«Алканов жана компания» ЖЧКсынын президенти Райкан Алкановго 18 жолу бычак сайышкан, деп билдирүүдө саламаттыкты сактоо министрлиги — окуя 26-октябрда Талас шаарында болгон. Алканов «Дордой» базарында жайгашкан «Алканов» базарынын башчысы болуп эсептелет.

Учурда Алканов Талас аймактык ооруканасына жаткырылды — милициянын болжолдуу маалыматы боюнча, анын ич көңдөйү тарапка 15 жолу бычак сайылган.

«Ишкер А.Р. 25-октябрда жеке иштери менен Бишкектен Таласка баргандыгы аныкталды. Айдоочусу аны үйүнө чейин жеткирип коюп кеткен. Эртең менен айдоочу көрсөтүлгөн үйдөн жаракат алган А.Рди таап, тез жардам кызматын чакырган», — деп билдирди Ички иштер министрлиги (ИИМ).

Милициянын маалыматы боюнча, ишкерге операция жасалган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Талас облустук бириккен ооруканасынын директору Шаршенбек Жумашалиевге шилтеме жасоо менен Алкановго 18 жолу бычак сайылгандыгын билдирди. Маалыматка ылайык,  ич көңдөйүнө сайылган бычактан улам анын ашказаны, ичегилери, көк боору жана боору жабыркаган.

«Аны борбордук саламаттыкты сактоо мекемелерине которуу жагы азырынча каралбай эле, анткени оорулуунун абалы туруктуу оор бойдон калууда жана аны башка жакка которуу азырынча ылайыксыз болот», — деп жазылган министрликтин пресс-релизинде.

Учурда ИИМ тарабынан жагдайдын чоо-жайы такталууда. Соттук медициналык жана башка экспертизалар белгиленди.

Андан сырткары кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө.

«Милиция бул кылмышка шектүү адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө», — деп билдирди ИИМ.

Азырынча ишкерге кол салуунун себептери белгисиз.

Сүрөт: журнал «#One Magazine»