Орусия 2015-жылы бензиндин кымбаттай тургандыгын убадалоодо

Орусия өкмөтүнүн вице-премьери Аркадий Дворкович мунай өндүрүүгө болгон салыктардын жогорулагандыгы тууралуу билдирди. Мындан улам 2015-жылы бензиндин баасы көтөрүлөт. Кыргызстандын нефтетрейдерлер бирикмеси күйүүчү-майлооочу майдын Орусияда кымбатташы кыргыз рыногуна таасирин тийгизе тургандыгын, бирок «орусиялык отунга башка альтернативалардын пайдасыз» экенин билдирүүдө.

22-октябрда Орусиянын отун-энергетикалык тармагын башкарган вице-премьер-министри Аркадий Дворкович мунай тармагындагы салыктардын жогорулагандыгынан улам бензинге болгон баалардын көтөрүлө тургандыгын убадалады, деп билдирди «Форбс» журналынын орус басылмасы.

21-октябрда Мамлекеттик думанын депутаттары пайдалуу кендерди иштеп чыгарууга болгон салыкты жогорулатуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Дворкович күйүүчү-майлоочу майлардын канчага кымбаттай тургандыгын тактап айткан жок, ал орусиялык парламенттин «конкреттүү чечимдерине» жараша болорун белгиледи.

«Биринчи кезекте бензинге болгон баалар өндүрүштүк чыгымдарга жана акциздерге көз каранды болот. Акыркы кездерде бизде акциздер жогорулаган, чыгымдар деле албетте азайбай эле, ошондуктан бензинге болгон баалар көтөрүлүүдө. Мында мунайдын дүйнөлүк баасынын тиешеси жок», — деп жазган «Интерфакс» маалымат агенттиги Орусиянын вице-премьеринин айткандарын.

«Кыргызстанга таасири тиет»

Кыргызстандын нефтетрейдерлер бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов Kloop.kgге берген маегинде күйүүчү-майлоочу майларга болгон баалардын Орусияда көтөрүлүшү республикадагы бааларга таасирин тийгизе тургандыгын билдирди.

«Негизинен биз [күйүүчү-майлоочу майды] Орусиядан алып жаткандыктан эгер орусиялык мунай кымбаттай турган болсо — ал мунай продуктуларынын биздеги бааларына да таасирин тийгизет», — деди ал.

Кулов күйүүчү майдын канчага кымбаттай тургандыгын айтып бере алган жок, бирок бензиндин баасы салыктарга гана эмес, Кыргызстандагы доллардын кымбатташына да көз каранды болорун кошумчалады.

«Биз күйүүчү-майлоочу майды доллар менен сатып алып, аны кайра сом менен сатып жаткандыктан, эгер доллардын куну өссө анда сом менен сатууда бизге да бааларды көтөрүүгө туура келет», — деди ал.

Улан Кулов Кыргызстанга күйүүчү майды башка өлкөлөрдөн алып келгенге караганда Орусиядан алып келген пайдалуу экенин айтат, бирок аны менен катар күйүүчү-майлоочу майды өлкө ичинде өндүрүүнү өнүктүрүүнү сунуштайт.

«Альтернативалар бар, бирок тилекке каршы азырынча анча пайдалуу эмес, атаандаштыкка туруштук бере албайт, анткени биз күйүүчү-майлоочу майды Орусиядан экспорттук салыктарсыз сатып алып жатабыз. [...] Дагы бир жол бар — ички өндүрүштү өнүктүрүү. Бизде, Кара-Балтада мунайды кайра иштетүүчү завод бар, биз ал заводду сырье менен камсыз кылуу маселесин чечүү боюнча өкмөткө сунуштама жөнөткөнбүз», — деп түшүндүрдү ал.

Буга чейин, сентябрдын башында, Кыргызстандын нефтетрейдерлер бирикмесинин мурунку башчысы Жумакадыр Акенеев республикада бензиндин баасы жылдын башына салыштырмалуу 20 пайызга кымбаттай тургандыгын айткан — жыл башында АИ-92 45,8 сом, а дизель отуну — 44,5 сомдон болчу.

Мунайдын дүйнөлүк баасынын төмөндөшү

2014-жылдын июнунун ортосунан баштап мунайдын баасы 25 пайызга төмөндөп, бир баррели үчүн 80 долларга чейин арзандады.

Тема боюнча: Инфографика: Кыргызстанда акыркы 12 жылдагы бензин баасынын өсүшү

Акыркы жолу мунайдын баасы 2010-жылы ушундай деңгээлде болгон, анда да баррелинин баасы 80 долларды түзгөн.

Citigroupтун сырьелук рынокторду анализдөө глобалдык бөлүмүнүн директору Эд Морстун айтымында, мунайдын баасынын төмөндөшүнө эки багыт: Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Африкадагы экспорттоочу өлкөлөрдөгү кагылышуулар менен геосаясий көйгөйлөр, ошондой эле АКШдагы сланец мунайын өндүрүүнүн көлөмү таасир этет.

«Башка факторлор да өз таасирин тийгизет. Дүйнөлүк экономика алсыз, мунайга болгон суроо-талап өтө кичинекей темп менен — күнүнө 1 баррелден ашпагандай өсүүдө», — деп жазган Морс Financial Times гезитине.

Аны менен катар Орусия бийлиги жакынкы убактарда мунайдын баасы кайрадан 1 баррели үчүн 90-100 долларга чейин жогорулай тургандыгын билдирүүдө.

Автор: Александра Ли