Видео: Виртуалдуу реалдуулуктун Oculus Rift туулгасы Бишкекте

Oculus Rift DK — виртуалдуу реалдуулук туулгасынын биринчи мууну — «Бишкек Парк» соода борборунда пайда болду. Ээсинин айтымында, азырынча анда он гана оюн ойноого болот.

Oculus Rift — компьютер оюндары үчүн колдонмо катары түзүлгөн виртуалдуу реалдуулуктун туулгасы. Туулганы 2013-жылдан тарта чыгарып башташкан, учурда анын эки үлгүсү бар: Development Kit (DK) жана Development Kit 2 (DK2).

«Бишкек Парк» соода борборунда азырынча биринчи муундагы Oculus Rift үлгүсү орнотулган, аттракциондун ээси Куба Жунусовдун айтымында, бир айдан соң туулганын экинчи версиясы да пайда болот.

Жунусов Oculus Riftту сатып алып, Бишкекке алып келүү идеясы Орусияда ойноп көргөндөн кийин пайда болгондугун айтты.

«Соода борборунда сейидеп жүргөндө көрүп калдым, мага кызык болду, жанына барып ойноп көрдүм, жагып калды. Мен Кыргызстанда мындай аппараттын жок экенин билчүмүн. Биздин эл үчүн жаңылык болот дедим», — деди ал.

Ал туулганы Орусиядан сатып алган жана ага «чоң акчаларды» жумшагандыгын мойнуна алды.

Oculus Riftтун Орусиядагы расмий өкүлүнүн сайтында сатыкта биринчи үлгүсү жок, а жарыяларды жайгаштырган Avito ири сайтында анын баасы 32 миң рублге (43 миң сомго жакын) жетет.

Экинчи муундагы туулгага азыртадан эле буйрутма жөнөтө берсе болот — анын баасы 64 800 рублге (89 миң сомдон ашык) жетет.

Туулганын ээсинин айтымында, ал аппаратты колдонуу боюнча атайын окуулардан өткөн.

Аппаратты «Бишкек Паркка» үстүбүздөгү жылдын сентябрынын аягында орнотушкан. Жунусовдун айтымында, «аттракцион адамдарга жагып жатат».

«Эң башкысы саны эмес, а сапаты — адамдар жылмайып, кубанышсын», — деди ал.

Улугбек Акишевдин оюн тууралуу пикири

Чынын айтканда, алгач виртуалдуу реалдуулук туулгасына репортаж жасоо үчүн чыгаарда гана кызыгып калдым. Ооба, ага чейин техно-блоггерлердин революциялык иштеп чыгуу экени, укмуштуудай таасир калтыра тургандыгы жөнүндөгү жүздөгөн жазууларын окугам, бирок анча кызыккан эмесмин.

Анан мына мага туулга кийгизип, кулакчын тагышкан соң алдымда деңиз жээгиндеги орто кылымдык сепилдин арасында америка дөбөчөсүнүн рельстери пайда болду.

Андан да чыныгы реалдуулукту түзүү үчүн аттракциондун ээси дайыма бир нерселер жөнүндө сурап турду: Каякта жүрөсүң? Эмнени көрүп атасың? Эмне сезип атасың?, деп.

Рельстер чукул төмөн жылып, мен турган тактай тез ылдамдык менен жолдордун багыты боюнча кеткен учур кызык болдуошол учурда адреналин күчөдү.

Жалпысынан, аттракцион кызыктуу экенанда «атышкан» же жарышкан оюндарды ойноп көрсө сонун болчудай. Бирок андагы сүрөттөлүштүн сапаты адаштырып жиберип жатты — кийинки муундагылары, өзгөчө колдонуучу версиясынын дааналыгы жакшыраак болот деген үмүттөмүн.

Жунусовдун айтымында, кардарлар он оюндун бирөөсүн тандап алышса болот.

Oculus Riftке арналган оюндардын атайын адистештирилген баракчасына ылайык, учурда 70тен ашык оюндун иштеп чыгуучулары оюндарын туулгага киргизишкен — тактап айтканда, ал оюндарды Oculus Rift менен ойноого болот.

«Алгач, аппаратты алып келгенимде отуруп алып адамдарга түшүндүрүүгө туура келчү, а азыр алар муну жакшы өздөштүрүшкөн. [...] Азыр алар эмне ойноого келгендиктерин билишет», — деди аттракцион ээси.

Oculus Rift менен колдонуу үчүн оюндар иштеп баштай турган компьютерге туташып, үнүн угуу үчүн кулакчын тагынуу керек.

Виртуалдуу реалдуулук туулгасы

Виртуалдуу реалдуулуктун Oculus Rift туулгасы жөнүндөгү маалымат алгач 2012-жылы пайда болгон — анда иштеп чыгуучулар ал тууралуу «Doom 3» деп аталган оюндун жаңы версиясынын бетачарында сөз кылышкан, ал эми бир нече айдан кийин Kickstarter платформасында акча топтоо жөнүндө билдиришкен.

Туулганын алгачкы үлгүсү 2013-жылдын жай айларында сатыкка коюлган, а 2014-жылдын мартында компанияны «Фэйсбук» социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Марк Цукерберг 2 млрд. АКШ долларга сатып алган.

2014-жылдын июлунда компания экинчи муундагы DK2 үлгүсүн иштеп чыккан, а сентябрда коомчулукту үчүнчү үлгүсү — Oculus Rift менен тааныштырган.

Компаниянын убадаларына ылайык, 2014-жылдын соңуна карата туулганын массалык өндүрүшкө чакталган Consumer Version (CV1) версиясы пайда болот. Ал версиянын 300 доллардын айланасында болору белгилүү.