Видео: Политехтеги өрттөн эч ким жаракат алган жок

Кыргыз техникалык университетинин (Политех) чатыры менен үчүнчү кабатынын бир бөлүгүндө 23-октябрь күнү болжол менен таңкы саат 4төр чамасында өрт башталган. Азырынча өрттүн чыгуу себептери белгисиз. Болжолдуу маалыматтар боюнча, эч ким жаракат алган эмес.

Бишкек шаарынын өрткө каршы коопсуздук башкармалыгынын башчысы Зарылбек Алжанов Kloop.kgге берген маегинде өрттү өчүрүүгө тогуз өрт өчүрүү бөлүмү катышканын билдирди — айтымында, от тутанган жердин жалпы аянты 700 чарчы метрди түздү.

«Өрт өчүрүү бөлүмдөрү жетиштүү болду. Университеттин аймагында гидранттар иштебейт. Өрттү өчүрүүгө биз суу ташып келүү менен гана жетише алдык», — деди ал.

Анын айтымында, азырынча өрттүн чыгуу себептери белгисиз. Жаракат алгандар жок.