Бишкек шаардык кеңеши шаарда май куюу жайларын курууга киргизилген мораторийге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн добуш берди — ал өзгөртүүлөргө ылайык, мыйзам бузуу менен курулган май куюу жайларын борбордон шаардын четине которуу сунушталууда.

31-октябрда Бишкек шаардык кеңеши көпчүлүк добуш менен шаарда май куюу жайларын курууга киргизилген мораторийге өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун колдоду. Алардын курулушуна 2013-жылдын ноябрында тыюу салынган болчу.

Өзгөртүүлөргө ылайык, мыйзам бузуулар менен курулган май куюу жайлары борбордон Бишкектин четине которулат.

Азырынча ал санкцияларга туш келе турган май куюу жайларынын тизмеси белгисиз — бирок ага сейил бактарынын аймагына курулган май куюу жайларынын кире тургандыктары белгилүү.

Өзгөртүүлөрдүн демилгечиси, «Республика» фракциясынан депутат Кубанычбек Конгантиев май куюу жайларын курууга болбой турган аймактар Аалы Токомбаев, Абсамат Масалиев, Дооронбек Садырбаев, Юлиус Фучик, Шабдан баатыр, Курманжан датка көчөлөрү жана Жибек-Жолу проспектиси менен чектеле тургандыгын билдирди.

Карта: Бишкектин май куюу жайларын куруугу болбой турган аймагы

Шаардык кеңеш 2013-жылдын ноябрында Бишкекте май куюу жайларын курууга беш жылга мораторий жарыялаган. Мындай чечимин депутаттар шаардын аймагы «башаламан тартипте» курулуп жаткандыгы менен түшүндүрүшкөн.

«Борборду перспективдүү, пландуу өнүктүрүү, борбордогу шаар куруу жагдайын комплекстүү чечүү, экологиялык жана техногенндик коопсуздук менен камсыз кылуу максатында беш жылга моратория киргизүү зарыл», — деп жазылган токтомго тиркелген негиздеме-маалымкатта.

Сүрөт: Светлана Зеленская