Күндүн колдонмосу: Google компаниясынан «акылдуу» почта сервиси, Facebookтан анонимдүү түйүн

Google компаниясы жаңы Inbox «акылдуу» почта сервисин, а Facebook — анонимдүү талкуулар үчүн Rooms түйүнүн сунуштады.

Inbox

Gmailдин базасында жана Gmail аккаунттар менен гана иштеген Inbox колдонуучулардын көңүлүн маанилүү билдирүүлөргө гана бурат. Сервис Google компаниясынын Google Now издөө системасындагы иштеп чыгууларын пайдалануу менен автоматтык түрдө эң маанилүү билдирүүлөрдү тандап алат.

Ошондой эле убакытты үнөмдөп, почтанын эпсиздигин жөнөкөйлөштүрүү үчүн Inbox «лентадагы» каттарды окшош тематикалары боюнча топ-топко бириктирип, каттагы эң маанилүү маалыматты көрсөтөт. Мисалы, эгер катта тиркелген видеофайл бар болсо, аны көрүү үчүн каттын өзүн ачып кереги жок болот. Ал файлды «лентанын» өзүндө эле иштетсе болот, ошол эле учурда ал тиркелген объектилер менен гана иштебейт. Эгер сиз сатып алган буюмуңуздун акчасын интернет-сервис аркылуу төлөгөн болсоңуз почтаңызга билдирүү келет, «лентада» ал билдирүүнүн башталышы эмес, а канча акча төлөнгөндүгү көрсөтүлгөн бөлүгү көрүнөт.inbox-nexus6-500

Көпчүлүк серепчилер Inbox — ыңгайлуу почта сервиси гана эмес, органайзер болуп эсептелээрин белгилешүүдө. Inboxто эскертүүнүн өзүнүн системасы иштейт, каалаган катка эскертүү менен максат коюп койсо болот, өз кезегинде ал көрсөтүлгөн убакытта гана эмес, каалаган геолокацияда билдирет.

Inboxтун Gmailди алмаштырбагандыгы жана аны iOS менен Androidго жүктөп алууга боло тургандыгы, бирок инвайтсыз ишке киргизүүгө мүмкүн эместиги азырынча сервистин эксперименталдуу жана келечегинин бүдөмүк экендигин көрсөтүп турат.

Сервисти колдонууга инвайт (чакыруу) алуу үчүн inbox@google.com дарегине билдирме жөнөтүү керек болот.

57Rooms

Rooms — түрдүү темалар боюнча анонимдүү талкууларды жүргүзүүгө арналган колдонмо. Ал кадимки Facebook менен жылдын башынан бери көптөгөн компраматтар пайда болгон Secret колдонмосунун ортосундагы бир нерсени элестетет.

Колдонмодо «бөлмөнүн» автору талкуунун темасын коюп, алгачкы билдирүүсүн жарыялайт. Rooms өзүн анонимдүү сервис катары сунуштоодо, анткени ар бир өзүнчө бутак үчүн колдонуучуга жаңы никнэйм ойлоп табууга туура келет.

Андан соң каалаган колдонуучу авторго же талкуунун катышуучуларынын бирине сурам жөнөтүп, «бөлмөгө» кирүүгө уруксат сурай алат. Ар бир «бөлмөдө» жаш курагына карап чектөөлөрдү жана билдирүүлөрдү жарыялоонун эрежелерин жөндөп коюууга болот.

Roomsту программист Джош Миллер иштеп чыккан. «Secret менен Facebookтун Whisperинин атаандаштары» тууралуу ушактар алгач үстүбүздөгү жылдын октябрында пайда болгон. Дал ошондо The New York Times гезити Branch стартабын 2013-жылы Марк Цукербергдин корпорациясы сатып алган Миллер анонимдүү сүйлөшүү үчүн сервис даярдап жаткандыгын жазган.

Учурда колдонмо америкалык App Store дүкөнүндө гана жеткиликтүү.