Тарыхый фехтование фестивалы Бишкекте 26-октябрда өтүп, бул спорттун 100дөн ашык күйөрмандарын чогултту. Иш-чаранын алкагында Бишкек жана Алматы клубдарынын ортосунда орто кылым салгылашуулары болду.

IMG_0158_1

IMG_0065_1

Катышуучулар орто кылымдагы курал-жарактарды — кылыч, ай балта, чокмор, соот-шаймандар жана калкандарды колдонуу менен болгон күчү менен, чындап салгылашышты, деп ишендирди көрүүчүлөрдү иш-чаранын алып баруучусу.

IMG_0175_11IMG_0216_1

Анын айтымында, курал-жарактар 30 килограммга жакын салмакта болот.

IMG_0039_1IMG_0088_1

Салгылаштын катышуучуларынын курал-жарактары заманбап материалдардан жасалган орто кылымдагы рыцарлардын реконструкциясы болуп эсептелет.

IMG_0008_1IMG_0120-_1

Калкандар, мисалы, бири-бирине чапталган фанералардан жасалат.

IMG_0176_1

Фестивалдын уюштуруучусу Николай Потрясов Kloop.kgге фестиваль быйыл үчүнчү жолу өтүп жатканын жана мындан ары да жыл сайын өткөрүлө тургандыгын айтты.

IMG_0061_1

«Мунун бардыгы тарыхый орто кылым салгылашы деп аталат. Аны биз жыл сайын өткөрөбүз, анан өнүктүрөбүз, анткени бул эл аралык мелдеш болот. Бул азыр деле эл аралык мелдеш, бирок эмдиги жылы беш өлкөнү чакырууга ниеттенип жатабыз», — деди ал.

IMG_0209_1

Тарыхый орто кылым салгылашуусу — катышуучулары орто кылымдагы курал-жарактар менен куралданышып, өз ара салгылшкан спорттун түрү.

photoIMG_0023_1

Тарыхый орто кылым салгылашуусу тарыхый реконструкциялардын бир бөлүгү болуп эсептелет; салгылаштар болгон күчтө, чындап өтөт да, жыйынтыгына профессионалдуу калыстар баа беришет.

IMG_0069_1IMG_0135_1

Автор: Света Зеленская