Видео: «Парламенттин» номуру тагылган «Кадиллактын» катышуусундагы жол кырсыгы

Болжолдуу түрдө Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгына бекитилген мамлекеттик 3004 BS номурлуу «Кадиллак XTS» унаасы Бишкектин борборунда «Хонда Стрим» менен сүзүштү.

Кырсык 24-октябрда Бишкектин Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүндө болду.

Күбөлөр менен кырсыктын катышуучуларынын айтымдарында, «Кадиллак XTS» Фрунзе көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатып Ибраимов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жаткан «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн.

Жыйынтыгында «Кадиллак» 180 градуска оодарылып, арткы бөлүгү менен жол чырактын жашыл күйүшүн күтүп турган унааны барып сүзгөн.

«[Жол чырак] күйүп-өчүп баштаган, мен токтодум. Ал [«Хонда Стрим»] жашыл күйгөндө жылды, а тигил болсо [«Кадиллак»] кызыл күйгөнүнө карабастан токтобой келип Хонданы сүздү да оодарылып келип мага сүзүлдү», — деди Kloop.kgге кырсыктын катышуучусу.

«Кадиллактын» айдоочусу кырсык боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысын Тилек Оторов Kloop.kgге берген маегинде айдоочулар материалдык чыгымды төлөп берүү боюнча кырсык болгон жерде эле макулдашкандыктарын айтты.

Мамлекеттик мүлк фондунун сайтындагы маалыматка ылайык, «Кадиллакка» тагылган 3004 BS мамлекеттик номуру Жогорку Кеңештин иш башкармалыгына, бирок башка автоунаага бекитилген.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн парламенттин иш башкармалыгы жеткиликсиз болууда. Азырынча мамлекеттик номурдун парламентке таандык экендигинин башка ырастамалар жок.

Мамлекеттик «Кадиллактар» Кыргызстанга 2013-жылы кытай бийлигинин грантынын алкагында алынып келинген — анда кыргызстандыктар мындай белектин максатка ылайыктуулугунан шек санашкан.

Анда өкмөттүн өкүлү «Кадиллактар» — эл аралык меймандарды тосуп алууга арналгандыгын айтып түшүндүргөн.