Экономика жана тынчтык институту (ИЭМ) глобалдуу терроризмдин дүйнө өлкөлөрүнө тийгизген таасири боюнча отчетун жарыялады. Анда  Кыргызстан 162 өлкөнүн ичинен 112 орунга жайгаштырылган — бул өлкөгө террористтик таасирдин дээрлик жок экендигин билдирет.

Терроризмдин дүйнө өлкөлөрүнө тийгизген таасири боюнча жарыяланган отчетто Кыргызстан тизмеде 112чи болуп жайгаштырылып, жалпысынан глобалдуу терроризмдин таасирине кабылбаган өлкө катары эсептелинген.

Өлкөлөрдүн рейтинги террористтик чабуулдардын, курмандыктардын, жабырлануучулардын санына жана келтирилген мүлктүк зыяндардын өлчөмдөрүнө карап түзүлгөн.

ИЭМдин маалыматтары боюнча, 2013-жылдын ичинде Кыргызстанда бир дагы террористтик чабуул болгон эмес, андан улам жабырлануучулар да, жаракат алгандар да жок болгон. Салыштырмалуу өткөн жылдын ичинде Орусияда андай чабуулдардан каза болгондордун саны 130 кишиден ашып, жаракат алгандар 270ке чукулдаган.

Борбордук Азия аймагынын алкагында терроризмдин таасири баарынан Кыргызстанда аз. Теракттар жана ага окшогон окуялар баарынан Казакстандын аймагында көп болгон — ИЭМдин маалыматы боюнча, өлкөдө 2013-жылы андай үч окуя болуп, бир киши жаракат алган.

Жалпы дүйнөлүк рейтингдин тизмесинин алдыңкы саптарында Ирак, Ооганстан, Пакистан, Нигерия жана Сирия өлкөлөрү жайгашкан — ИЭМдин маалыматтары боюнча, дүйнөдөгү террористтик чабуулдардын курмандыктарынын 80 пайызы аталган өлкөлөрдө.

Изилдөөгө ылайык, жалпысынан 2013-жылдагы теракттардан дээрлик 18 миң киши курман болгон — бул 2012-жылга салыштырмалуу 60 пайызга көп.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге берген маегинде атайын кызматтагылар Сириядагы согушка кеткен Кыргызстандын жарандары кайтып келгенден кийин өлкөдөгү абал өзгөрүп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жаткандыктарын билдирди.

«Согуш бүткөндө алар мекенине кайтып келишет. Эң башкысы алар кайтып келишсе бул жакта да түрдүү террористтик иш-чаралар менен алектенүүлөрү мүмкүн деп кооптонуп жатабыз. Бул боюнча иштер жүрүп жатат», — деди ал.

УКМК Сириядагы согуштан кайтып келген кыргызстандыктар мекенинде экстремисттик ишмердүүлүктөрдү баштайт деп коотонууда.
УКМК Сириядагы согуштан кайтып келген кыргызстандыктар мекенинде экстремисттик ишмердүүлүктөрдү баштайт деп коотонууда.

Сулайманов УКМК менен жергиликтүү органдар Сириядагы абал боюнча алдын-алуу иш-чараларын өткөрүп жаткандыктарын айтты — атайын кызматтагылар менен жарандык активисттер жергиликтүү жаштарга анда «жихад эмес, а саясий тараптардын каршылашуусу жүрүп жатканын» түшүндүрүшүүдө.

УКМКнын расмий маалыматы боюнча, жалпысынан Сирияга Кыргызстандын 150 жараны кетип, алардын 8и ал жакта курман болушкан.

«Согуштук аракеттерге катышуу үчүн Сирияга бара жатканын эч ким айтпайт. Кыргызстандын жарандары түрдүү шылтоолор менен кетип жатышат — мисалы, окууга, бизнес жүргүзүүгө же турист катары. Анан алар кандайдыр бир жолдор менен согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакта болуп калышууда», — деди Сулайманов.

Ноябрдын башында EurasiaNet жаңылыктар порталы «Ислам мамлекети» сыяктуу экстремисттик уюмдар тараптан келип жаткан потенциалдуу коркунучтар боюнча «тынчсыздануулар» божомолдоо жана ой жорулар менен гана жүрүп жатканын жазган.

