«Америкалык стартаптар» сериясы:

I бөлүк: Өсүп-өнүккүсү келбеген компания
II бөлүк: Элдин акчасы менен көтөрүлгөн компания

Калифорниянын Кремний өрөөнүндө акчанын көп экендигине карабастан анда да стартап үчүн инвестор табуу жеңилге турбайт. Бирок эгер компания алгач краудфандинг — элден акча чогултуу — жолун  тандап ала турган болсо инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгү кыйла жогоруйлайт.

Кремний өрөөнүндөгү көптөгөн стартаптар сыяктуу эле «Бёрди» да кеңсеси үчүн мурунку гараждын имаратын ижарага алган.

Кеңсенин жасалгасы Калифорниядагы модалуу тенденциялар боюнча атайылап тыкан эмес, эч нерсе жок пол менен стилдүү эмерек, өсүмдүктөр отургузулган идиштер жана сүйлөшүүлөргө ылайыкташтырылган боз үй сымал өзүнчө бөлмөлөрдүн айкалышын элестетет.

«Бёрди» жыйнакталып жасалгаланган, анча чоң эмес көлөмдөгү жумуру аппараттарды чыгарат — компаниянын негиздөөчүлөрү алар эскирип калган өрт сигнализацияларын алмаштырат деген ишенимде.

Бүгүнкү күндө компания бутуна турган, анын негиздөөчүсү Марк Белинский сыймыктануусун жашырбайт — жакынкы күндөрү Кытайда жасалган аппараттар алгачкы кардарларга жетет.

«Бёрдинин» кеңсесине саякат:

Кармап көрүүгө мүмкүн болгон стартап

Компаниянын продуктусу онлайн-сервис эмес, а кармап, сезүүгө боло турган чыныгы продукт болуп эсептелгендиги үчүн «Бёрди» Кремний өрөөнү үчүн анчалык деле типтүү стартап эмес.

Белинский аппараты дүйнөдөгү бардык үйлөрдө алмаштыргыс буюмга айланса деп кыялданат — ал түтүндүн пайда болгонуна, истүү газдын деңгээлинин жогорулашына жана абанын булганышына реакция жарата алат.

Бирок салттуу сигнализация системаларынан артыкчылыгы — «Бёрди» коркунуч тууралуу билдирүүнү мобилдик телефонго жөнөтөт.

«Бёрдинин» алгачкы прототиптеринин бири
«Бёрдинин» алгачкы прототиптеринин бири

Белинскийге аппаратты ойлоп табуу идеясы чоң энеси — Нью-Йоркто жашаган орус тилдүү иммигрант — 2012-жылдагы Сэнди бороонунун кесепеттеринен жабыр тарткандан кийин келген.

Жылуулук берүү системасы жок калган ал үйүн газ плиталарын жандыруу менен жылыткан, өз кезегинде ал истүү газдын деңгээлин коркунучтуу чектерге чейин жеткирген.

«Чоң энемдин телефонуна чалып, ага өзүнүн орус тилинде өзгөчө кырдаал тууралуу эмне болуп жаткандыгын кабарлап, түшүндүрүп бере ала турган аппарат болсо сонун болмок деген ойго келгем», — дейт Белинский.

Анан Марк менен анын досу Джастин Элви үйдө бир жаман нерсе болуп жаткандыгы тууралуу мобилдик же шаардык телефонго билдирүү жөнөтүп турган аппарат иштеп чыгуу чечимине келишкен.

Элдин акчасы

Болжолдуу түрдө 70-жылдардын аягынан тарта АКШны технологиялык ойлоп табуулардын саны боюнча лидерге айланткан стартаптарды каржылоо маданияты калыптана баштаган.

Анын алгоритми болжол менен төмөндөгүдөй болгон — эгер ойлоп табуучуда кандайдыр бир идея пайда болсо, ал дароо эле акча алуу үчүн капчыгы калың адамдарга барбайт.

Алгач ал minimum viable productка, тактай айтканда, минималдуу жетиштүүлүктөгү функционалдуу продукт чыгарууга даярданышы керек болот. Ал бетачар үчүн түзүлгөн үлгүсү эмес — а бир нерсе кыла алган жана кардарларга сатыла турган продуктунун өзү болот.

Эгер продукт ийгиликтүү болсо — мисалы, аны сатып алып, басма сөз каражаттары ал тууралуу жазып, социалдык түйүндөрдө аны жигердүү талкуулап жатышса — анда, эреже катары инвестор өзү эле табылат.

