Видео: Жааган кардан улам Бишкек-Ош жолунда унаа тыгыны пайда болду

21-октябрда жааган кардан улам Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусундагы бөлүгүндө жүздөгөн унаалардан турган тыгын пайда болду. Жүк ташуу унааларынын айдоочуларынын айымдарында, муниципалдык кызматтар жолдогу карды тазалап турбагандыктан ашууда мындай жагдай тез-тез болуп турат.

Күтүүсүз жааган кардан улам Ала-Бел ашуусундагы унаа кыймылы 21-октябрда оорлогон. Бир нече ондогон жеңил унаалар менен жүк ташуу унаалары тыгында туруп калышкан.

Айдоочулардын айтымдарында, ашууда мындай көрүнүш тез-тез болуп турат.

«Кышында дайыма ушундай болот. Эки күндүн биринде. Өзгөчө караңгы киргенден кийин. Эгер түн ичинде калып кала турган болсок, ушул жерде уктоого туура келет», — деди бензин ташуучу унаанын айдоочусу Олег.
Анын айтымында, мындай жагдайга кар тазалоого жооптуу кызматтар күнөөлүү.

«Тазалап, кум сээп туруу керек. Ошентсе мындай болбойт болчу», — дейт ал.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен мекеменин жамааты толугу менен автомобиль транспорту жана жол чарбачылыгынын жумушчуларынын күнүн майрамдоо иш-чарасына катышып жаткандыгын айтышып, жагдай боюнча эч кандай түшүндүрмө бере алышкан жок.

Ала-Бел ашуусу Суусамыр өрөөнү менен Чычкан өрөөнүн бириктирип турат. Ал деңиз деңгээлинен 3175 метр бийиктикте жайгашкан, бардык тарабынан тоолор менен курчалган. Ал аркылуу Бишкек-Ош унаа жолу өтөт.