«Бирок кээ бирлери Ислам мамлекетине байланышкан тынчсызданууларды кубануу менен кабыл алып жатышат. Күч түзүмдөрү ислам экстремисттери тараптан келип жаткан коркунучтарды өз мекемелеринин бюджетин көбөйтүү жана кошумча эл аралык жардамдарды тартуунун куралы катары пайдаланып жатышат», — деп жазылган EurasiaNetтин макаласында.

Жазаларды катаалдатуу

Басма сөз катчы учурда УКМК террористтик уюмдарга же аракеттерге тиешеси бар болгондорго карата жазаларды катаалдатууну сунуштаган мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жаткандыгын айтты. Жалпысынан Кыргызстанда бийлик тарабынан экстремисттик уюм деп табылган 13 уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Өзгөртүүлөр бир нече мыйзамдарга жана актыларга киргизилет, мисалы, «Терроризмге каршы күрөшүү жөнүндөгү» мыйзам менен Кылмыш кодексине — УКМК террористтик уюмдарга же аракеттерге тиешеси барлар үчүн минималдуу жаза мөөнөтүн 5 жылдан 20 жылга чейин узартууну сунуштап жатат.

«Экинчи мыйзам долбоору жалданмачылык боюнча [жазаны катаалдатуу]. Азыркы тапта жазалар анча деле катаал эмес. Бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Эгер аны жактырышса, анда ал коркунучту азайтат», — деди Сулайманов.

Орусиянын «Биринчи каналынын» сюжетинде Сирияга согушууга барып, бирок жергиликтүү атайын кызматтар тарабынан колго түшүрүлгөн Кыргызстандын жарандары көрсөтүлгөн.
Орусиянын «Биринчи каналынын» сюжетинде Сирияга согушууга барып, бирок жергиликтүү атайын кызматтар тарабынан колго түшүрүлгөн Кыргызстандын жарандары көрсөтүлгөн.

УКМКнын маалыматы боюнча, учурда мекеменин тергөө абагында эл аралык террористтик уюмдарга тиешеси бар болушу мүмкүн делген 36 киши бар.

«Учурда алардын түрдүү эл аралык террористтик уюмдарга тиешелери бардыгы такталууда. Алар карактоого барышып, андан түшкөн акчага Бишкек менен Ошто теракттарды жасоо үчүн курал-жарак сатып алгылары келишкен», — дейт Сулайманов.

«Диний экстремизм»

Радикалдуу экстремизм менен күрөшүү маселеси Коргоо кеңешинин үстүбүздөгү жылдын ноябрынын башындагы жыйынында көтөрүлгөн. Анда президент Алмазбек Атамбаев мамлекет диний чөйрөгө көзөмөлдү күчөтө тургандыгын билдирген.

«Белгилүү болгондой, радикалдуу исламдашуунун чыныгы исламга эч кандай тиешеси жок. Ал жалпы мусулман дүйнөсүнө чоң коркунуч жаратат. Бирок бир катар объективдүү жана субъективдүү факторлорго байланыштуу кыргыздарга, калыптанып келе жаткан кыргыз улутунун өзгөчөлүктөрүнө  өзгөчө коркунуч туудурат», — деп билдирген анда президент.

Коргоо кеңешинин алкагында Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынган — УКМКнын өкүлүнүн айтымында, ал концепция боюнча иштер 2015-жылдын январынан тарта башталат.

Буга чейин дин таануучу Галина Колодзинская Kloop.kgге берген маегинде концепциянын алкагында сунушталып жаткан эксремизмге каршы күрөшүү чаралары ал көрүнүшкө каршы туруучу ресурстар менен техникалык камсыздоолордун жоктугунан улам натыйжалуу болбостугун билдирген.

«Адамдардын андай радикалдуу уюмдардын мүчөсү болууну артык көрүп жаткандыктарынын объективдүү себептери бар. Көпчүлүк учурларда ал жөнөкөй эле жакырчылык. Андай уюмдар колунда жок адамдарга каржылык жактан жардам беришет, мисалы, дарыланууга кеткен акчасын төлөп берип. Ошентип алар коомдо кадыр-баркка ээ болуп башташат. [Экстремисттик уюмдардын] калк арасында популярдуу болушунун себеби социалдык-экономикалык төмөндүктө жатат жана анын динге түздөн-түз тиешеси жок», — деп түшүндүргөн ал.