Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Батыштын Орусияга каршы киргизген санкцияларынын сомдун кунуна жана Кыргызстандагы бензин менен күйүүчү-майлоочу майга болгон бааларга терс таасирин тийгизип жатканын мойнуна алды.

Өкмөттүн 31-октябрдагы жыйынында Жоомарт Оторбаев АКШ менен Евробиримдик тарабынан Орусияга киргизилген санкциялардан улам сомдун куну төмөндөп, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баалар жогорулап кеткенин билдирди.

«Орусияга каршы киргизилген экономикалык санкциялар Кыргызстандын экономикасына да таасирин тийгизүүдө. Ал бизге азыртадан эле сезилип баштады. Алсак, акыркы күндөрү АКШ долларына карата 12 пайызга төмөндөгөн сомдун куну түшүүдө. Ошол эле маалда орусиялык рубль 29 пайызга түшүп кетти», — деп жазган «Азаттык» радиосу өкмөт башчысынын айткандарын.

Ал Кыргызстандын экономикасы «терс көрүнүштөргө туруктуу» болуп, «таасирдүү чараларды кабыл алуусу» керектигин кошумчалады — бирок азырынча анын бул айткандары эмнени түшүндүрөөрү белгисиз.

Оторбаев Орусияга каршы киргизилген санкциялардын Кыргызстандагы экономикалык абалга терс таасирин тийгизип жаткандыгын көрсөткөн расмий бийликтин биринчи өкүлү эмес.

2014-жылдын сентябрында Кыргызстандын Улуттук банкы сомдун кунунун түшүшү Украина каатчылыгы жана Орусиянын экономикалык көрсөткүчүнүн начарлашына байланышкан эл аралык процесстерге байланыштуу экенин мойнуна алган.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер бирлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, орусиялык мунай-газ корпорацияларына каршы киргизилген санкциялардан улам күйүүчү-майлоочу майга болгон баалар жогорулап жатат — сентябрдын башынан тарта бензин дээрлик беш сомго чейин кымбаттаган.

Орусияга каршы санкциялардын киргизилиши

2014-жылдын март айынын ортосунан тарта АКШ менен Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын үч пакетин киргизген.

Чектөөлөр Украинадагы саясий каатчылыктан улам киргизилүүдө. Батыш саясатчыларынын айыптоолоруна ылайык, Кремль Украинанын Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдерди аскер техникасы, аскерлер жана каражат жактан жардам берүү менен колдоп келет.

Чектөөлөр Путиндин жакын санаалаштарына, ири мамлекеттик банктар менен мунай-газ корпорацияларына тийиштүү болгон. Санкцияларга туш болгон компаниялар батыш рынокторунан капиталдарды алып,  ишмердүүлүктөрү үчүн жаңы технологияларды сатып ала алышпайт.

Тема боюнча: Орусияга каршы киргизилген санкциялардан улам Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттайт

2014-жылдын октябрынын ортосунда «Сбербанктын» башчысы Герман Греф инвестициялык «Россия зовет!» форумунда сүйлөгөн сөзүндө батыш рынокторунун займылары жок орусиялык капиталдар рыногу ишмердүүктөрүн жүргүзө албай тургандыктарын мойнуна алган.

Санкциялардын басымынын алдында орусиялык «Роснефть» ири мунай-газ компаниясы алдыдагы инвестициялык долбоорлору жана насыяларын тейлөө үчүн мамлекеттен 2 трлн. рублден ашык каражат сураган.

Бажы биримдигине кирүү

Оторбаев мындай билдирүүсүн Кыргызстандын бажы биримдигине кирүү процессинин фонунда айтууда — өкмөт башчысынын айтымында, бул процесс учурда өлкөнүн «экономикалык өнүгүүсүнүн башкы маселеси».

Кыргызстан Орусия, Беларусь жана Казакстандан турган биримдикке 2015-жылдын 1-январына чейин кирүүнү пландап жатат. Ал үчүн кыргыз парламентинин депутаттары 40ка чукул мыйзам долбоорун кабыл алуулары керек — бирок өкмөт Жогорку Кеңешке алардын 16сын гана берген.

Оторбаев жакында өткөн Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында депутаттарды мыйзам долбоорлорун бир пакет менен кабыл алууга чакырган.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинин жактоочулары өз позициясын күйүүчү-майлоочу майга болгон баалардын арзандашы, мигранттар үчүн миграциялык мыйзамдардын жөнөкөйлөшү, биримдикке кирген өлкөлөр менен товар алмашуунун жогорулашы, текстиль жана айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүшү менен түшүндүрүп жатышат.

Бажы биримдигине каршы болгондор өлкө эгемендүүлүгүн жоготуп, Орусияга көз каранды болуп, Кытай жана Дүйнөлүк соода уюмуна кирген башка өлкөлөр менен болгон соода мамилелерин начарлатып алышы мүмкүндүгүн айтып кооптонушууда.