Париж эл аралык арбитражы латвиялык ишкер Валерий Белоконду Кыргызстан 15 млн. доллар өлчөмүндөгү компенсация төлөп бергенден кийин «Манас Банктын» акцияларынын 100 пайызын кыргыз өкмөтүнө берүүгө милдеттендирди.

31-октябрда Кыргызстандын өкмөтү латвиялык ишкер Валерий Белоконь менен «Манас Банктын» айланасындагы соттук териштирүүлөрү боюнча Париж эл аралык арбитраждын чечимин түшүндүргөн пресс-релиз таратты.

Ага ылайык, Кыргызстан буга чейин кабарлангандай 16,5 млн. доллар эмес, а 15 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү компенсация төлөп берүүгө милдеттүү. Өз кезегинде Белоконь кыргыз бийлигине «Манас Банктын» акцияларынын 100 пайыз берүүгө милдеттендирилген.

Аны менен катар 2014-жылдын 30-октябрында Кыргызстандын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев өлкө бийлиги «Манас Банктын» мурунку ээси менен мындан ары да соттошо тургандыгын билдирген.

Инвестициялык укук тармагы боюнча эксперт Лиз Джонсондун айтымында, Кыргызстан төлөп бере турган компенсациянын көлөмү боюнча гана даттана алат — ал үчүн төлөнчү сумманы кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен арбитражы чечим кабыл алган мамлекеттин же шаардын сотуна кайрылышы керек болот.

Пресс-релизге ылайык, андан сырткары сот банктын жетекчилигинин мурунку мүчөлөрү инвестор болуп эсептелишпейт жана алар Кыргызстан менен Латвиянын ортосундагы инвестицияларды коргоо жөнүндөгү учурдагы макулдашууларга тиешелери жок деп тапкан.

«Андан сырткары трибунал Кыргыз Республикасын В.Белоконго же «Манас Банк» ЖАКтын жетекчилигинин мурунку мүчөлөрүнө каршы козголгон кылмыш иштерди токтотууга милдеттендире албай тургандыгын билдирген», — деп жазылган пресс-релизде.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Белоконь менен «Манас Банктын» мурунку менеджментине каршы козголгон кылмыш иши боюшча тергөө аяктап, бардык материалдар Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Париж арбиражындагы Валерий Белоконь менен Кыргызстандын соттук териштирүүлөрү үч жылдан бери уланып келет.

Валерий Белоконь Кыргызстанда бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу — Максимдин өнөктөштөрүнүн бири катары белгилүү. Ал 2007-жылдан бери «Манас Банктын» негиздөөчүсү жана ээси болуп эсептелинип келет.

2010-жылдын апрелинде Бакиев бийликтен кеткенден кийин банкка консервация режимин — ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эрксиз көзөмөл киргизилген.

2013-жылдын майында премьер-министр Жоомарт Оторбаев бийликтин Белоконь менен тынчтык макулдашууга барууну каалап жаткандыгын билдирген, бирок Башкы прокуратура ага каршы козголгон кылмыш ишин жабуудан баш тартууда.