«Сизлер бир нерсенин үстүнөн иштеп жатканда инвестор тууралуу таптакыр ойлонбошуңар керек. Продуктту түзүп жатып таптакыр инвестор болбойт деп элестеткиле. Бирок эгер сиз адамдарга жаккан, укмуштуудай бир нерсе түзүп чыксаңыз, анда инвестор сизге өзү биринчи келет», — дейт ойлоп тубуучулар менен инвесторлордун ортосунда байланыш түзүүгө жардам берип келген «Стартап грайнд» компаниясынын негиздөөчүсү Дерек Андерсен.

Стартаптын ийгиликтүүлүгү негизинен анын кирешелүүлүгү же продукттун популярдуулугу менен аныкталат.

Бирок «Бёрдинин» балдары коомчулуктун көңүлүн бурдуртуунун анча таралбаган, бирок популярдуулугу артып келе жаткан элден акча чогултуу же краудфандинг ыкмасын пайдалануу чечимине келишкен.

2013-жылдын декабрында алар «Инди Гоу Гоу»  (IndieGoGo) веб-сайтында каражат чогултуу боюнча өнөктүктү башташкан. Албетте адамдарга көрсөтө турган бир нерсе бар болсун деп алгач бир нече прототибин даярдашкан.

Алгачкы топтолгон миллионго жакын каражат

«Бёрдинин» иштеп чыгуусу колдонуучулардын көңүлүн биринчи кезекте өзүнүн кеңири жайылган эскертүү кызматы менен бурган.

Мисалы, Белинский менен Элви «Инди Гоу Гоудогу» өнөктүктө балдарга камкордук көрүүнү пайдаланышкан.

«Балдар бөлмөсү: истүү газдын коркунучтуу деңгээли аныкталды. Терезени ачуу кеңешин беребиз», — каражат топтоо өнөктүгү үчүн тартылып алынган «Айфондогу» «Бёрдинин» колдонмосунда дал ушундай деген жазуу жазылып турган.

Жыйынтыгы компаниянын негиздөөчүлөрү күткөндөн да ашып түшкөн — колдонуучулардан 50 миң доллар сурап, алар эки айдын ичинде эле 72 миң доллар чогултушкан, тактап айтканда, сураган суммадан дээрлик бир жарым эсеге көп топтошкон.

Эми Андерсен сыяктуу эксперттердин кеңештерине карабастан кайраттуулук менен инвесторлорго барууга болот.

Марк Белинский
Марк Белинский

«Ар бир стартаптын ийгиликке жетишүүдө өз жолу бар, өзгөчө ал жолдордун көп түрдүүлүгүнүн көбөйүп гана жаткандыгы кубандырат», — дейт Белинский.

«Бёрдинин» командасы стартаптар долбоор үчүн алгачкы акча жумшоочуларды — периште-инвесторлорду таба турган «Эйнджел Лист» (Angel List) веб-сайтына катталышкан.

«Эйнджел Лист» катышуучуларынын курамы менен таң калтырат — мисалы, ар сервиске 43 компанияга акча жумшаган актёр Эштон Кутчер кирип турат.

Анда күн сайын кезектеги стартаптын жүздөгөн, кээ бирде миллиондогон суммадагы акча алып жаткандыгына күбө болууга болот. Албетте, жаңы ачылган компаниялардын ортосундагы атаандаштык өтө чоң, бирок «Бёрди» аны жеңип чыга алган.

«Эйнджел Лист» аркылуу Белинский менен Элви бир жылдын ичинде эле 700 миң доллар чогулта алышкан — анда краудфандинг өнөктүгү чоң ролду ойногон.

Алгачкы жеткирүү

Учурда стартаптын түйшүгү бир аз башкача мүнөзгө ээ болууда — сертификаттарды алуудагы бюрократиялык кыйынчылыктар.

Мындан улам «Бёрдинин» алгачкы үлгүлөрүн «Инди Гоу Гоу» аркылуу төлөгөн кардарларга жеткирүүнү токтото туруугу туура келген (өз кезегинде ал аталган сервисте нааразы болгон пикирлердин жаралышына жол ачкан).

Бирок азыр зарыл сертификаттардын бирин — абанын булгануусун текшерүү үчүн керектүү сертификатты — алышкан. Жакынкы айларда аппараттын тесттик үлгүлөрү алгачкы кардарларга жеткирилип берилет.

Идеянын пайда болуп, ишке ашуусуна болгону эки жыл талап кылынган.

«Америкалык стартаптар» сериясы:

I бөлүк: Өсүп-өнүккүсү келбеген компания
II бөлүк: Элдин акчасы менен көтөрүлгөн компания