Кыргыз тилиндеги “Баластан” журналынын биринчи саны үстүбүздөгү жылдын ноябрында чыкты. Түстүү журнал 6-12 жаштагы балдарга арналат.

IMG_0891

Журналдын башкы редактору Жаныбек Абидетегиндин Kloop.kgге билдиришинче, “Баластандын” үстүндө алар эки жылдай убакыт иштешкен.

IMG_0893

Абидетегин журналдын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бирине төмөнкүчө токтолду.

IMG_0896

“[...] Бир айырмачылыгы жалаң кыргыз тилинде жазылат, анткени учурда кыргыз тилинде чыккан журналдар жокко эсе”, - деп эсептейт ал.

IMG_0898

“Баластан” 1-6-класстын окуучуларына арналган жана 32 беттен турат.

IMG_0906

Анда аңгемелер, икаялар, оюндар, баш катырма суроолор, жаш балдарга арналган комикстер жана таланттуу балдардын өмүр баяндары камтылган.

IMG_0902

Балдарды окууга үндөгөн, тарбиялык маанидеги, маазмуну жагынан окурманды кызыктырган журнал экендигин байкоого болот.

“Журналдын ээси жети-сегиз жылдан бери иштеп келе жаткан тажрыйбалуу “Дил азык” басма үйү болгондуктан каражат жагынан кыйынчылыктар болсо да, редакциянын [“Баластандын”] ишмердүүлүгүнө таасир этпейт”, - деген оюн билдирди журналдын башкы редактору Жаныбек Абидетегин.

IMG_0903

Журнал эки айда бир чыгарылып турат. Бир жылдык жазылуу баасы 500 сом.

the best essay writing service