Орусиялык «Роснефть» мунай-газ корпорациясы Бишкек мунай компаниясын (БМК) 39 млн. АКШ долларына сатып алды, деп жазылган фирманын каржы отчетунда. Келишимге 2014-жылдын сентябрынын аягында кол коюлган болчу.

«Роснефть» БМКны үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында сатып алган — БМК компаниясы Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча май куюучу жайлардын 23 түйүнүн, ошондой эле бир нече мунай базаларын башкарат.

Бирок келишимде көрсөтүлгөн сумма 29-октябрда гана жарыяланды — отчетко ылайык, «Роснефть» май куюу жайы үчүн 39 млн. доллар короткон.

Анткен менен отчетто 30-сентябрга карата БМКнын активдеринин адилеттүү баасы менен милдеттенмелери аяктай электиги көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, БМКны сатып алуу боюнча келишимдеги баалар болжолдуу жана «активдер менен милдеттенмелердин тарыхый бааларына» негизделген. Акыркы баасы бир жылдан кийин, биротоло макулдашкан соң белгилүү болот.

Аны менен катар «Роснефть» эгер БМКнын реалдуу баасы келишимде көрсөтүлгөн суммадан төмөн болуп чыкса, орусиялык компания баалардагы айырманы кайра талап кылбастыгын белгилеген.

Кыргыз мунай компаниясынын сатылышы «Роснефтинин» башчысы Игорь Сечин менен БМКнын башкы директору Александр Ниязов тарабынан 2014-жылдын февралында кол коюлган алкактык макулдашуу боюнча ишке ашты.

Тараптар келишимди күчүнө киргизүү үчүн Кыргызстандын антимонополдук органдарынын макулдугун күтүп жатышкан болчу.

2014-жылдын февралында «Роснефть» Бишкектин четиндеги «Манас» аба майданын сатып алуу боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен меморандумга кол койгон. Бирок оппозициянын 2014-жылдын апрелиндеги нааразычылыктарынын фонунда макулдашуу жокко чыгарылган.

Кыргызстандын ЖМКлары жакында эле «Роснефть» «Манас» аба майданын Борбордук Азиядагы эл аралык транзиттик борбор катары өнүктүрүү үчүн 300 млн. доллар бөлүүнү сунуштап жаткандыгы тууралуу жазышкан.

«Роснефть» — мунайдын запасы жана аны иштетүү боюнча дүйнөдөгү ири компаниялардын бири. Бирок компания 2014-жылдын күзүндө АКШ менен Евробиримдик Украинанын түштүк-чыгышында жикчилдерди колдоп жатат деп Орусияны айыптап, ага каршы киргизген Батыштын санкцияларына туш болгон.

Санкциялардын басымынын алдында мамлекеттик корпорация компаниянын өнүгүшү жана алдыдагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Орусия бийлигинен 2 трлн. рубль сураган.

«Роснефть» — Кыргызстандын күйүүчү май рыногуна келген алгачкы орусиялык мунай-газ корпорация эмес. 2007-жылы Орусиянын «Газпром нефть» компаниясы «НК Альянс» май куюучу станциялардын түйүнүн сатып алган, учурда ал Кыргызстандагы ири мунай компаниясы болуп саналат.