«Америкалык стартаптар» сериясы:

I бөлүк: Өсүп-өнүккүсү келбеген компания 
II бөлүк: Элдин акчасы менен көтөрүлгөн компания
III бөлүк: Чоң корпорацияларга айланып, көптөн бери стартап болбой калган компаниялар (Google менен Facebookтун кеңселери)

Google жана Facebook корпорациялары көпчүлүк үчүн америкалык стартаптын эмнеге чейин өсүп жетиле тургандыгынын идеалын ишке ашырып келишет. Kloop.kgнин журналисттер командасы бул эки алптын ар биринин штаб-квартирасында болуп кайтышты.

Баяндоо Бектур Искендердин атынан жүрөт

Чынын айтканда, Kloop.kgнин командасы «Америкалык стартаптар» сериясынын алкагында «Гугл» менен «Фэйсбук» тууралуу репортаждарды жасоону пландаган эмес — ал компаниялар жөнүндө буга чейин деле көп жолу жазылган да.

Бирок аталган корпорациялардын кеңселерине барбай коюуга мүмкүн болгон жок. Биз алп компанияларга биригип кеткен стартаптар тууралуу маектерди топтоп жатканбыз, анан таптакыр күтүүсүздөн эле ал маектердин бирин Пало-Альто шаарчасындагы «Фэйсбуктун» штаб-квартирасына, экинчисин Маунтинвьюдагы «Гуглдун» башкы базасына белгилешти.

Анан албетте биз ал жактарга фотоаппараттарды алып, ал кеңселер тууралуу галереяларда өтө сейрек кездешкен нерселерди тартууну чечтик.

«Фэйсбук»

Бизди «Фэйсбуктун» штаб-квартирасына «Инстаграмдын» тарыхтагы он экинчи кызматкери Дэн Тоффи чакырды:

fb-google_0625

Менин Дэн менен жакшы тааныш досум (салам, Эрика!) бар. Ал бизди 2010-жылы эле, качан мен Вашингтондогу иш-чаралардын бирине барганымда жолуктурууга аракет кылган. Бирок биз анда жолуга алган эмеспиз, болгону бир нече имейл менен алмашып, ошол бойдон төрт жылдан бери байланыша элек болчубуз.

Бул убакыттын ичинде ал «Инстаграмга» жумушка орношууга жетишкен, болгондо да 2012-жылдын жаз айларында, ал фотосервисти «Фэйсбук» 1 миллиард долларга сатып алаардын алдында.

Андан көп өтпөй эле америкалык жана европалык маалымат каражаттарында «Инстаграмдын» «Фэйсбук» менен биригүүнүн алдында иштеп жаткан 13 кызматкери тең миллионер болгондугу тууралуу бир топ макалалар жарыяланган.

Дэн бул маалыматтарды ырастабайт дагы, төгүндөбөйт. Биз ал макалалар тууралуу айтканыбызда ал: «Кайсыл бир себептер менен мен дагы деле жумушка барып иштеп жатам го», — деп табышмактуу жоок берди.

Бүгүнкү күндө «Инстаграмда» жүздөн ашык киши иштейт, анын кеңсеси «Фэйсбуктун» Пало-Альтодогу комплексинин бир кабатын толугу менен ээлейт:

fb-google_0640

«Инстаграмдын» кеңсесине барган адам жогорудагы жазуу жок болсо «Инфтаграмдын» кеңсесинде жүргөндүгүн деле билбейт — Дэндин үстөлүнөн алыс эмес жерде турган кезектеги көргөзмө үчүн даярдалган текчелерди эле көрүп калбаса:

fb-google_0626

Жалпысынан «Инстаграмдын» кеңсеси болжол менен ушундай көрүнүшкө ээ:

fb-google_0624

Анын канчалык жайлуу жана ыңгайлуу экенине окурмандар өзүлөрү баа беришсин.

Кокустан кандайдыр бир коммерциялык сырды жарыялап жибербешибиз үчүн бизге кызматкерлерди жана алар отурган үстөлдөрдү жакындан тартуугу уруксат беришкен жок.

