Жан Воинов бий боюнча АКШдагы дүйнөлүк чемпионатта биринчи орун алды [+видео]

Бийчи Жан Воинов World Of Dance San Diego чемпионатынын All Styles Battle сынагында биринчи орунга ээ болду. Сынакка бийчи Кыргызстандын атынан катышкан.

Видео: Воиновдун All Styles Battle сынагынын жарым финалындагы бийи:

АКИpress агенттигинин билдирүүсү боюнча, чемпионатта Воинов өзүнүн жеке номурун аткарган. World Of Danceтын расмий сайтында анын бийлегени тартылган видеону көрүүгө болот. Бийчи сынакка Jan «Jan Funky» Voinov деген каймана ат менен катышкан.

Воиновдун өзү билдиргендей, чемпионатка беш жүздөн ашык бийчи катышып, аларга алты миңге чукул көрүүчү көз салып турушкан.

Тема боюнча: Жан Воинов Голливудду багындырып жаткан Кыргызстан бийчиси

World Of Dance — Дэйв Гонзалес тарабынан негизделген калифорниялык бий өнөктүгү. Америка кошмо штаттарында заманбап бийлер боюнча ири мелдештерди өткөрүп келет.

Иш-чаралар АКШ менен Улуу Британиянын 14 шаарында өтөт. Les Twins бий-дуэти дал World Of Dance тарабынан өткөрүлгөн сынактардын биринде жеңишке ээ болгондон кийин дүйнөлүк дэңгээлдеги атактуулукка жеткен.

Жан Воинов — поппинг жана локинг стилдеринде бийлеген он сегиз жаштагы бийчи. Жакынкы убактардан бери Лос-Анджелесте жашайт. Көптөгөн эл аралык бий сынактарынын жеңүүчүсү.