Башкы прокуратура парламент депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы, Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге каршы кылмыш ишин козгоду. Ал опузалоо, бейбаштык жана өзүм билемдикке айыпталууда.

Кадыралиевге каршы кылмыш иши 18-ноябрда, жабырлануучу Абдимитал Бекташев депутаттын агасы аны «бир нече жолу сабап, коркуткандыгын» айтып даттангандан кийин козголгон.

«[Канжар Кадыралиев менен анын бир тууганы] 2004-жылдан азыркыга чейин [Бекташевдин] кармагындагы ижарага алган үч гектар жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланып, аны берүүсүн талап кылып келишкен», — деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

18-ноябрда Ош шаардык соту баш коргоо чарасы катары Кадыралиевди камакка алуу чечимин чыгарган.

Көзөмөлдөөчү органдын билдирүүсү боюнча, Кадыралиев «тергөө органдарына баруудан баш тартып жаткандыгынан улам» сот аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган.

Айыпталуучунун карындашы — депутат Ыргал Кадыралиева — Kloop.kgге берген маегинде агасы эч жакка качпагандыгын жана тергөө менен кызматташуудан баш тартпагандыгын билдирди.

«Ал эч жакка кетпей эле. Балдарын эч качан таштабайт. Анын эки кичинекей эгиз баласы бар. Ал коррупционер эмес, айтылып жаткандай эч кимди өлтүргөн эмес, ошондуктан ал эч жакка качпай эле», — деди ал.

«Тагдырдан качып кутулбайсың»

Депутат агасына жардам берээр-бербеси тууралуу суроого «Кудайдын маңдайга жазганынан качып кутулбайсың» деп гана айтып, түз жооп берген жок.

«Эгер кимдир бирөө күнөөлү болсо, анда өзү жооп берсин. А калган айтаарым — тагдырдан качып кутулбайсың», — деди Кадыралиева.

Башкы прокуратура кызматтык текшерүүнүн жыйынтыктары менен Кадыралиев прокуратура органдарынан кетирилгендигин билдирди.

«К.Кадыралиевдин кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө аныкталган прокурордук кызматка туура келбеген башка мыйзам бузууларын эске алуу менен 2014-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругунун негизинде Канжар Кадыралиев прокуратура органдарынан кетирилген», — деп билдирди көзөмөлдөө органы.

Канжар Кадыралиевге үстүбүздөгү жылдын сентябрынын башында ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлө мүчөлөрү депутаттын агасы алардын тууганын «сабап, андан соң тоноп кеткендигин» айтып даттангандан кийин көңүл бурула баштаган.

«Бир жыл мурун Канжар Сактандан 20 миң АКШ долларын талап кылган. Бирок Сактан анда анчалык акчанын жоктугун айткан. Болгону 2 миң гана доллары бар болгон, аларды Канжар алып алган. Ошондон бери ал салык катары Сактандан дайыма акча алып турган. [...] Кийин Сактан анчалык салыкты төлөп бере албай калгандан кийин алар биздин үйгө кирип келишти», — деп билдирген ишкердин эжеси Уулкан Келдибаева.