Өзбекстандын чек арачылары тарабынан аткезчиликке шектелген кыргызстандык атылды

Жалал-Абад облусунда «аткезчилик» жол менен товар өткөрүү аракетин көргөн кыргызстандык Өзбекстандын чек арачыларынын огунан каза тапты — кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, ал өзбек чек арачылары чыгарган октон алган жараатынан улам көз жумган.

Окуя 13-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өзөк айыл аймагына жакын, кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек бөлүгүндө болгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын болжолдуу маалыматы боюнча, кыргызстандыктын өлүмү анын «аткезчилик ишмердүүлүгүнө» байланыштуу.

«Өзбекстан Республикасынын чек арачылары Кыргыз Республикасынын жаранына карата курал колдонушуп, жыйынтыгында Кыргызстандын жараны жаракат алып, кийинчерээк Өзбекстандын аймагындагы ооруканада көз жумган», — деп билдирүүдө кыргыз чек арачыларынын басма сөз кызматы.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, окуя чек аранын тактала элек аймагында болгон. Учурда анда окуянын чоо-жайын тактоо үчүн тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүүдө.

Бул акыркы үч күндөн бери Өзбекстан менен болгон чек арадагы «аткезчиликке» байланышкан экинчи жаңжал — 11-ноябрда өзбек чек арачылары тооктун жана өрдөктүн аткезчилик эттерин алып өтүүгө аракет кылган деген жүйө менен кыргыз жаранына ок чыгарышкан.

Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр

Үстүбүздөгү жылдын октябрынын аягында Чек араларды делимитациялоо боюнча Кыргызстандын өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандеров Өзбекстандын бийлиги чек араларды тактоо процессин улантуу жөнүндөгү эки нотага жооп бербегендигин билдирген.

Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо көйгөйлөрүнүн чечиле электиги Өзбекстан менен болгон чек арада жаңжалдарды жаратып, чек арачылар же жергиликтүү жашоочулардын ортосундагы кагылышуулардын себептеринин бири болуп калууда.

Искандаровдун айтымында, акыркы жолугушуу Жалал-Абадда 14-июлдан 19-июлга чейин өткөн — анда кыргыз тарап буга чейин чек ара сызыгы такталган аймактар боюнча протоколго кол коюуну сунуштаган. Бирок өзбек тарап ага макул болбой койгон.

Аны менен катар үстүбүздөгү жылдын июлунда Кыргызстандын вице-премьери Абдрахман Маматалиев сүйлөшүүлөр акыркы баскычка жеткендигин айтып ишендирген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1300 чакырымды түзөт — анын 320сы тактала элек.