Канадалык «Станс Энерджи» жана «Центерра» компаниялары Кыргызстандын аймагында кен казуу иштери менен алектенишет. Учурда эки фирманын тең өлкө бийлиги менен мамилеси анча эмесбири өкмөт менен соттук териштирүүлөргө барып жатса, экинчиси акциялардын үлүштөрүн өзгөртүү боюнча көпкө созулган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Инвестициялар боюнча эксперт Лиз Джонсон Кыргызстан инвесторлор менен болгон талаштуу маселелерди кантип чечсе боло тургандыгы жөнүндө айтып берди.

АКШнын Колумбия университетинин алдындагы Туруктуу инвестициялар борборунун инвестициялык укуктар жана саясат бөлүмүнүн жетекчиси Лиз Джонсон Kloop.kgге кыргыз бийлиги Кумтөрдүн айланасындагы соттук териштирүүлөрдө кандай кадамдарга барса болору жана алдыда тоо кен ишканалары менен талашып-тартышууларга барбашы үчүн эмне кылуусу керектиги тууралуу айтып берди.

Кумтөр боюнча «Центерра» менен болгон талаштар тууралуу

Улугбек Акишев, Kloop.kg: Кыргыз бийлиги акыркы эки жылдан бери талкууланып келе жаткан Кумтөр боюнча жаңы макулдашуунун кабыл алынышына кантип жетише алат?

Лиз Джонсон
Лиз Джонсон

Лиз Джонсон, инвестициялар боюнча эксперт: Экинчи тарап өзүнө пайдалуу шарттарды камсыз кылдым деп эсептеп жаткан шартта ал тарапты жаңы макулдашууларга катышууга көндүрүү өтө кыйын (Учурда «Центерра» «Кумтөргө» толугу менен ээлик кылат, өз кезегинде Кыргызстан «Центерранын» акцияларынын 33 пайызына ээ).

Өкмөт пайдасыз, адилетсиз макулдашууларга барган деп буга чейинки бийликти айыптап, жаңы келишим түзүүнү каалап жаткандыгына карабастан ал мурунку макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди аткарууга милдеттү. Албетте эгер жаңы келишим түзүү үчүн коррупциялык ыкмалар пайдаланылбаса.

Аны менен катар эгер коррупциялык ыкмалар эң акыркы макулдашууга кол коюуда пайдаланылган болсо гана макулдашууларды кайрадан карап чыгууга мүмкүн актап айтканда, эгер Кыргызстан 2009-жылдагы макулдашууга кол коюуда коррупциялык ыкмалардын пайдаланылгандыгын далилдесе гана, ошол эле маалда экинчи тарап келишимди текшерүүдөн баш тартса макулдашууну кайрадан карап чыгууну талап кылса болот).

У.А.: Кыргызстан «Кумтөрдү» улутташтыра алабы?

Л.Д.: Өкмөт улутташтырууда толук бийликке ээ.

Бирок андай болгондо инвестордун Арбитраждык сотко кайрылуу укугу бар жана ал жакта компенсациянын өлчөмү чечилет. Кандай болгон күндө да компенсация төлөп берүүгө туура келет. Аны менен катар төлөп бере турган сумма өлкө кенди иштетүүдөн ала турган кирешеден да көп болуп калышы мүмкүн.

Эгер мамлекет компанияны менчик укугунан ажырата турган болсо, анда ал эч нерсеге карабастан компенсация төлөп бериши керек. Мамлекет бир нерсени улутташтырып, ал үчүн эч нерсе төлөбөй коюшу мүмкүн эмес.

Эгер мамлекет компенсация төлөп берүүдөн баш тартса, анда чет жактардагы өлкөгө таандык болгон бардык активдер камакка алынышы мүмкүн.

Президент Алмазбек Атамбаев эгер Кумтөрдүн айланасындагы талаштар Кыргызстандын пайдасына чечилбесе «чечкиндүү чаралардын» көрүлө тургандыгын билдирген.
Президент Алмазбек Атамбаев эгер Кумтөрдүн айланасындагы талаштар Кыргызстандын пайдасына чечилбесе «чечкиндүү чаралардын» көрүлө тургандыгын билдирген.

У.А.: Кыргызстан канада фондулук биржасынан акцияларын чыгарып кете алабы?

Л.Д.: Жок, менин оюмча, андай мүмкүн эмес. Жалгыз гана жолу: кыргыз тарап териштирип, илип ала тургудай так эмес, ачык эмес жылчыктар бар юридикалык маселелерди пайдалана алат.

«Станс Энерджи» менен болгон талаштар тууралуу

«Станс Энержди» менен болгон соттук териштирүүдө Кыргызстан эмне кылышы керек?

Л.Д.: Биринчиден, Кыргызстан Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык соттун, ошондой эле Кыргызстандын «Центеррадагы» акцияларын камакка алуу боюнча Онтарионун Жогорку сотунун чечими боюнча аракеттерди көрүүсү керек.

Москва арбитражынын юрисдикциясы трансчекаралык соттук талаштарга тиешеси барбы-жокпу бул башка маселе. Алгач, Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы арбитраждын мүчөлөрү аларда андай укуктун бар экенин айтышкан, бирок КМШ соту инстацияда андай компетенциянын жок экенин билдирди.

Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы арбитражда тараптардын төмөндөгүдөй макулдашуулары боюнча талаштар каралышы мүмкүн:

  • эл аралык экономикалык байланыштардын сырткы соода жана башка түрлөрүн ишке ашырууда жаралган макулдашуудагы же башка жарандык-укуктук мамилелердеги талаштар;
  • ишканалардын чет өлкөлүк инвестициялар менен болгон өз ара талашуулары, алардын катышуучуларынын ортосундагы талаштар, ошондой эле Орусия Федерациясынын башка субъектилери менен болгон талаштар.