Бирок жеңилдикти окшоштуруп тууроого мүмкүн болгон «Инстаграмдын» кеңсесинин кире беришиндеги бөлмөнү каалашыбызча сүрөткө тартууга уруксат беришти:

fb-google_0627

Жыйынтыгы болжол менен мына мындай көрүнүштө:

fb-google_0628

Байланыштар үчүн жооп берген Дэн диктофонго интервью берген жок — жетекчилиги биздин макала даярдообуз үчүн «Фэйсбуктун» аймагында аудио жана видео материалдарды топтошубузга каршы болду.

«Инстаграм» жупуну стартаптан ири корпорациянын чоң бир бөлүмүнө айланды, эми анда тартип катуу.

Ошондуктан биз жөн гана маектешип, ортолорунда ички короолору бар ондогон имараттардан турган «Фэйсбуктун» штаб-квартирасында саякаттоо менен гана чектелдик.

Эң бийик имараттын чокусунда бардыгына таанымал элементтер тартылган желек желбирейт:

fb-google_0629

«Фэйсбукта» эч кандай дресс-код жок болгондуктан андагы кызматкерлер менен туристтерди айырмалоо оңойго турбайт. Бул адам мүмкүн кызматкер, а мүмкүн андай эмес:

fb-google_0630

Логотиби тартылган футболка да көрсөткүч эмес — көпчүлүк учурларда андай жазуулары бар футболкаларды корпорацияда иштебегендер кийишет:

fb-google_0631

Штаб-квартиранын аймагындагы көк чөптүн үстүн басууга уруксат берилген — ал тургай «Фэйсбук» кызматкерлерин чөптүн үстүндө көбүрөөк болууга чакырат:

fb-google_0639

Учурунда «Гугл» өз кеңселеринде кызматкерлерине бекер тамак берүү салтын баштаган. Андан бери ал Кремний өрөөнүндөгү интернет-корпорациялардын ийгиликтүүлүгү менен берекелүүлүгүнүн ажырагыс белгиси болуп калды — эгер сен бай болсоң, бекер тамак тарат.

Таң калычтуу, бирок биз «бекер» ашканага барганыбызда ал төмөндөгүдөй көрүнүштө болуп чыкты:

fb-google_0636fb-google_0632

Бирок «Фэйсбуктун» кеңсесинде тамак үчүн акча төлөө керек болгон жалгыз жерде адамдар көп болуп чыкты:

fb-google_0637

XXI кылымдын башында «Гугл» тарабынан башталган дагы бир мода — бул кызматкерлер үчүн оюн бөлмөлөрүн уюштуруу. Бирок биздин байкоолорубузга ылайык, ал бөлмөлөр көпчүлүк учурларда бош болушат. Мисалы, «Фэйсбуктун» оюн бөлмөсүндө биз мына мындай көрүнүшкө күбө болдук:

fb-google_0638

Кремний өрөөнүндөгү көпчүлүк компаниялардай эле «Фэйсбук» да кызматкерлерин үйлөрүнө автобус менен жеткирет (эгер алардын унаалары жок болсо):

fb-google_0633

Штаб-квартиранын кире беришинде баарына таанымал болгон көрнөк турат:

fb-google_0635

Анын арткы жагында кеңсени буга чейин ээлеп турган «Сан Майкросистемдин» логотиби бар экенин көбү билбесе керек:

fb-google_0634

Бул текстте модаларды жаратуучу катары бир нече жолу «Гуглдун» штаб-квартирасына шилтеме жасадым. Эми ошол жакка баралы.

«Гугл»

«Гуглдун» штаб-квартирасына салыштырмалуу «Фейсбуктун» кеңсеси өтө эле кичинекей сезилет.

«Гугл» имараттардын топтомун гана ээлебейт — корпорациянын кеңселери Маунтинвью шаарчасына толук жайылган, анда штаб-квартиранын кайсыл экендиги жана анын чектери кайсыл жакта экендиги түшүнүксүз.

