрүлүп берилгендиги жазылган пресс-релиз жарыялады.

Кыргыз ИИМи мындай кадамга Казакстандын бийлиги дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө террористтик деп табылган уюмдун лагеринде машыгуудан өтүп жаткан балдар тууралуу жарыяланган материалды өчүрүү өтүнүчү менен Kloop.kgнин редакциясына кайрылгандан кийин барууда.

«Казак Республикасынын Байланыш жана маалымат министрлигинин өкүлдөрүнүн бир катар мыйзам чыгаруу актыларына, анын ичинде эл аралык мыйзамдарга таянып «Ислам мамлекетинин» лагеринде машыгуудан өтүп жаткан казак балдары тууралуу материалды өчүрүү өтүнүчү менен Бишкектеги маалымат агенттиктеринин бирине кайралуусуна чейин жеткен», — деп жазылган ИИМдин пресс-релизинде.

Милиция терроризмге каршы туруу жөнүндөгү Кыргызстандын кылмыш кодекси менен мыйзамдарынан үзүндү келтирген — анда террористтик ишмердүүлүктөрдү жасоо чакырыктары же терроризмди  коомчулук алдында актоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралгандыгы жазылган.

Азырынча ИИМ Kloop.kgнин материалында бул элементтерди бар деп эсептээр-эсептебеси белгисиз. Бирок милиция жалпыга маалымдоо каражаттарын ЖМК жана терроризмге каршы туруу жөнүндөгү мыйзамдарды сактоого чакырууда.

«[…] Дүрбөлөңдү баштабастан өзүнүн коомчулукка маалымат жеткирүү милдетин унутпоо, маалыматтын маанилүүлүгүнүн жана анын потенциалдуу кооптуулугунун даражасын баалоо, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдарды даярдап, жарыялоонун алдында этият болуу», — деп жазылган пресс-релизде.

Kloop.kg порталынын негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер Kloop.kgге берген маегинде Ички иштер министри жарыялаган пресс-релизге нааразы экенин билдирди.

«Эгер пайда болгон маалыматка карата реакция жасоонун жалгыз жолу — бул маалымат каражаттары менен териштирүү жүргүзүү аракети болсо, анда бул пресс-релиз алардын (ИИМдин) терроризм менен күрөшүүдөгү алсыздыгын көрсөтүүдө. Ал биздин Ички иштер министрлигинин Казакстан тараптан терс реакциянын болушунан коркоорун жана түндүк коңшулардын таарынбашы үчүн канча жаранын болсо да жазалоого даяр экенин көрсөтүүдө», — деди ал.

«Биз ИИМден кыргыз балдарынын Сирияга жөнөп жатышына каршы кандай аракеттердин көрүлүп жаткандыгы тууралуу пресс-релиз албагандыгыбыз өтө өкүнүчтүү. Биз көйгөйдү чечилишинин чыныгы жолдорунун ордуна ишмердүүлүктөрүн кызуу сымалдаштыргандыктарынын мисалын көрүүдөбүз», — деп улантты порталдын негиздөөчүсү.

«Жихадчы-балдар» жана Казакстандын реакциясы

«Ислам мамлекетинин» лагеринде Казакстандан барган балдардын машыгуудан өтүп жаткандыктары жөнүндөгү материал 24-ноябрь күнү Kloop.kg маалымат порталына жарыяланган. Анда балдардын араб тилин окуп, курал колдонуу ыкмаларын үйрөнүп жаткандыктары тартылган видео сүрөттөлгөн.

Видео келечекте «капырларды өлтүрүп», «жихадчы» боло тургандыгын айткан баланын маеги менен аяктайт.

«Бул машыгуучу лагерде биз ыйык Куранды, араб тилин, таджвид (Куран окуу эрежелери) жана фикх (мусулман укугу) окуп атабыз. мунун бардыгын биз Алланын ыраазычылыгы үчүн окуп үйрөнүп жатабыз. Азыркы тапта биз лагерде машыгып атабыз. Биз силердей капырларды өлтүрөбүз», — дейт кичинекей бала казак тилинде көрүүчүлөргө кайрылып.

Казакстандын бийлиги ал материалга карата реакциясын ошол эле күнү билдирди — Байланыш жана маалымат министрлигинин алдындагы Компьютердик инциденттерге аракет этүү кызматынын өкүлү Бөтөгөз Абсаттарова порталдын негиздөөчүсүнө жөнөткөн катында материалды өчүрүүнү өтүнгөн.

Шилтеме: Казакстандын бийлиги жөнөткөн каттын түп нускасы

Ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин терроризмге каршы туруу боюнча 1373-резолюциясы менен Казакстандын экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамдарына шилтеме жасаган.

«Аны менен катар адамдарды үгүттө, жалдангычтарды үйрөтүү жана Казакстан Республикасынын жарандарынын билип туруп катышуулары Казакстан Республикасынын Кылмыш кодексинин 162чи жана 162-1 беренелерине ылайык, кылмыш болуп эсептелет», — деп жазылган билдирүүдө.

Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер материал толугу менен бейтарап экенин жана анда эч кандай терроризмди пропагандалоонун жоктугун билдирип, Казакстандын бийлигинин материалды өчүрүү өтүнүчүнө баш тартуу менен жооп берген.

Шилтеме: Kloop.kgнин негиздөөчүсүнүн берген толук жообу

«Сиздер терроризмге каршы күрөшүүгө байланышкан эл аралык нормаларды туура эмес түшүндүрүп жатат окшойсуз. Террористтик топтордун ишмердүүлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды таратуу кайсыл бир эл аралык норманын бузулушу катары эсептелбейт. Андай болсо «Ислам мамлекети» уюмунун ишмердүүлүгүн чагылдырып жаткан бардык дүйнөлүк маалымат каражаттары эбак эле массалык куугунтукка кабылышмак. Бирок андай болбой эле», — деп жазган Искендер.

Бул жооптон кийин Казакстандын бийлиги өлкө аймагында Kloop.kgнин материалын тосмологон — аны материалга кире албай жаткан казак колдонуучуларынын жазган пикирлери менен дүйнө өлкөлөрүндөгү сайттардын иши боюнча онлайн-сервистердин маалыматтары ырастап турат.