Парламент депутат менен ЖКК башчысынын ортосундагы чатакташууну териштирет [+видео]

Парламенттин профилдик комитеттери «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Кантемир Мурзабеков менен Жол кайгуул кызматынын (ЖЖК) башчысы Талантбек Исаевдин ортосундагы чатакташууну териштиришет.

Парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков 22-октябрда этика жана укук тартиби боюнча комитет депутат Мурзабеков менен ЖККнын Талантбек Исаевдин ортосундагы чатакташууну териштире тургандыгын билдирди — алардын кайым айтышып жаткандыктары тартылган видео 21-октябрда интернетке жарыяланган.

Мурзабековдун өзү парламенттин бүгүнкү, 22-октябрдагы жыйынында ЖКК инспекторлору анын унаасын 20-октябрда «белгисиз себептер менен» токтотушуп, документтерин талап кылгандыктарын билдирди.

«Мен мамлекеттик 0025 KG номурлуу кызматтык унаам менен кетип бара жаткам, ошол маалда генерал-майор [Талантбек] Исаев белгисиз себептер менен менин унаамды токтотуп, документтеримди талап кылып баштады», — деди ал.

Депутаттын пикири боюнча, Жол кайгуул кызматынын башчысы анын унаасын «өчөшүп» токтоткон.

«28-августта болжол менен ушуга окшогон окуя болгон. Түштөнүү маалында Эски аянттагы Абдымомунов көчөсү менен кызматтык унаамда бара жатканда алар [ЖКК инспекторлору] мени  кууп жетишип, токтотушкан. Анан өз күбөлүктөрүн көрсөтпөстөн эле менден документтеримди талап кылып башташкан», — деди Мурзабеков.

Депутаттын билдирүүсүнө ылайык, анда ал ИИМдин мурунку башчысы Абдылда Суранчиевге кат жөнөтүп, мекеменин жетекчилиги Исаев менен «маектешкендиги» жазылган жооп алган.

«Мен бул жагдайды түшүнө албай турам. Ал адам мыйзамдарды бузуп жатат. Мага мыйзамдар баары бир болсо токтобой өтүп кетип калмакмын», — деп билдирди депутат.

Анда Жол кайгуул кызматы Мурзабековдун унаасы алдыңкы капталдарындагы айнектери караңгылатылгандыгы үчүн токтотулгандыгын билдирген.

Исаевдин өзү болсо маалымат каражаттарына Мурзабековдун унаасы токтотулгандан кийин ал Жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгынын жетекчиси Эрлан Атантаевди «сөгүп жибергендигин» билдирген.

Бул Исаевдин мыйзам чыгаруучулар менен болгон биринчи чырлашуусу эмес — 2014-жылдын октябрынын башында ал «Азаттык» радиосуна берген маегинде парламентарийлер мамлекеттик номурларын «достору менен тааныштарына» берип жаткандыктарын айтып, эл өкүлдөрүн айыптаган.

Аны менен катар ал инспекторлор принциптүүрөөк болуп — унаасына кандай мамлекеттик номурдун тагылганына карабастан жол эрежесин бузгандардын бардыгына айып сала тургандыктарын убадалаган.

«Бир нече күн мурун эле документтерин текшерүү үчүн төрт сандан турган KG номурлуу унааны жеке өзүм токтоттум. Көпчүлүк учурларда андай номурлар менен парламент депутаттарынын туугандары же тааныштары жүрүшөт — Жол кайгуул кызматынын инспекторлору аларды текшербейт деп ойлошот. Текшергенде да кандай текшеришет!» — деген анда Исаев «Комсомольская правда» гезитине берген маегинде.

СүрөтKnews.kg