«Прецедент өнөктөштүк тобунун» юристтери Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча иш-чаралардын планынын кабыл алынышы боюнча сотко кайрылышты. Буга чейин премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстанда «башка альтернативанын жоктугун» билдирген болчу.

«Прецедент» тарабынан жолдонгон даттануу боюнча угуу 2-декабрда Бишкек шаардык сотунда өтөт — юристтердин башкы дооматы Кыргызстандын бийлиги биримдикке кирүү боюнча «жол картаны» кабыл алуунун алдында коомдук угууларды өткөргөн эмес.

«[...] «жол картасы», тактап айтканда, чаралардын жыйындысынын (а бул 181-пункт) түздөн-түз жарандардын кызыкчылыктарына тиешелүү болгон пункттары коомдук талкуулардан өтүшү керек болчу. Мисалы, чаралардын жыйындысына 113 мыйзамдан турган мыйзамдарды бир түргө келтирүү жол-жобосу кирет. Дал ушул үчүн эле төрт айдан ашык убакыттан да көп убакыттын талап кылынышы керектиги көрүнүп турат», — деп жазылган «Прецеденттин» билдирүүсүндө.

Мындай билдирүү Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши жөнүндөгү документтерге кол коюу пландалган күнгө дээрлик бир ай калганда айтылды.

«Прецедент» өкмөт жарандардын интеграция сыяктуу маанилүү маселе боюнча коомдук талкууларга болгон укуктарына тоскоолдук кылды деп эсептейт.

«[...] тийиштүү коомдук талкуулар өткөрүлгөн жок. Ошондой эле нормативдик укуктук актылардын долбоорлоруна киргизүү же киргизбөөнүн негизделген себептери көрсөтүлгөн сунуштар тууралуу жыйынтыктоочу маалымат даярдалган эмес», — деп билдирди юридикалык фирма.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев EurasiaNet жаңылыктар порталына берген 15-ноябрдагы маегинде Кыргызстанда Бажы биримдигинен «башка альтернативанын» жоктугун билдирген.

«Биз чоң биримдикке биригип жаткан кичинекей экономика болуп эсептелебиз жана бирде й пайда менен артыкчылыктарга ээ болобуз. Биз кемчиликтерине караганда жакшы жактары көп болот деп ойлоп атабыз … Башка альтернатива жак», — деп жазган EurasiaNet Оторбаевдин айткандарын.

Президенттин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков «Внешняя политика» басылмасына берген маегинде Кыргызстандын бийлиги өлкөнүн Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүү жөнүндөгү макулдашуу боюнча жол-жоболорду 2014-жылдын 23-декабрына чейин аяктоого ниеттенип жатканын билдирген.

Көрсөтүлгөн күнгө чейин Кыргызстандын парламенти мыйзамдарды Бажы биримдиктин талаптарына ылайыктоо үчүн 40ка чукул мыйзам долбоорун жана нормативдик-укуктук актыларга киргизилген 100дөн ашык өзгөртүүлөрдү кабыл алышы керек.

Кыргызстан Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге 2014-жылдын декабрынын аягында кирүүгө ниеттенүүдө. Бул боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы эле башталган, бирок идея өлкө жарандарынын ар түрдүү пикирлерин жараткан.

Өлкөнүн Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлерине Казакстан, Орусия сыяктуу чоң товар сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептеп келишет.

Каршылаштары болсо Кытайдан алынып келинген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайра экспорттоо менен Кыргызстандын экономикасына кыйла эле салым кошуп келген ишкерлердин банкрот болушу ыктымалдыгынан жана Орусиянын Кыргызстанга карата саясий таасиринин күчөшүнөн чочулап жатышат.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы болгон активисттердин тобу бир нече жолу Бишкекте нааразычылык акцияларын өткөрүүгө аракет кылышкан, бирок аларга дайыма укук коргоо органдары тоскоолдук кылып келишет