Имараттардын ортолорунда кызматкерлер таанымал болгон түстүү велосипеддер менен сейилдешет:

fb-google_0660

Имараттын башкы комплекси — Googleplex — көркөм тасмаларда көрсөтүлүп, көптөгөн туристтерди кызыктырган ажайып жайга айланган.

fb-google_0645

Googleplex комплексинин кире беришиндеги жазуулардын биринде  Калифорниянын ченеми менен алганда болуп көрбөгөндөй калыңдыктагы чаңды көрдүк:

fb-google_0641

«Гугл» кызматкерлерине бекер тамак гана бербейт:

fb-google_0652

Корпорация Googleplexке келип, бекер тамак тараткан көптөгөн фуд-трейлердин ээлерине да акча төлөйт:

fb-google_0661

Мында тамак кызматкерлерге гана берилээри жазылган:

fb-google_0662

Чындыгында кызматкерлер тамакты өзүлөрү үчүн гана эмес, учурашуу үчүн келген достору менен туугандарына да алган учурлар көп болот. «Гуглдун» кеңсесиндеги бекер тамактын канча пайызы корпорациянын кызматкерлеринин өзүлөрү тарабынан желе тургандыгы так белгисиз.

Googleplexке бизди корпорацияда иштеген Кыргызстандын жарандарынын бири, эски досубуз Тилек Мамутов чакырды.

Кире бериштен уруксат кагаз алган соң биз башкы имараттын ичине кирдик:

fb-google_0647

Бирок мында туристтерге жеткиликтүү нерселер өтө аз. Стрит-карды көрүп, сүрөткө тартып алса болот:

fb-google_0648

Ошондой эле «Вёрджин» компаниясынын шыпта илинген алгачкы космос кораблин да сүрөткө тартууга болот:

fb-google_0649

«Гуглдун» картасы үчүн өтө ыңгайлуу жасалганы пайдаланса болот:

fb-google_0651

«Гуглдун» алгачкы серверлеринин бирин көрүүгө болот:

fb-google_0650

Бүттү. Андан ары кызматкерлер гана өтө ала тургандыгы жазылган эскертүү турат:

fb-google_0654

Бул бөлмөлөр чектешкен аймакта жайгашкан, ошондуктан мен аларды сүрөткө тарта алдым. Алардын дүйнө шаарларынын атынан аталгандыктарына көңүлүңүздөрдү буруңуздар. Googleplexтин башкы имаратында Африка темасы:

fb-google_0653

Мүмкүн штаб-квартиранын кайсыл бир башка жагында Bishkek бөлмөсү да бар чыгаар. Бирок бардык имараттарда биринчи кезекте ашыкча адамдардын жабык аймактарга кирип кетпешине көз салган «Гуглдун» көптөгөн күзөтчүлөрү жүрүшөт.

Бул сүрөттө бардык жагына көз салып турган, сергек күзөтчү кызматта:

fb-google_0655

Googleplexтин ички короосунда динозаврлардын толук масштабдагы скелети турат.

fb-google_0644

Бир жолу кимдир бирөө динозаврлардын алдына аларды эрөөлгө чакырып жаткансыган фламинголордун тобун тамашалап коюп койгон. Жооптуу тамаша катары ал фигуралар жок болуп, динозаврдын артында фламинголордун бөлүктөрү аралашкан заңы пайда болгон:

fb-google_0646

Googleplexтин айланасынан укмуштуудай карама-каршылыктуу көрүнүштөргө күбө болууга болот. Бул бурчтан караганда кооз көрүнүштөр:

fb-google_0656

А бир аз четке чыксаң кир каналды көрөсүң:

fb-google_0657

А бул Googleplexтин коңшулары. Сырткы көрүнүшү менен ал мага балалыгымдын бир аз бөлүгү өткөн Каракол шаарынан алыс эмес жайгашкан Маман айылын эске салды:

fb-google_0658

«Америкалык стартаптар» сериясы:

I бөлүк: Өсүп-өнүккүсү келбеген компания 
II бөлүк: Элдин акчасы менен көтөрүлгөн компания
III бөлүк: Чоң омпанияга айланып, көптөн бери стартап болбой калган компаниялар (Google менен Facebookтун кеңселери)