У.А.: Арбитраждык соттун чечими боюнча даттанууга болобу?

Л.Д.: Кыргызстан соттун чечими боюнча даттана албайт, бирок төлөп берүүгө милдеттендирилген сумманы кайрадан карап чыгууга жетише алат. Кыргызстан эл аралык арбитраждардын чечимин таануу жөнүндөгү Нью-Йорк конвенциясына кол койгондуктан, ал компенсациянын өлчөмүн карап чыгуу өтүнүчү менен арбитражы чечим чыгарган мамлекеттин же шаардын сотуна же айыптоо тарап компенсация талап кылган мамлекеттин сотуна кайрыла алат.

Тагыраак айтканда, мисалы, Кыргызстан «Манас Банктын» мурунку ээси Валерий Белоконго 16,5 млн. АКШ долларын төлөп берүү чечимин чыгарган Париж эл аралык арбитражынын чечими боюнча компенсациянын өлчөмүн кайрадан кароо өтүнүчү менен Париж сотторунун бирине кайрыла алат.

Же Кыргызстан Кутесай кенин иштете албай калгандыгы үчүн кыргыз өкмөтүнөн 118 млн. АКШ доллар талап кылып жаткан «Станс Энерджи» компаниясына төлөп бериши керек болгон компесациянын өлчөмүн кайрадан кароо өтүнүчү менен Канада сотторунун бирине кайрыла алат.

Нью-Йорк конвенциясынын 5-беренесине ылайык, Кыргызстан соттун чечимин аткаруудан төмөндөгүдөй учурларда баш тарта алат:

  • эгер тараптар мыйзамга туура келбеген макулдашууга барган болушса
  • эгер каршы чечим чыгарылган тарап арбитрдин дайындалышы же арбитраждык териштирүү тууралуу тиешелүү деңгээлде кабардар болгон болбосо
  • эгер чечим арбитраждык макулдашуунун шарттарында каралбаган талаш-тартыштар боюнча чыгарылган болсо же талаш-тартышка соттун компетенциясынын тиешеси жок болгон болсо
  • эгер чечим чечим чыгарылган олкөнүн компетенттүү бийлиги тарабынан жокко чыгарылган болсо.
Кыргызстандын бийлиги «Станс Энерджини» кенди иштетүү лицензиясын казуу пландары жок алган деп айыптат, Кутесай кенин иштетүүгө тыюу салган. Учурда «Станс Энерджи» кыргыз өкмөтүнөн 118 млн. доллар өлчөмүндөгү компенсация талап кылууда
Кыргызстандын бийлиги «Станс Энерджини» кенди иштетүү лицензиясын казуу пландары жок алган деп айыптат, Кутесай кенин иштетүүгө тыюу салган. Учурда «Станс Энерджи» кыргыз өкмөтүнөн 118 млн. доллар өлчөмүндөгү компенсация талап кылууда

У.А.: Соттук териштирүүлөргө катышып жаткан кенди иштетүү укугу үчүн аукционго коюуга болобу?

Л.Д.: Териштирүүнүн кандай чечилээрин күтө туруу жакшы болот, анткени инвестор териштирүүлөр жүрүп жаткандыктан аукциондун жыйынтыктарын жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылышы мүмкүн.

Инвесторлор менен иш алып баруу тууралуу

У.А.:  Эми алдыда инвесторлор менен, алардын ичинде тоо кен тармагындагылары менен кандай мамиледе болуу керек?

Л.Д.: Түрдүү экономикалык тармактарды көзөмөлдөөнүн көптөгөн жолдору бар.

Мамлекет менен инвестор компаниянын акцияларынын бирдей үлүшүнө ээ болгон үлүштүк өнөктөштүк — өлкө үчүн бул анчалык жакшы тандоо эмес. Анткени мамлекет инфраструктурага акча жумшашы керек болот. Бирок бул вариант мамлекеттер тарабынан көбүрөөк пайдаланылат, анткени бир жагынан алар киреше алгылары келет, экинчи жактан — компанияны көзөмөлдөгүлөрү келет.

Бирок өкмөт жөнгө салуу саясаты аркылуу үлүштөрүн да, ошол эле маалда компаниянын үстүнөн көзөмөлүн да сактап кала алат.

Кирешелерди салыктар аркылуу алса болот. А көзөмөлдү өкмөт компаниянын менеджментинин ишмердүүлүгүн тартипке салууга шарт түзүү менен орното алат.

Бул тармакта [тоо кен тармагы] жөнгө салууну айлана-чөйрөгө көңүл буруу, жергиликтүү калктын пикирин эске алуу факторлорун эске алуу менен жүргүзүү зарыл.

Инвесторлорду тартуу үчүн салыктарды жеңилдетүү керек экендигин түшүнүп турам — алар ушундайды жакшы көрүшөт. Бирок көпчүлүк учурларда инвесторлор жеңилдетилген салыктар шартында да инвестиция салбай коюулары мүмкүн.

Чет элдик инвесторлорго ага караганда саясий туруктуулук, адилеттүү мыйзам, билим сапаты жана экономикалык бекемдик көбүрөөк маанилүү болот.

Лиз Джонсон Бишкекке «Өнүгүү үчүн минералдык ресурстар» аймактык программасы жана Эл аралык кызматташуу боюнча герман коомчулугу тарабынан уюштурулган «Өкмөт менен инвестордун ортосундагы талаштарды жөнгө салуунун принципптери: Өкмөттүн өз кызыкчылыктарын коргоодогу мүмкүнчүлүктөрү» семинарынын лектору катары келген.