Белгилүү активист, жол коопсуздук эрежелеринин сакталышы үчүн күрөшкөн Айбек Баратов видео-кайрылуу аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды — анда ал Жол кайгуул кызматынын башчысы (ЖКК) Талантбек Исаевдин «аргасыз» кызматтан кетишине капаланып жатканын билдирген.

Баратов өз видео-кайрылуусун 30-октябрда, Жол кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев кызматтан кеткен күнү жарыялады — анын пикиринде, Исаевди башка жумуш ордуна которуу жөнүндөгү арыз жазууга аргасыз кылышкан.

«[...] ал башкалардын иштешине тоскоолдук кылып жаткан. Ал эски схемалар менен иштөөгө тоскоолдук кылган. Бул менин жеке пикирим. Сиз аны менен макул болбошуңуз мүмкүн. Менимче, ал — иштеп жаткан жалгыз адам болчу. Ал өзүнүн ким экендигин көрсөттү», — дейт Баратов.

Исаев ЖКК башчысынан Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчылыгына 30-октябрда которулган — мындай кадамга ал парламент депутаты Кантемир Мурзабеков менен болгон чырлашуусунан көп өтпөй барган. Исаевдин пикиринде, парламентарий анда жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотулган болчу.

ЖККнын мурунку башчысынын өзүнүн айтымында, ал башка кызматка өз каалоосу менен которулган. «Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы — ИИМдин эң престиждүү эмес бөлүмү. Бирок мен ички иштер министри Мелис Турганбаевден ушул кызматка дайындашын өзүм өтүндүм. ИИМ башчысы премьер-министрдин атына сунуштама жөнөттү. Бирок ага көпкө чейин кол коюшкан жок», — деп билдирген ал 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде.

Баратов Исаевдин ордуна дайындалган Жол кайгуул кызматынын жаңы башчысы Сергей Дьяченкого да кайрылып, анын ишмердүүлүгүнө «өтө жакшы көз сала» тургандыгын убадалаган.

«Бул кайрылуу аркылуу биздин айдоочуларга да кайрылып кетким келүүдө — башка айдоочуларга карата рулда өзүңүздөрдү кандай алып жүргөндүгүңүздөрдү көзөмөлдөңүздөр, ошондой эле ЖККнын ишмердүүлүгүнө да көз салыңыздар. Эгер алар жол коопсуздук эрежелерин бузуп жатышкан болсо токтоп, аларга эскертүү берип коюңуздар», — деп чакырган активист.

Андан сырткары Баратов жөнөкөй унаа сүйүүчүлөр, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер менен депутаттар тарабынан жол эрежелери бузулган учурлар топтолгон drive2.kg порталынын түзүүчүсү катары да белгилүү.